Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:50

Журналисттин коопсуздугу: сактыкта кордук жок


Иллюстрациялык сүрөт.

Журналисттик кесиптин опурталдуу жагдайларынан улам Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылыш үчүн атайын мыйзам керекпи?

Өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн коопсуздугун камсыз кылыш үчүн атайын мыйзам же болбосо мамлекеттик деңгээлдеги камкордук керекпи? Чет жактагы башка өлкөлөрдө ушундай мыйзамдар барбы? Дегеле журналист болуу өмүрдү тобокелчиликке салууга тете ишпи?

Ушул жана башка суроолорго "Арай көз чарай" талкуусунда Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин жетекчиси, журналист Кубанычбек Таабалдиев жана белгилүү талдоочу, журналист Нарын Айып менен кошо жооп издедик.

"Азаттык": "Чек арасыз журналисттер" ("Reporters Without Borders") уюмунун маалыматы боюнча 2017-жылы дүйнөдө 65 медиа өкүлү киши колдуу болуптур. Айрым эл аралык бирикмелер журналисттик кесипти эң опурталдуу деп эсептелген беш кесиптин катарына кошууда. Журналистика ушунчалык коркунучтуубу?

Нарын Айып.
Нарын Айып.

Нарын Айып: Журналист кайсы темага кайрылса, коркунуч деңгээли да ошого жараша болот го. Эгерде жөн эле маданият, театр, кино жөнүндө баяндамаларды жасаса - анда эч кандай коркунучу жок.

Саясат, коррупция менен байланышкан темаларды, өзгөчө бизнес жана кылмыш дүйнөсүн чагылдырган кабарчылардын жашоосу дүйнө жүзүндө дайыма коркунучта болот. Мына, былтыр эле Мальта өлкөсүндө белгилүү журналист аял каза болду. Швецияда мындан эки жыл мурун да атактуу эле бир журналист аялды өлтүрүп кетишти. Европа Биримдиги Мальтадагы өлүмдү иликтеп, ким экенин тактай албай жатат. Швециялык журналистти ишкер өз кемесине алып кетип, кантип өлтүргөнү азырынча табышмак бойдон.

Бүткүл дүйнөдө кылмыштуулукту же ишкерликти чагылдыргандарга байланыштуу ушундай окуялар улам катталып турат. Мурда мага деле кимдир-бирөөлөр телефон чалып, СМСтер келип турчу. Азыркы тапта андайлар азайып, дээрлик жокко эсе болуп калды. Былтыр сот болуп жатканда жана соттун алдында ошентип телефон чалгандар болгон. Бирок Уланбек Эгизбаевге келгендей бош кагаздуу конверт сыяктуу сырдуу нерселер болгон жок.

"Азаттык": Кубанычбек Абдыменович, айрым эл аралык уюмдар журналист иликтөө жүргүзгөн учурда бир жума же бир ай бою коркунучта жашагандыктан, анын коопсуздугун камсыз кылууну бардык органдардан талап кылышы керек деп эсептешет. Буга кошуласызбы?

Кубанычбек Таабалдиев: Чындыгында менин кесиптик тажрыйбамда иликтөө жүргүзөөрдө "коопсуздугумду камсыз кылып бергиле" деп журналисттер кайрылган учурлар болгон эмес. Бирок теманы тандагандан кийин кабарчы жетекчилигине маалымдап, кандайдыр опуза болсо дароо ал тууралуу айтып, өз коопсуздугуна аяр мамиле кылышы керек. Анткен менен мамлекеттик органдарга же жалпы элге "тигил же бул теманы иликтеп жатам" деп кабар берсе, анда иликтөөнүн бейтараптыгына шек келип, кайсы бир күчтөрдүн таасири ачык болушу мүмкүн.

Нарын Айып айткандай, иликтөөдө тандап алган багытына жараша коркунуч көбөйөт. Мисалы, кылмыш дүйнөсү, бизнес чөйрөсү, жемкорлук сыяктуу темалардын бетин ачууда албетте, сөзсүз редакторлор менен кеңешип, өтө тыкан болгону дурус. Бизде деле журналисттин жашоосуна коркунуч туулган учурлар болуп келет. Бул айрыкча Курманбек Бакиевдин бийлигинин убагында көп учураган. Ошол кезде бир топ журналисттер көз-көрүнөө эле ур-токмокко алынып, өлтүрүлүп, кээси куугунтукталган.

"Азаттык": Экөөнөрдө тең ири маалымат каражаттарын жетектөө жагынан тажрыйбаңар бар. Кол алдыңардагы журналисттерге, кабарчыларга жөнөкөй эле коопсуздук эрежелерин айтасыңарбы? Кандай кам көрөсүңөр?

Кубанычбек Таабалдиев.
Кубанычбек Таабалдиев.

Кубанычбек Таабалдиев: Ири маалымат каражаттарында, алардын карманган саясатына ылайык журналисттердин коопсуздугуна байланыштуу көрсөтмөлөр болот. Алар жөн эле оозеки айтылып калбай, жазуу түрүндө да кол койдуруп алабыз. Мисалы, биздин агенттикте ар бир жаңы келген журналист өзүнүн жеке милдеттеринен тышкары агенттиктин жүргүзгөн саясаты, кайсы жерге барганда өзүн кантип алып жүрүшү керек экендиги, кызматтык иш сапарларынын учурундагы коопсуздук боюнча көрсөтмөлөрдү алат.

Нарын Айып: Менимче коопсуздукту камсыз кылууда эки тараптуу иш болушу керек. Биринчиси - жеке журналисттин өзүнүн сак болушу. Экинчиси - ошол кабарчы иштеп жаткан уюм же редакция кайсы бир опурталдуу теманы иликтеп жатканда кызматкеринин коопсуздугуна көз салышы керек. Маалымат кызматынын редакторунун милиция же дагы башка күч органдары менен байланышы бар да. Коркунуч сезилсе, журналистке байкатпай сыртынан көзөмөлгө алып, коопсуздугун камсыз кылса болот. Жеке журналисттин өзүнүн да бир топ эрежеси бар. Маселен, күнүгө бир жол менен жүрбөй, ал тургай автоунаа айдаса да бир эле маршрутту тандабай, ар башка жолдорго салганы жакшы. Жумуштан же үйдөн ар дайым бир убакта чыкканга да болбойт. Телефондоруна үн жаздыруучу программаларды коюп, ким чалса да бардык сүйлөшүүлөрдү катташы керек. Ири корпорацияларда албетте, мындай эрежелер бар жана журналисттердин үстөлүнө коопсуздук эрежелерин жабыштырып койгон дурус.

"Азаттык": Акыркы убакта коомдо популярдуу болгон социалдык тармактар да журналисттин коопсуздугуна коркунуч жаратпайбы? Анткени ар бир кадамыбызды эле сүрөткө тартып, элге жарыялай беребиз го?...

Кубанычбек Таабалдиев: Албетте, дал ушул Интернетте өрчүгөн социалдык тармактар өз оюн ачык-айкын, тайманбай айткан журналисттердин артынан түшүп алгандар үчүн компастай эле кызмат кылып берет. Ушундан улам журналисттик иликтөө менен алектенгендер өтө этият болушу керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG