Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

"Демонду" эпостой окуган жаш манасчы


Азиз Биймирза уулу - Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын 1-категориядагы актёру. Мындан сырткары ал төбөсү көрүнгөн таланттуу манасчы катары белгилүү.

- Эй, чал Гудал келиштирип короо салды,
Эзелден жалынычтуу кулдарынын,
Көл болуп көздөн жашы жерге тамды,
Тамара князь кызы жүрүүчү эле,
Ак кыя өзөнүнө сууга барып...

Бул Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театрында орус акыны Михаил Лермонтовдун "Биздин учурдун баатыры" чыгармасынын негизинде коюлган Владимир Панковдун "Демон" спектаклинен үзүндү. Мында Азиз Биймирза уулу "Манас" эпосунун обонуна салып окуяны баяндап жатат.

- Эми Тамара жайы момундай,
Карды көр да бетин көр,
Кар бетине кан тамса,
Кардан аппак этин көр.
Маин-маин басканы,
Мажүрүм талдай чачтары.
Деп ошентип турду эми,
Муну мындай таштайлы,
Зыпылдап көк асманга аба жарып,
Атаны кокуй бу дүйнө,
Азуусун айга жанып турган ажал,
Баарысын алып кетти канат тагып...


Каарманыбыз өз образы аркылуу ар кайсы улуттардын актёрлору ойноп жаткан спектаклдин маанисине учкай токтолду:

- Көпчүлүк учурда режиссер Панков бул спектаклде тээ байыркылык, байыркынын жаңырыгы кыргызда жашап жатканын чагылдырган. Этегинде баары бүткөндөн кийин, Калыгулдун, Элмирдин, Арстанбектин ырларынын баарын жыйнап туруп, "бул дүйнө ушундай экен, утурумдук экен, "элди эл кылган" деп биз төш кагып аткан Манас баштаган баатырлар, пайгамбарлар, өлбөстүк үчүн тырышып жүрүп өлүп кеткен хан, бектер, ак сүйүүгө кабылып, бирок бир эмес, эки турмушту көрүп, акырында ыйыктык издеп, храмга барган, ал жерде атасынын астында курмандыкка чалынып, атасы ошо кызынын намысынын уялып өлүп кеткени, айтор ошонун баары утурумдук экени, диндер, баалуулуктар, байлыгың, бийлигиң, сүйүүң - баары өтө турганы кеп болот. Жыйынтыгында "бул дүйнө утурумдук, сөздөн башка эч нерсе калган жок, мына, ичерибизди ичтик, жээрибизди жедик. Артыбызда катуудан казан, жумшактан күл гана калды" деген ой айтылат. Спектаклдин акырында төрт мүнөттүк соло номер меники. Жалпы жарыктын баары мага берилип, анан мен "мен айттым, айтканымды жасадым" дейм. Бардыгын өлтүргөн периште мен болом...


24 жаштагы Азиз бул ролду аткарууга манасчы катары чакырылган. Бирок Азиздин чоң сахнага болгон кадамы мектеп жашында эле башталган экен.

- 7-классымда "Себат" мектебине келгенде драма ийрими бар экен. Кадимки Назым Меңдебаиров агайдын бир тууган агасы Шамбет Меңдебаиров баштаган адистер бизге сабак өтүп калды. Алардын арты менен Капар Медетбеков атындагы драма театрында эң жаш артист болуп бир канча ролдорду жараттым. Ошол жерден театрга болгон кызыгуум ойгонуп кетти. Кийин да театрдан алыс кете албай жүрдүм. Анан буйрук экен, Орус драма театрында кастинг болуп мен ага катышпай калыптырмын. Бирок манасчы керек болуп калып, Самат агайга чыгышат. Самат Көчөрбаев агайдын жумуштары көп. Бир канча долбоорлор менен иштейт. Ал киши театрды ичинен түшүнөт, мыкты манасчы деп мени сунуштап, бул спектаклге эч кандай кастинги жок эле келип калдым. Багым бар экен, чоң театрда дүйнөлүк авторлордун чыгармаларын койгон атактуу режиссер Панковдун ушул спектаклинде ойноп калдым.

Азиз театрдан сырткары мектепте, теледе алып баруучу болуп да иштейт. Азиздин удаалаш бир тууган иниси Арген Биймырза уулу да учурда таланттуу төкмө акын катары таанылып келатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG