Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

КСДПнын эртеңи бүдөмүк


Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айланасында талаш уланууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин оор айыптарга шектүү катары камалышы ал түптөгөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айланасында талашты күчөттү. Юстиция министрлиги партиянын лидери катары каттаган Сагынбек Абдрахманов саясий уюмдун катарынан Атамбаевдин бир нече тарапташы чыгарыларын жарыялады.

Анын айтымында, Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу КСДПнын тизмесинен депутат болгон Ирина Карамушкинанын, Асел Кодуранованын, Карамат Орозованын, Мурадыл Мадеминовдун жана Анвар Артыковдун партияга мүчөлүгү токтотулат.

Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

«Кой-Ташта «төңкөрүш кылабыз» деп киши өлтүрүүгө аракет кылып, аскерлерди барымтага алып жатышса анын арасында КСДПнын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жүрөт. Биз: «Ушул туурабы же туура эмеспи?» деп баштапкы уюмдарда талкуу жүргүзүп жатабыз. Ошондон улам алардын мандатын чакыртып алуу боюнча сунуш түштү. Бирок мыйзамда депутаттарды артка чакыртып алуу жок болгондуктан, партиядан жана фракциядан чыгарылсын деп жатабыз», - деди ал.

Сагынбек Абдрахманов партиянын аймактардагы мүчөлөрү ушундай демилге көтөрүп жатканын белгилеп, жакын арада чечим кабыл алынарын айтты.

Бирок аты аталган депутаттар Абдрахманов сөз кылып жаткан кадамдар мыйзамсыз болот деп эсептешет. Маселен, депутат Карамат Орозова:

Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

«Абдрахманов өзү «Атамбаевсиз КСДП» деген кыймыл менен эле чыккан. Ал партиянын атынан сүйлөөгө укугу жок. «Буга чейин курултай өткөрдүк, жыйын курдук» дегени менен анын уставы да, мөөрү да жок. Ошон үчүн Абдрахмановдун айтып жатканына маани деле берген жокмун. Анткени мыйзамсыз аракет кылып жатат, бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, алар да биздин жүйөнү колдогон», - деди.

Дал ушундай эле позицияны кармаган депутат Ирина Карамушкина да азыр Атамбаев жетектеп келген КСДП өз ишмердигин улантарын кошумчалады.

Негизи КСДП - өлкө эгемендик алгандан берки эң ири жана туруктуу иштеп келе жаткан саясий уюмдардын бири. Аны 1993-жылы Абдыганы Эркебаев, Жумабек Ибраимов сыяктуу саясатчылар менен бирге ишкер Алмазбек Атамбаев түптөгөн. Кийинчерээк бул партиянын лидери катары Алмазбек Атамбаев калган жана саясий уюм аркылуу эки ирет премьер-министрликке көрсөтүлүп, президенттикке аттанган. Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков да КСДП аркылуу президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн эле.

Социал-демократтардын арасындагы пикир келишпестик 2017-жылдын башында башталып, былтыр күч алды. Сагынбек Абдрахманов баш болгон партиянын мурдагы активисттери «Атамбаевсиз КСДП» деген кыймыл түзүп, саясий уюмду тазалоо боюнча демилге көтөрүшкөн. Кийин бул кыймыл Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тиреш күч алганда кошо күчөп, эки тарап өз курултайларын өткөргөн. Юстиция министрлиги быйыл апрель айында Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын лидери катары каттап, бул чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту мыйзамдуу деп тапкан.

Кош курултайлардын алдында КСДПдагы таасирдүү саясатчылардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков партиянын катарынан чыкканын парламент трибунасында жарыялаган. Ага чейин Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары да ич ара бөлүнүп, 38 депутаттын саналуу бөлүгү гана мурдагы президенттин тарапкери бойдон калган.

​Эми Алмазбек Атамбаев камакка алынгандан кийин партиянын келечегинен күмөн санагандар ого бетер арбыды. Парламенттеги КСДП фракциясынын 2010-2016-жылдардагы лидери, депутат Чыныбай Турсунбеков андай пикирлерге кошуларын жашырган жок:​

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

«Чынында эле партиянын убалына калып жатышат. Ушунча жыл аракет кылып, калыптанган партиянын тагдырына балта чаап, аны жок кылууга күч үрөп жатышат. Азыркы кырдаалда саясий уюмдун тагдырына кайдыгер болбогон, бел болуп келген адамдар кеңешип чечишибиз керек. Андай болбосо жигердүү мүчөлөр ар кайсы партияларга кетип, КСДПнын тагдыры жакшы болбойт».

Ал эми саясат таануучу Эмил Жороев КСДПнын келечеги өлкөдөгү саясий абалдан көз каранды экенин билдирди:

«Азыр партиянын негизги кыймылдаткыч күчү болуп анын парламенттеги фракциясы эсептелет. Эгер фракция мүчөлөрү өз ичинде «партияны сактап калалы» деп, Атамбаевсиз деле өз алдынча иш жүргүзүүгө жөндөмдүү болсо, азыркы кырдаалдан чыгып кетиши мүмкүн. Бирок партиядагы жалгыз күч Абдрахманов жана анын айланасындагылар болсо - шайлоого катышуусу кыйын болуп калат».

Ошентсе да соңку талаш-тартыштарга карабай КСДПнын эки тарабы тең шайлоого катышарын жарыялап келген. Бирок алардын кайсынысы ушул аталыш менен катышары азырынча белгисиз. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алышы керек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG