Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 23:43

Кыргызстандагы дары-дармек монополиясы


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кээ бир ири фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгында жасалма монополия орноп, дары-дармектердин баалары жогору болуп келген.

Дары-дармек рыногунда ачык-айкын атаандаштыктын жоктугунан жана жасалма тоскоолдуктардан улам монополист компаниялар гана туйтунуп, баа саясатын каалагандай калчаган абалга жеткирген.

Буга байланыштуу дары-дармектердин жүгүртүлүшүн камсыз кылуу боюнча мыйзамга ылайык, өкмөт жашоого зарыл болгон 300гө чукул аталыштагы дарылардын баасын чектөө боюнча токтом кабыл алды. Бирок бул токтомдун реалдуу иштеп кетишинен күмөн санаган тараптар фармацевтикалык лоббини ооздукташ үчүн дары-дармектер менен камсыз кылуу тутумун толугу менен өзгөртүүнү сунуш кылышууда.

Өкмөттүн баа саясатын жөнгө салуу аракети

Кыргызстанда сатылган дары-дармектер менен медициналык каражаттардын баалары коңшулаш өлкөлөргө, Орусияга, Түркияга жана Украинага салыштырмалуу эки эсе кымбат экени Саламаттык сактоо министрлигинин атайын изилдөөсүнүн жыйынтыгында аныкталган.

Жеткиликтүү баадагы жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуунун шарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ Кыргызстанда баалар жөнгө салынбай, ачык-айкын атаандаштык жолго коюлбагандыктан дары-дармек рыногунда монополия калыптанган деген тыянакка келген. Ошондуктан жакында министрликтин сунушу менен өкмөт жашоого зарыл деп саналган дары-дармектердин бааларын чектеп, жөнгө салуу боюнча убактылуу эрежелерди бекитти.

Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармектер саясаты боюнча консультанты Жылдыз Жумабекова бул чаралар баалардын ашкере кымбатташын ооздуктоого багытталганын айтты:

- Буга чейин Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери эле дары-дармектерге карата баалар мамлекет тарабынан жөнгө салынган эмес. Анткени дарыканалардын баары жеке менчик. Фармацевтикалык компаниялар сырттан каалагандай дары-дармектерди алып келип, каалаган бааны коюп сатып келишет. Бир дарыканада ошол дары 200 сом болсо, башка бир дарыканада ошол эле дары 400-500 сом болушу мүмкүн. Ошол үчүн дары-дармектердин бааларын жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү боюнча өкмөт токтом кабыл алды. Анан дары-дармек рыногундагы жасалма монополияны дарыларды каттоого алуунун улуттук электрондук базасы аркылуу жоюу боюнча аракеттер башталды. Себеби биз Кыргызстандагы дарылардын бааларын талдап чыкканда, бир эле фармацевтикалык компания 7-8 түрдүү дарыны алып келет экен. Андан башка ал дарыны эч бир компания өлкөгө алып кире албайт. Анан албетте, ал дары ташыган компания өзү каалагандай баасын коёт да. Ушул абалды жөнгө салыш үчүн жашоого өтө зарыл деп табылган дарыларды бирдей баага алып келүү чаралары иштелип чыкты. Дарыны сырттан алып келип, анын дүң баасынын үстүнө коюлган акчасы эми бардык компаниялар үчүн бирдей болот. Мисалы, бир дарынын баасы үстүнө кошулган пайдасы менен 300 сом болсо, аптекалар андан өйдө баада сата алышпайт. Андан ылдый баада сата беришет. Бул атаандаштыкка да жакшы өбөлгө түзүп берет. Кайсы аптека ошол коюлган чектеги баадан арзан сатса, ошондон ала баштайт.

Пилоттук долбоор ишке кирет

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 30-октябрда 300дөн ашуун аталыштагы дарылардын каттоого алынган баасын чектеп, алардын дарыканаларда бирдей баада сатылышын камсыз кылуу боюнча токтомго кол койду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бааларды мамлекеттик жөнгө салуу дары-дармек рыногундагы кызыл кулактыкты ооздуктап, өлкө боюнча баалардын бирдей болушун шарттайт. Ошондой эле медициналык мекемелер дарыларды сатып алууда акчасын үнөмдөгөнгө өбөлгө түзөрү негиздемеде көрсөтүлгөн. Анда жашоого зарыл деп табылган тизмеге негизинен дем кыстыгуу, жүрөк кан-тамыр жана психикалык ооруларды дарылоочу препараттар кирет. Ал дарылар медициналык камсыздандыруунун эсебинен алынып келген. Бирок бул дарылардын баасы бир топ кымбат болуп, камсыздандырылган баадан жогору чыгып, аларды сатып алууда кыйынчылыктар болгон.

Өкмөттүн сөз болуп жаткан токтомуна ылайык, баасы мамлекеттик жөнгө салуу тизмесине кирген дарылар жаңы жылдан тартып бардык дарыканаларда бирдей баада сатылууга тийиш.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова биринчи этапта дарылардын бааларын мамлекеттик жөнгө салуунун пилоттук долбоору ишке аша турганын белгиледи:

- Ал дарылардын арасынан азыр пилоттук долбоор катары тизмеге 2021-жылга чейинки мөөнөткө чейин эл аралык деңгээлде паттентештирилбеген аталыштагы 58 дары-дармек киргизилди. Ошонун ичинде ал дарылардын 300дөн ашуун соода аталыштары бар. Жашоого өтө зарыл деп бекитилип, тизмеге кирген дары-дармектердин баасы жөнгө салынып турат. Мисал үчүн парацетамол болсо, анын башка соода аталышындагы түрлөрү да ага киргизилип, анын бардыгы түпкү керектөөчүгө бирдей баада сатылууга тийиш.

Эми өкмөттүн токтомуна ылайык, жаңыдан бекитилген эрежелер боюнча фармацевтикалык компаниялар Кыргызстанга алып келген препараттарын, алгач дары-дармектердин улуттук электрондук тизмесине каттаттып, алардын завод-өндүрүшчүдөн сатып алган дүң баасын жана анын үстүнө кошулуп, сатыла турган чекене баасын көрсөтүшү керек болот.

Дары-дармек рыногундагы конъюктура

Ошондой эле дары саткан аптекалар Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) дары даярдоочу Молдова, Армения жана Беларус сыяктуу өлкөлөрдө сатып жаткан дарылардын бааларын көргөзүүгө милдеттүү. Жылдыз Жумабекова Кыргызстандагы баалардын жогору болушуна дары өндүрүүлөрдүн баа саясаты да кедергисин тийгизип келгенин мисал келтирди:

- Дары-дармектердин баа саясатында бир маселе бар. Мисал үчүн Орусия менен Казакстандын дары-дармектер рыногу биздикине караганда бир топ чоң. Биздин рынок бир топ чакан болгондуктан биздин өлкөгө сатыла турган дары-дармектердин көлөмү да аз болуп, ошого жараша завод-өндүрүүчүлөр дары-дармектердин баасын бизге кымбат коюшат экен. Ал эми рыногу чоң жана өз өндүрүшү бар өлкөлөргө дарылар төмөнкү дүң баада берилет. Анан биз дары-дармектердин баасын жөнгө салууда рыногу биздикине окшош 12 мамлекетти тизмеге киргиздик. Ошол өлкөлөрдө аталган дарылар канча турарын карап, улуттук электрондук базалар аркылуу улам байкоо жүргүзүп, бизге ташылып жаткан дарылардын баасы менен салыштырып, мониторинг жүргүзүп турабыз. Биз салыштыруунун жыйынтыгы боюнча рыногу биздики сыяктуу чакан Молдова менен Беларустагы дары-дармектерге караганда, логистикасын эсепке албаганда деле биздин республикада сатылып жаткан дары-дармектер бир топ кымбат баада келерин аныктадык.

Ошонун негизинде Саламаттык сактоо министрлиги менен монополияны жөнгө салуу боюнча агенттик биргелешип, тизмеге кирген дары-дармектердин баасын аныктап, бирдей наркта сатылышын камсыз кыла турган болду. Бааны аныктоодо анын өндүрүштөгү өздүк наркы, дүң баасы, транспорттук чыгымдары эске алынып, чекене баасы бекитилет. Бул жерде дарынын өздүк наркына 10%, транспорттук чыгымдарына 10% жана дүң баасына 10% кошулуп отуруп, анын чектелген чекене баасы чыгарылган эл аралык эрежелер колдонула турганы документте көрсөтүлгөн.

Монополияны ооздуктоонун орчундуу учуру

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев ошол механизмдер аркылуу эле баалардын өсүшүн ооздуктоо татаал экенин айтып, бул үчүн бүтүндөй дары-дармектер менен камсыздоо тутумун өзгөртүү зарыл экенин белгиледи:

- Муну ооздуктоо аябагандай кыйын. Ооздуктоонун бир гана жолу - бул азыркы тутумду толугу менен өзгөртүү аркылуу жасалма жолго коюлган монополияны жоюу. Бир түрдүү дары-дармекти бир эле компаниянын алып келишине мүмкүнчүлүк берип, калгандарына жасалма тоскоолдук жасаган системада ачык-айкын атаандаштык болбойт. Себеби эксклюзивдүү укук берип, «Кыргызстанга анальгинди Асандын компаниясы гана ташыйт» деп койсок, анда ал каалаган баасын коюп, сата берет да! Эгерде аны бардык кызыкчылыгы бар компаниялар ташып келе ала тургандай шарт түзүлсө, анда алар аталган дарыны ар кайсы жактан ташып келип, анын баасы ар башкача болот дагы, ортодо табийгый атаандаштык жүрөт. Анын негизинде дары-дармектердин баасы бир топ төмөн болот. Ошондуктан бул маселеде биринчи жанагы монополияны жоготуу керек. Кайсы бир препаратты же медициналык каражатты ташып келип, сатууда кайсы бир компанияга гана артыкчылык берип, монополияны орнотууга жол бербөө зарыл. Анан дары-дармектерди сатып алууну чет өлкөлөрдөгүдөй кылып, онлайн түрүндө улуттук, электрондук база аркылуу жүргүзмөйүнчө анын баасы төмөн түшпөйт. Маселен, кайсы бир дарыны 4 фирма ташып келип, электрондук тутумда бир фирма эң төмөнкү бааны сунуш кылып, ага киргизет. Анан бул жерде ошол баадан жогору баада сатууга жол бербей турган механизм иштейт. Бирок ошол арзан баада сунушталган дарынын сапатына карата талаптар коюлушу керек.

Монополисттердин каршылыгы

Ошондой эле мурдагы министр Талантбек Батыралиев ал кызматта турганда дары-дармектердин улуттук электрондук тизмесин түзүү аркылуу фармацевтикалык компаниялардын монополиясын жоюп, анын рыноктогу эркин атаандаштыкты камсыз кылуу аракети чоң каршылыкка дуушар болгонун мисал келтирди. Аягы барып, анын кызматтан кетишине алып келгенин эскерген мурдагы министр Талантбек Батыралиев өлкөдө фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн аракет күчтүү экенин айтты:

Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

- Рынокто монополисттик абалды ээлеген фармацевтикалык компания өзүн-өзү эч убакта ооздуктабайт. Ошол түшүп жаткан ири кирешесин азайтып, көзөмөлдөтүүнү кайсы фармацевтикалык компания кааласын? Кайсы бир компания чет өлкөдөн бир препарат же медициналык каражат ташып, анан анын башка атаандашы жок болсо, ал каалагандай баасын коюп сатып келсе, анан бир күнү эле ошол компаниядан ташып келген товарын электрондук базага киргизүү жагы талап кылынса - албетте, ал буга каршы чыгат. Ошондуктан фармацевтикалык компаниялар жоопкерчиликтен качпай тургандай, көзөмөлдөө тутумун иштеп чыгып, ишке киргизүү зарыл. Ошондо көпчүлүк таза иштеген ишкерлер ошого кызыкчылыгы болот. Биз ушул ишти баштаганда фармацевтикалык компаниялар тарабынан ага карата аябагандай чоң тоскоолдуктар болду. Бул долбоор ийгиликтүүү ишке ашса, анда эң негизги максат - эл сапаттуу жана жеткиликтүү дары менен камсыз болот. Мамлекет болсо тиешелүү салыгын алууга толук көлөмдө жетишет.

Бааларды салыштырган пациент

Ошол эле кезде учурда Түндүк Кипрде жашаган журналист Асылкан Шайназарова мындан беш жыл илгери дарыланыш үчүн Бишкектеги дарылоо мекемелерин изилдеп, жыйынтыгында Киевге барып дарыланууга мажбур болгонун баяндап берди. Анын айтымында, дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын таңкыстыгынан жана кымбаттыгынан улам Бишкекте дарылануу эки эсе кымбатка турган. Ошондуктан Асылкан Шайназарова бир нече клиниканы салыштырып чыгып, Киевдеги дарылоо клиникасын тандаган. Ал андагы дарылоо акысы, дары-дармек менен жол чыгымдары менен кошо эсептегенде Кыргызстанга караганда бир топ арзанга түшкөнүн мисал келтирди. Анын айтымында, Кыргызстанда Украина менен Түркияга салыштырмалуу дарылардын баасы бир топ кымбат экени байкалган.

Көрсө бизде айына 15 миң сом чыгым тартып, сатып алып, иче турган дарынын баасы Түркияда бир айга 1,5 миң сом эле турган дары экен.


- Мен өз башыма түшкөндө Киевге барып, Бишкекте 6 миң АКШ долларына жасалчу операция жана дарылоо ал жакта жол чыгымдарын, палата акысын, дарылоону, операцияны, андан кийинки бир айдан ашуун ичүүгө берилген дарыларды кошкондо 3 миң доллардан ашкан жок, - деп түшүндүрдү ал. - Киевдеги ал клиника биз сыяктуу эле постсоветтик өлкөдө жайгашкан. Бирок бизде Кыргызстанда белгилүү бир адамдарга эле дары ташып келүүгө лицензия берилип, атаандаштык болбогон жерде дарыканалар өздөрү каалагандай баа коюп сата беришет тура. Мен Бишкекте башка бир ошондой учурларды баштан кечирген адамдардын өз ара талкуусун окуп калдым. Бөйрөгүн трансплантация жасаткандар Кыргызстанда ай сайын 15 миң сомдук көмөк көрсөтүүчү дарыларды ичүүгө мажбур экен. Ал эми алар Түркияга барып, ошол акчага бир жылдык иче турган дары-дармек сатып алса болорун жазышкан. Көрсө бизде айына 15 миң сом чыгым тартып, сатып алып, иче турган дарынын баасы Түркияда бир айга 1,5 миң сом эле турган дары экен. Бизге караганда аябай эле арзан. Ошону угуп, бул жакка келдим. Түркияга караган Кипрде көп дарылар бир кыйла арзан экен. Мамлекеттик көзөмөл болгону үчүн бул жакта дарылар арзан болсо керек. Болбосо ким эле зыянга иштесин?

Коомдук саламаттык сактоо боюнча адис, дарыгер Зуридин Нурматов өкмөт дары-дармектерди сатып алуу саясатын иштеп чыгып, тиешелүү эл аралык байланыштар аркылуу иш алып бармайынча баалар арзандабай турганын белгиледи.

Дарыгер Зуридин Нурматов дары-дармектердин бааларын көзөмөлдөп, жөнгө салуу жана атаандаштыкты камсыз кылуу боюнча туруктуу мамлекеттик саясат керек экенин белгиледи.

Кыргызстанда 2017-2018-жылдары дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыздоого багытталган эки мыйзам долбоору иштелип чыгып, күчүнө кирген. Анда дарылардын сапатын жана бааларын мамлекеттик жөнгө салууга мүмкүнчүлүк бере турган тиешелүү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары менен милдеттери көрсөтүлгөн. Дары-дармек рыногу кирешелүү тармактардын бири болуп саналат. Кыргызстанга чет өлкөдөн 300дөн ашуун фармацевтикалык компаниялар дары ташыйт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG