Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:12

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри экинчи жолу сот аркылуу ордуна дайындалды.

Облустук сот жетекчи мыйзамсыз жумуштан четтетилген деп тапты. Шаар бийлигин Урмат Маматовго ишсиз, бош жүргөн күндөрү үчүн да маяна төлөп берүүгө милдеттендирди.

Адистер жетекчи менен ич ара келишпестиктер жана иш орундарынын акчага бааланышы ушул сыяктуу жагдайларга себеп болуп жатканын айтышууда. Ал эми айрым эксперттер кызматкерлер өз укугун коргоодо сабаттуу боло баштады деген пикирде.

"Иштен алынганым ден соолугума таасир этти"

Төрт ай жумушсуз жүргөн Урмат Маматов жума башында шаар мэринин коммуналдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. Маматов жумуштан мыйзамсыз бошотулгандыктан сотто кайрылууга аргасыз болгонун айтууда:

- Жалал-Абад шаардык мэриясынын буйругунун негизинде ушул жылдын 27-мартында ээлеген кызматымдан бошотулгам. Бир жумадан кийин шаардык сотко иштен туура эмес алындым деп кайрылгам. Шаардык сот алгач арызымды канааттандырып, кайра ордума дайындоону жана бош жүргөн күндөр үчүн акы төлөп берүү чечимин кабыл алган. Мэрия ал чечимге макул болбой облустук сотко апелляция берген. Бирок облустук соттун жарандык иштер боюнча коллегиясы да шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Ошондон кийин гана мэрия эски чечимин өзгөртүп, 4-августта кайра вице-мэрликке бекитүү буйругун чыгарды. Жумуштан негизсиз жана күтүүсүз жерден айрылуу өзүнө гана эмес, үй-бүлөңө да таасир этет экен. Ден соолугум жабыр тартты. Бирок мен сотко моралдык зыянды өндүрүү үчүн эмес, өз жумушумду жана укугумду коргоо үчүн кайрылгам.

Урмат Маматов
Урмат Маматов

Урмат Маматов 2013-жылы да вице-мэрлик кызматынан бошотулган. Анда да сот аркылуу бир жылдан кийин кайра ордуна дайындалган болчу. Ошол жылдардан тарта ушул кызматты аркалап келет.

Ал эми шаардык мэриянын кадр кызматы вице-мэр Эмгек кодексинин негизинде жумуштан алынгандыгын айтууда. Анткени Маматовго буга чейин жумушунда кетирген кемчиликтери үчүн эскертүү жана сөгүш жарыяланып, акырында комиссиянын текшерүүсүнөн кийин жумуштан четтетилген.

Бул тууралуу мэриянын уюштуруу жана кадр маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова буларга токтолду:

- Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык эскертүү, сөгүш жана андан кийин кызмат абалы каралат. Ошонун негизинде аны 27-мартта кызматтан бошотконбуз. Буга чейин шаардын тазалыгы боюнча текшерүү болуп, кетирилген кемчилиги үчүн Урмат Маматовду бошотуу чечими кабыл алынган. Эми сот чечими менен Маматовду кайрадан дайындап жатабыз. Сот Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамды негиз келтирип, чечим кабыл алган. Анткени сөгүш жарыялагандан кийин башка дагы тартиптик жаза колдонсо болмок деген чечимге келген. Бирок бул жерде мыйзамда түшүнбөстүктөр бар экен.

Ошол эле учурда шаардык мэрия 29-июнда Маматовго байланыштуу облустук соттун чечимине карата Жогорку Сотко көзөмөл арыз жиберген. Азырынча бул маселе карала элек.

Кызматтагы кысымдар...

Жалал-Абад шаардык мэриясында кызмат ордуна байланыштуу соттошуу биринчи жолу болуп жаткан жок.

Кадр даярдоонун калпыстыктары

Жылына адистерди даярдоого мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын жүз миллион сомдон ашууну максатсыз чыгымдалат.

2011-жылы да шаардын биринчи вице-мэри Абдумалик Эламанов жумуштан четтетилген соң бир жарым жылдай соттошуп, Жогорку Сот аны кайра ордуна дайындоо жана ага компенсация төлөп берүү чечимин кабыл алган.

2016-жылы шаардык мэриянын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Үпөл Асаналиева да апрель айында жумуштан алынып, ушул эле жылы ноябрда Жогорку Соттун чечими менен кайра ордуна дайындалган.

Бирок эки жетекчи тең кийин башка жакка которулуп кеткен. Бул жагдайларды акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова төмөнкү жагдайлар менен байланыштырды:

- Азыркы учурда кызмат орундары жетекчилер үчүн пайда табуучу булак болуп жатпайбы. Айрым учурларда жеке пикир келишпестик да себеп болот. Мыйзамды билбегендиктен жумуштан алуу азыраак кездешет. Мисалы, Маматовду шаардын бийлиги мыйзамды билбегендиктен жумуштан алган жок да. Ошондой эле азыр көпчүлүк кадрлар сот аркылуу өз укугун коргоп жатпайбы. Бирок ошол эле кезде алардын кайра ордунда иштөөсүндө да бир топ проблема жаралат. Ар кандай кысымга кабылышы мүмкүн. Ушул багытта бизге жылда бир-экиден адам кайрылып турат.

Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматында соңку эки жылда бюджеттик мекемелерден 30га жакын киши жүйөсүз иштен алынган.

Ал эми буга чейин чыккан сот чечимдеринин негизинде мамлекеттен төлөнгөн компенсациялардын эсеби 2 миллион сомдон ашат. Эксперттер кадр саясатындагы туруксуздукту биринчи кезекте ар бир жаңы мекеме башчысынын “өз командасын” түзүү адаты менен байланыштырат.

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунда биринчи жетекчини тез-тез алмаштыруу тажрыйбасы кадр саясатындагы башкы өксүк катары айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG