Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Чатакташкан чекист УКМКдан кечирим сурады


Ильяз Амангазиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) 2011-жылдан бери иштеген. 
Ильяз Амангазиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) 2011-жылдан бери иштеген. 

Социалдык тармактарда "мас абалында жаш балдардын бассейнинде сууга түштү” деп сөз болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери Ильяз Амангазиев иштен алынды.

Мурдагы кызматкер өзү жалаадан жабыркап калганын айтууда. Анткен менен бир батирдин тургундарынын чөйрөсүндө чыккан чыр мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигине жана өзүн алып жүрүү маданиятына байланышкан маселени коомчулукта көтөрдү.

УКМКнын мурдагы кызматкери Ильяз Амангазиев 13-июлда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрдү. Амангазиев анын катышуусундагы окуя боюнча түшүндүрмөсүн берип, УКМКнын жетекчилигинен кечирим сурады:

- Жетекчиликтен кечирим сурайм. Мага болгон жалган жалаадан улам жумушумдан айрылдым. Бир бассейн үчүн жумуштан алынганым туура эмес деп ойлойм. Ал бассейн жаш балдар үчүн эмес, үйдүн жашоочулары үчүн курулган бассейн болчу. Тереңдиги 1 метр 70 сантиметр. Бул тууралуу документтер колумда турат. Мен дем алыш күнү үйдүн тургуну катары бассейнге түшкөм. Мен тасмада эч кимди сөккөн жокмун. Болгону "менин сууга тушкөнгө укугум бар" дедим. Чынында ал жердин тургуну катары менин укугум бар болчу.

10-июлда Бишкектин Панфилов көчөсүндөгү көп батирлүү үйдүн жашоочулары өздөрүнүн кошунасы, "УКМК кызматкеримин" деген Ильяз Амангазиев менен болгон кайым айтышты видеотасмага тартып, "Фейсбук" социалдык тармагы аркылуу жайылтып жиберишкен. Тасмага кошуналары Амангазиевди "мас абалында жаш балдардын бассейнине түштү" деп нааразылыгын билдирип, андан чыккан кайым айтыш түшүрүлгөн. ​Амангазиев окуянын чоо-жайын баяндап, анын дарегине айтылган сындарды четке какты:

- Окуя жекшемби күнү болуп жатат. Мен досторум менен ишемби күнү майрамдаганбыз. Диплом алганымды белгилегенбиз. Бирок ал күнү мас эмес болчумун. Короодогу бассейнге келип түшкөм. Аба ырайы ысык болчу, ал бассейн баарыбызга тиешелүү. Мен анда түшкөнгө укугум бар экенин гана айтып жаттым. Күбөлүгүмдү көргөзүп, кызматым менен эч кимди коркуткан эмесмин. Мен тургун катары жашаган жеримдеги бассейнге түшүп жатам. Башка жакта болсо бир жөн эле.

Бишкек шаары. Панфилов көчөсүндөгү бассейн.
Бишкек шаары. Панфилов көчөсүндөгү бассейн.

​Сөз болуп жаткан бассейн Панфилов көчөсүндөгү көп батирлүү үйгө гана тиешелүү. Турак жайды салган ишкана аны колдонуу укугун тургундарга өткөрүп берген. Мындагы жашоочулардын биринин айтымында, тереңдиги 1,70 метрлик бассейн жайдын башынан бери жаш балдар үчүн иштеп жаткан:

- Бул турак жай болгондуктан "эркек, аял кишилер жарым-жылаңач жүргөнү туура эмес" деп, жаш балдар үчүн колдонуу жөнүндө чечим чыгарганбыз. Жыйында санитардык нормаларды эске алып, ар бир баладан 50 сомдон чогултмакпыз. Бул акча бассейнди тазалоо жана балдардын коопсуздугу үчүн жумшалмак. Уюштуруу иштерин төрт тургун мойнуна алган. Алардын бири бул окуяны тасмага түшүрүптүр. Тургундардын көпчүлүгү УКМК кызматкерине нааразы. Ал мындай кызматтагы адамга жаза жок деп ойлойт экен. Бул окуядан кийин бассейнди жаап салууну ойлоп жатабыз.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, коомчулуктун талкуусуна түшкөн бул окуядан кийин тиешелүү коопсуздук кызматкери иштен алынды. Мындай чара кызматтык териштирүүдөн кийин колдонулган.

Бир көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын чөйрөсүндө чыккан бул чыр социалдык тармактарда мамлекеттик кызмат адамдарынын коом алдындагы жоопкерчилигине жана өзүн алып жүрүү маданиятына байланышкан маселени көтөрдү.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов коопсуздук кызматкеринин жоопкерчилиги өзгөчө болушу керек деп эсептейт:

- Ар бир чекист, атайын кызматтын кызматкери этикалык кодексти эске алышы керек. "Адилеттүү бол, кичи пейил бол, үстөмдүк кылба" деген өңдүү этикалык нормаларды сактап жүрүшү керек. Ар бири күнүмдүк турмушта да бул эрежелерди эске алышы керек. Ал мүмкүн болушунча эл алдына чыкпай, көрүнбөй жүрүшү керек. Ал мындай терс окуялардын каарманы болбошу зарыл. Бүтүндөй мамлекеттин коопсуздугун сактаган адамдын жаш баладай кылык көрсөткөнү туура эмес.

Жактоочу Тургунбек Суванов болсо Амангазиев тасмадагы окуя боюнча мыйзам чегинде өз аброюн коргой алат деген пикирин билдирди:

- Дем алыш күнү Амангазиевдин эс алганга укугу бар болчу. Тасмада аны эмоцияга алдырып, урушканга жеткиришкен. Менимче, бул жерде Имангазиев тараптан мыйзам бузуу катталган эмес. Амангазиев тасманы социалдык тармактарга жайгаштырган адамга каршы жалган жалаа боюнча арыз жазса болот. Мындан сырткары, УКМКга сот аркылуу актыгын далилдөөгө укуктуу.

Бул Амангазиевдин коомчулукта чуу жараткан алгачкы окуясы эмес. Буга чейин "УКМКнын кызматкери Казакстандан уурдалып келген "Лексус 570" унаасын айдап жүргөнүн" жергиликтүү жана Казакстандын маалымат агенттиктери жазып чыкан. Амангазиевдин жактоочусу унаа анын жакындарына тиешелүү экендигин жана бул иши боюнча сот болуп, машине казакстандык эсине кайтарылганын билдирген. Ильяз Амангазиев УКМКда 2011-жылдан бери иштеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG