Линктер

жекшемби, 22-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 01:18

Депутат менен айыл өкмөт башчы мушташты


Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты апасы менен кошо айыл өкмөт башчысынан таяк жеди деп ооруканага түштү.

Жабыркаган депутат айыл өкмөттүн ишин такай сындаганы үчүн сабалганын айтууда. Бирок айыл өкмөт башчысы тарап мушташтын жөнүн тек гана турмуштук келишпестик менен түшүндүрүп, анын депутаттык ишмердүүлүгү мушташка себепкер болгон эмес деп турат. Таяк жеген депутаттын арызы боюнча айыл өкмөт башчысынын эки баласы кармалды.

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Уларбий Байгожоев айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Ормокеевден таяк жегенин айтып, «Азаттыкка» 2-сентябрда кайрылды. Учурда ал апасы менен кошо ооруканада дарыланып жатат. Депутат жайлоодон жалгыз кайтканда алдынан чыккан айыл өкмөт башчысы жолун тороп, мылтык кезегенин айтты. Мылтыгын колунан жулуп алып, айылга келгенден кийин чатак кечинде үйүндө уланганын кошумчалады.

«Жайлоодон «портеримди» минип, жалгыз кайткам. Тар жолдо айыл өкмөттүн машинеси маңдайдан чыкты. Ал машинесин жолдун ортосуна токтотуп койду. Мен түшүп учураштым. Ал ошол эле жерден «сен оңолбойсуң» деп мени тилдеп кирди. Ошентип отуруп акыры жакама асылды. Мен качып кеткенге аракет кылдым. Ал «Качсаң атып салам!» - деп, машинесинен мылтыгын алып чыкты. Мен жакын барып, мылтыгын тартып алып, айылга түшүп кеттим. Бир аз кызуураак экен. Анан кечинде үйүмө үч машине менен бир топ балдарды ээрчитип келип эле токмоктоп киришти. Апам чыгып арачага түшүп ажыратып калды эле, аны да сабашыптыр».

Депутат айыл өкмөт башчысынан таяк жегенин өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Ал айыл өкмөт башчысынын ишин акыркы бир жыл ичинде такай сындап келгенин айтты:

«Мен алгач аны колдогом. Бирок иштери начарлай берди. Ага кошулуп элди алдагым келген жок. Ошондуктан анын иштерин акыркы бир жылдан бери катуу сындап келаткам. Мисалы, көчөлөргө 3 миң сомдон коюла турган чырактарга 5,5 миңден короткон. Биринчи май айылына 2018-жылы көчө жарыктарын бүтүрүшү керек эле. Дагы эле бүтпөй турат. Мен сынды өкмөттүн имаратында айтып, сыртка чыкканда кадимкидей учурашып эле жүргөм. Бирок ошол сыным чогулуп отуруп, минтип көчөдө аймалаша турган болуп калды», - деди Уларбий Байгожоев.

Депутатты таяктаган деп айыпталып жаткан Айбек Ормокеев тескерисинче депутат аны сабаганын айтып, ооруканада жатат. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы чатакка себепкер деп депутаттын өзүн айыптоодо. Бирок ал уруш депутаттын сын көз карашынан эмес, тек гана турмуштук келишпестиктен улам чыкканын айтты:

«Негизи жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт. Жеке таарынычын саясатташтырбаш керек. Мен начар өкмөт болсом, мени талаада эмес, өкмөттүн ичинде сындаш керек. Жайлоого бараткан жолдо мен «Ниваны» токтотуп турган жерден ал өзү келип алдыма токтоду. Жарым саат турдум. Негизи биринчи жабырлануучу мен болушум керек. «Уурусу күч болсо ээсин доого жыгат» болуп, маалымат тарата берсе туура эмес да. Ал жерде мени уруп, эсимди оодарып, машинеден мылтыкты менин машинемден алып чыгып кетип жатат. 4-5 депутат оппозиция бар. Анда эмнеге ошонун баары менен урушпайм? Негизи мунун жеке таарынычы бар. Ал менин бир тууган бажам болгон. Балдызым менен ажырашкан. Анан ошону мага кектебеш керек».

Учурда чатакташкан эки тарап тең бири-бирине каршы арыз менен милицияга кайрылып, ооруканада жатышат. Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев депутат Байгожоевдин арызынын негизинде Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы Ормокеевге карата «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди:

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

«29-август күнү Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө айылда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция барган учурда Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы уулдары менен депутаттын үйүнө бастырып барып, тополоң кылгандыгы боюнча маалыматтар топтолуп, «Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш сотко өткөрүлгөн. Ош шаардык соту айыл өкмөттү камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, бир баласы үй камагына алынган. Экинчи баласын жашы жетпегенине байланыштуу үйдө калтырган. Калгандары күбө катары суралган. Бүгүн болсо айылдык кеңештин депутатынан үч арыз келип түшкөн. Анда айыл өкмөт башчысы ок атуучу курал менен коркутканы, апасына, өзүнө жана балдарына кол көтөргөнү боюнча жалпысынан үч арыз келип түшкөн. Бүгүнкү күндө жабырлануучу менен кылмышка шектүүнү беттештирүү гана калды».

Айылдык кеңештин депутаты менен чатакташкан Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Ормокеев бир ирет мыкты айыл өкмөт деп табылган. Ал аталган айылды үч жылдан бери башкарып келе жаткан. Бирок айылдык кеңештеги бир нече депутат анын ишмердүүлүгүнөн шек санап, айыл өкмөттү текшерүүнү суранып, көзөмөл органдарына даттанышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (17)

XS
SM
MD
LG