Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:50

"Кумарпоз күйөөдөн тажадым..."


Иллюстрация
Иллюстрация

Өткөн жумада Бишкекте иштеп жаткан 26 казино аныкталып, кылмыш иши козголду. Учурда Ички иштер министрлиги жашыруун иштеп жаткан оюн-зоок жайларын аныктоону улантып жатат.

"Кумарчы үй-бүлөнү ойлобойт экен"

"Кумарчы күйөөмдүн азабын тарттым" деген Зарипа менен Бишкектеги автобекеттен жолуктум. Арыкчырай келген, көздөрү муңайым келин азаптуу турмушун айтып жатты:

- Күйөөм алты жылдан бери казино ойнойт. Далай жолу ыйладым. Үйдө балдар ачка отурат. Бут кийимдери жок. Насыя алып, машине сатып берсек тыйылар деп ойлогом. Ата-энесинин үйүн күрөөгө койдук. Азыр эми насыя төлөбөй калдык. Аны төлөйм деп күрөөканага бардык алтынымды таштадым, пайызга акча алдык. Ал көбөйүп эле жатат. Милицияга кайрылдым, жалдырап ыйлайм. Батирдин акчасы төлөнө элек. Кумарга берилген киши эч нерсени ойлобойт экен...

Казино ордун лотерея басты

Казино ордун лотерея басты

Кыргызстанда кумар бизнесине 2012-жылы тыюу салынган. Бирок кумарпоздукка алдырган жарандардын жакындары маселе дагы деле чечилбей келатканын айтышат.

Зарипанын күйөөсү кичи автобус айдап, аймактарга каттайт. Келин күйөөсү кийинки убакта жүргүнчүлөр берип жиберген аманат акчаны да оюнга жумшап жатканын айтып берди.

- Күйөөм айдап жүргөн машине насыяны жапканга жетчү. Тапканы болбой калды дегенде 4000 сом, жүргүнчү көп болсо 7000 сомдон ашат. Ошол акчанын баарын уттуруп, үйгө бир сому жок келет. Эми жыргаткансып жүргүнчүлөр аманат акча берсе, ошону ойноп жатат. Өткөндө 20 миңди ойноп салыптыр. Менин билишимче, таксисттердин көбү кумар ойнойт. Өткөндө 40 миң сомун алдырып жиберген айдоочунун жер муштап ыйлап жатканын көрдүм.

Акыркы убакта Бишкек ШИИБне көмүскө иштеген казинолор боюнча арыздар көп түшкөн. Милиция алардын негизинде 8-майдан бери иликтөө жүргүзүп, мыйзамсыз иштеп жаткан 26 казинону аныктаган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди:

- Бизге чоң акча уттурган жарандардын үй-бүлөлөрү кайрылып жатат. Ошол боюнча маалыматтар текшерилип, оюн-зоок жайларын аныктоо уланууда.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат казинолорду текшерүү уланарын кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур оюн-зоок жайларындагы жабдыктар, буюм-тайымдар, үстөлдөр алынып, тергөө амалдары жүрүп жатканын айтты:

- Кылмыш-жаза кодексинин 259-1 ("Тыюу салынган кумар оюндарын уюштуруу жана ойнотуу") беренеси менен иш козголду.

Кумарканаларды ким калкалайт?

Бишкектеги казинолорго карата рейддер ИИМдин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчилери алмашкан учурга туш келүүдө.

Мындан улам "кумарканалардын күч органдарында калкалаган "кожоюндары” бар" деген сөздөр күчөдү.

Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

- Мыйзамды парламент чыгарып берип, өкмөт аткарат. Бишкекте 26 казино кармалып жатканынан улам "мурдагы күч органдарындагылар бул тармакты калкалап жүргөнбү" деген күмөн ой пайда болот. Бул албетте, көп. Биз өкмөттөн мыйзамдын аткарылышын талап кылабыз, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров.

"Казино жапкандан азайбайт"

Кыргыз коомунда казино жана башка кумар оюндарынын тыюу салынышына каршылар да жок эмес. Алардын пикиринде, казинолорду жапкандан кумарпоздордун саны азайып кетпейт.

Экономист, талдоочу Искендер Шаршеев казинодон түшкөн кирешелер бюджетти кыйгап өтүп, кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүн кампайтып жатканын айтты:

Искендер Шаршеев.
Искендер Шаршеев.

- Арак, тамеки сыяктуу эле калктын кайсы бир катмары кумарга кызыгат. Бул кайсы өлкөдө болбосун бар. Ага тыюу салсаң бир айласын табат. Азыр өкмөт салыктан кур калды жана бул тармакты көзөмөлдөн чыгарып ийди. Буга чейин ойноп жүргөндөр жок болуп кетпейт да.

Быйыл февраль айында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек жана Ош шаарларында казинолор тыюу салууга карабай иштеп жатканын сынга алган.

Кумар оюндарын уюштуруучулар адатта компьютердик клуб, көңүл ачуучу оюн-зоок борборлору катары катталып иш жүргүзөрү айтылат. Ошондой эле таптакыр катталбастан, күнү-түнү жашыруун иштеп жаткан казинолор да бар.

Кризистик борборлордун маалыматына караганда, ушул күндө кумарчылардын катары калыңдап баратат. Адистер адам кумарпоздук торунан оңой менен бошоно албасын белгилеп, ата-энелерге балдарын кичинесинен туура тарбиялоого кеңеш беришет.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тарта казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG