Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

КТРК: Байкоочу кеңеш дагы талашка түштү


Коомдук телеканалдын Байкоочулар кеңеши Жогорку Кеңештин кароосундагы “Коомдук телеканал тууралуу” мыйзамды сөз эркиндигине каршы аракет катары баалоодо. Мыйзам демилгечилери болсо бул кадамын Коомдук каналдын ишин легитимдүү жолго салуу аракети деп атап жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңеш кабыл алган "Коомдук телерадио корпорация тууралуу" мыйзамга президент Роза Отунбаева кол койбой, каршы пикирин билдирген эле. Бирок парламенттин депутаттары президенттин каршы пикирин көпчүлүк добуш менен ашып өтүп, мыйзамды кайрадан кабыл алуу аракетинде. Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңеши депутаттардын мындай аракетин сөз эркиндигине каршы иш катары сыпаттады.

Байкоочу кеңештин мүчөсү Нургүл Абдыкеримованын айтымында, аталган мыйзам өлкөнүн баш мыйзамына каршы келет:

- Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Коомдук телерадио корпорация тууралуу" мыйзам Кыргызстандын Баш мыйзамына кайчы келет жана көптөгөн бышпай калган жерлери көп. Мурдатан белгилүү болгондой, президент Роза Отунбаева эки ирет мыйзамга каршы пикирин билдирген эле. Бирок мыйзамды кабыл алуудагы карама-каршылыктарга карабастан парламенттин Билим берүү, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитети муну ашып өтүп, президенттин пикири менен макул эместигин билдирди.

"Коомдук телеканал тууралуу" мыйзам кабыл алынса, учурда иштеп жаткан Байкоочу кеңештин курамы тарайт. Анын ордуна 15 адамдан турган жаңы Байкоочу кеңештин курамы шайланат. 15 адамдын бешөө Жогорку Кеңештин фракциялары тарабынан сунушталууга тийиш.

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев ушундай жол менен айрым депутаттар саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу аракетин көрүп жатат деп эсептейт:

- Бул мыйзамды кабыл алууда бир топ кемчиликтер жана саясий көшөгө артындагы оюндар орун алды. Эң негизгиси - КТРКнын жетекчилиги жана азыркы иштеп жаткан Байкоочу кеңеш сунуш кылган өзгөртүүлөр менен толуктоолорго орун беришпей, кабыл албай коюшту. Ошондон улам азыркы мыйзамдын кабыл алынып жатканы эптеп эле Коомдук каналдын Байкоочу кеңешин таратып, өз адамдарын сунуш кыла коюп, ошол аркылуу бул каналды башкаргысы келген күчтөр турат деген ойго келдик.

Мыйзамдын демилгечиси "Ар-намыс" фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев "7-апрелден соң Убактылуу өкмөттүн декрети менен түзүлгөн Байкоочу кеңештин ишин мыйзамдык талаага кайтаруу керек", - деп айтып келе жатат. Байкоочу кеңештин «депутаттар аракетинде саясий кызыкчылык жатат» деген дооматына Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетинин төрага орун басары Каныбек Осмоналиев төмөнкүдөй жүйөсүн келтирди:

- Бул баррикаданын бир жагына туруп алып эле кыйкырып жаткан менен барабар. Эми Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнөн бешөөнү Жогорку Кеңеш өзүнөн бекитип берсе, аны деле алар түшүнүү менен кабыл алышы керек. Калган 10 мүчө турбайбы тигил тарапта. Бардык эле Жогорку Кеңеш менен байланышкан нерсени жаман нерсе катары кабыл албаш керек.

Анткен менен Каныбек Осмоналиев бири-бирине эрегишкен эки тарап Коомдук телеканалдагы негизги маселени эсинен чыгарып коюшканын белгиледи:

- Талаш келип эле Байкоочулар кеңешинин статусу боюнча маселеде чыгып жатат. Калган маселелерде эч кандай талаш жок. Бирок ушуну эки тарап түшүнүү менен кабыл алгандын ордуна биринчи тарап болгон мыйзам долбоорунун демилгечилери жана экинчи тарап болгон КТРКнын активдүү кызыктар бөлүгү бир нерсени эске албай жатышат. Мисалы, мен окумуштуу катары бир гана баалуулук алгачкы орунда дейт элем. Ал - КТРКнын эч кимге көз карандысыз, мыйзамдын талаптарына ылайык иш жүргүзө алышы.

Президенттин каршы пикирин ашып өтүп парламенттин тиешелүү комитети тарабынан жактырылган "Коомдук телерадио корпорация тууралуу" мыйзам жакынкы күндөрү коомчулуктун талкуусуна сунушталганы турат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG