Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Казак премьери Масимов эмне базарлык апкелет?


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

16-сентябрда Бишкекте бир күндүк иш сапары менен Казакстандын премьер-министри Карим Масимов болот.

Расмий маалыматтарга караганда, анда эки өлкөнүн соода, отун-энергетикалык, чек ара маселелери, ошондой эле маданий алакалары талкууланып, бир топ келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө.

Карим Масимов 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстанга биринчи жолу келип отурат.

Күтүлгөн келишимдер

Казакстан премьер-министри Карим Масимовдун Бишкектеги сапарында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин экинчи жолугушуусу өтөт. Анда отун-энергетикалык, суу, чек ара, бажы жана маданий кызматташтыктар боюнча келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө.

Карим Масимов
Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Суу чарба жана мелиорация комитетинин жетекчи орун басары Чыңгыз Узакбаев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Бул жерде экономикалык карым-катнаштын бардык тармактарын камтыган келишимге кол коюлганы жатат. Булар соода, инвестиция, суу, энергетика, бажы, салык, мүлккө байланышкан иштер, маданий-гуманитардык маселелер.

Быйыл жай аптабында суу тартыштыгынан Казакстандын айдоо талаалары күйүп кетерде Кыргызстандан суу сурап кайрылган. Бүгүнкү жолугушууда да суу, аны менен бирге отун-энергетикалык маселелер өзгөчө орунда болору айтылууда.

Мындан сырткары, Кыргызстан кошуна өлкөдөн арзан газ алуу боюнча да келишимге кол коюлары күтүлүп жатат.

Чыңгыз Узакбаев Казакстанга кыш мезгилинде энергетика сатуу боюнча келишимдер түзүлүп жаткандыгын айта кетти.

- Отун-энергетикасы баары бир суу менен байланыштуу. Казакстан тарапка кыш мезгилинде бир миллиард киловатт саат электр энергиясын сатуу, аны кайсы мезгилде, кандай көлөмдө жана ага канча суу сарпталары боюнча маселелер каралууда.

7-апрелден кийнки алгачкы сапар

2010-жылдагы 7-апрель окуясынан кийин казак өкмөт башчысы Карим Масимовдун Кыргызстанга биринчи ирет келиши. Былтыркы Кыргызстанда болгон окуялар казак бийликтерин кыйла чочуткан жайы бар. Анын айынан Казакстан чек араны бир тараптуу жаап, эки элди түйшүккө салган.

Кыргыз-казак чек арасы
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кездешүүдө экономикалык келишимдер менен бирге саясий маселелер да негизги орунда болот деген ойдо.

- Эки эл кошуна, бир тууган, менталитетибиз, маданиятыбыз жана тилибиз бир. Ошон үчүн эң оорчундуу маселелерди алсак, мындан ары саясий кызматташтыкты күчөтүү жагын кароо зарыл. Экинчи маселе - экономика. Ошол эле инвестиция, мигранттардын көйгөйү, энергетика боюнча маселелер.

Казакстан, Орусия жана Беларус кирген Бажы биримдиги ушу жылдын 1-июлунан тарта күчөтүлгөн тартипке өтүп, анын айынан кыргызстандык ишкерлердин кошуна өлкө менен чектешкен чек ара бекеттерин жүк алып өтүүсү кыйындаган.
Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуяларга бул мамлекеттин жетекчилеринин өзүнүн терс көз караштары бар. Аны алар казак коомчулугуна да жайып, жаман окуялар катары көрсөткүлөрү келет.

Бул жагдай “Дордой” базарында эмгектенген ишкерлердин соодасын төмөндөтүп жибергенин, андыктан чек арадан өтүүнү оңойлоштуруу зарылдыгын Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун талдоочусу Нурбек Ташбеков белгиледи:

- Алып-сатарлык (челнок) биздин экономикабызда эң маанилүү ролду ойноп жатат. Учурда “Дордойдо” соода жүгүртүү түшүп кетти. Сүйлөшүүлөрдө чек арадан өтүүнү жеңилдетүүгө көңүл буруш керек. Мындан сырткары КМШнын алкагындагы эркин экономикалык соода жүгүртүү келишими боюнча Кыргызстан өндүргөн продукцияларын Казакстандын, Орусиянын базарларына тоскоолдуксуз сатуу жагын сүйлөшүш керек.

Мамиле жанданаар бекен?

Саясат талдоочулардын айтымында, кошуна, тили, дили жана тарыхы бир эки элдин бүгүнкү күндө кызматташтыгы ойдогудай эмес.

“Промотанк” консалтинг компаниясынын жетекчиси Азамат Акелеевдин айтымында, Кыргызстандагы 2010-жылы орун алган окуяларга казак бийлиги мүмкүн болушунча терс түс берип, өз элинин алдында актанууга аракет кылып келет.

- Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуяларга бул мамлекеттин жетекчилеринин өзүнүн терс көз караштары бар. Аны алар казак коомчулугуна да жайып, жаман окуялар катары көрсөткүлөрү келет. Ошону менен бизге тоскоолдуктарды да жаратып коюуда.

16-сентябрдагы жолушугушуу - кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин экинчи жолугушуусу.

Эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгын талкуулаган алгачкы жолугушуу 2009-жылы Астанада өткөн. Масимов Кыргызстанга акыркы ирет мындан туура эки жыл мурда келип кеткен.

XS
SM
MD
LG