Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Жолтандабастар чыры: министрдин жообу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламентте саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин чечимин аткарбаганы үчүн чара көрүү маселеси көтөрүлдү.

Анткени былтыр ал жетекчилер долбоордун алкагында грант катары келген акчага өздөрүнө кымбат баалуу кызматтык жолтандабастарды сатып алганы аныкталган.

Парламент комитети аларды сатып туруп, алыскы аймактарга "Тез жардам" автоунааларын алып берүүнү тапшырган болчу. Министр Чолпонбаев парламентте долбоор боюнча "Тез жардам" автоунааларын сатып алууга уруксаты жок экенин айтып, жооп кайтарды.

Бирок Дүйнөлүк Банктын өкүлчүлүгүнүн катына таянган депутат Абдувахап Нурбаев министр парламент комитетинин чечимин тоготпогону аз келгенсип, аны жалган сүйлөп жатат деп сынга алды.

Аткарылбаган комитет чечими

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Абдувахап Нурбаев парламентте бюджеттин долбоорун талкуулоо учурунда саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев былтыр гранттык акчанын эсебинен өздөрүнө сатып алган кымбат баалуу эки жолтандабастын тагдыры боюнча маселе көтөрдү.

Анда депутат ар бири 82 миң АКШ доллары турган эки жолтандабасты сатып жиберип, анын эсебинен алыскы аймактардагы ооруканаларды медициналык "Тез жардам" автоунаалары менен камсыздоо боюнча тиешелүү комитеттин чечими эмнеге аткарылбаганы боюнча суроо берди:

Абдувахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин депутаты
Абдувахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин депутаты

- Саламаттык сактоо министрине суроо. Биздин парламенттик комитет баягы сиздер ар бирин 82 миң АКШ долларына алган эки жолтандабасты сатып жиберип, алардын ордуна алыскы айыл аймактарындагы ооруканаларга медициналык "Тез жардам" автоунааларын сатып алуу боюнча чечим чыгарган элек. Ошол чечим эмне себептен ушул кезге чейин аткарылган жок? Эмнеге аткарбай жатасыз? Биздин комитеттин бул маселе боюнча чечими бар да. Мына ошол чечим аткарылышы керек эле го.

Былтыр саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев ар биринин наркы 5,6 миллион сом турган же болбосо 82 миң долларга барабар эки кызматтык жолтандабасты Дүйнөлүк Банктын Эл аралык өнүгүү бирикмесинин гранттык каражатына сатып алганы белгилүү болгон. Бул донор уюм Кыргызстандагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун колдоо программасын каржылайт.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтык машине алуу маселеси ага чейин эле чечилип калганын айткан. Бирок кийин иликтөө учурунда бул маселе ал кызматка келгенде гана чечилгени ачыкка чыккан. Ошондуктан парламенттин тиешелүү комитети муну мыйзамга сыйбаган көрүнүш деп таап, аталган жолтандабастарды сатып, акчасын айыл жерлериндеги ооруканаларга медициналык "Тез жардам" автоунааларын сатып алууга чыгымдоо боюнча чечим кабыл алган.

Долбоордун талабына шылтаган министр

Бул чечимдин аткарылбай калганын министр Космосбек Чолпонбаев гранттык долбоордун талабы деп түшүндүрдү:

- Биз аны мыйзам чегинде эле иш башкармалыгына өткөрүп бергенбиз. Автоунааларды сатууга болбойт. Эл аралык гранттык долбоордун талабы боюнча андайга жол берилбейт. Бизге алар аны андай максатта берген эмес. Өкмөттүн токтому бар. Эл аралык гранттык долбоордун алкагында келген автоунааларды өкмөттүн карамагына беришибиз керек. Долбоор аяктаган соң, биз автоунааларды анын иш башкармалыгына өткөрүп бергенбиз.

Эки жетекчи кызматтык автоунаа катары сатып алган эки жолтандабаска 164 миң АКШ доллары чыгымдалган. Адистердин айтымында, мынча каражатка аймактардагы ооруканалар үчүн тиешелүү жабдуулары менен заманбап үлгүдөгү 10 "Тез жардам" унаасын сатып алса болот. Анткени буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында республика боюнча жүздөн ашуун "Тез жардам" автоунаасы жетишпей жатканы айтылган.

Депутат министрдин калпын ашкереледи

Депутат Абдувахап Нурбаев министр Чолпонбаев долбоордун талабын шылтоо кылып, көз көрүнөө жалган айтып жатат деп кине койду:

- Ошол эле кезде мага Дүйнөлүк банктан "макул, мына ошондой кылса болот" деген жооп кат келди. Сиз бул жерде жалган сүйлөп жатасыз. Катты сизге көрсөтүп, колуңузга берем. Сизден дагы "25-майда долбоор аягына чыгат, мына ошондо аталган жолтандабастарды андан ары каалагандай колдонсок болот" деген кат келген. Башкы прокуратура бул ишти текшерип чыгып, аталган жолтандабастар мыйзамсыз алынганы тууралуу бизге кат келген. Урматтуу, вице-премьер-министр Алтынай Сейитбековна, сиз бул маселе боюнча "Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгынын негизинде саламаттык сактоо министринин жоопкерчилигин карайбыз" дегенсиз. Качан карадыңыздар? Башкы прокуратура болсо мына ошол жолтандабастар мыйзамсыз алынганын ырастаган текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарыптыр. Анан эмне себептен жолтандабастарды сатып жиберип, анын акчасына алыскы айыл аймактарын "Тез жардам" автоунаалары менен камсыздашкан эмес? Андай боло турган болсо, биз бул маселени дагы бир жолу карап, министрди кызматынан бошотуу тууралуу маселени козгойлу. Керекпи ушул?

Көрмөксөн болгон көзөмөл

Кымбат баалуу кызматтык жолтандабастар мыйзамсыз түрдө гранттык каражатка сатылып алынганы боюнча маселени былтыр парламент депутаты Аида Исмаилова көтөрүп чыккан.

Андан кийин ишти прокуратура органдары дагы текшерип чыгып, кызматтык жолтандабастар "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамды бузуу жолу менен алынганы боюнча тыянак чыгарган.

Депутат Аида Исмаилова бул маселе боюнча эч кандай чара көрүлбөгөнүнө таң калды:

Аида Исмаилова, Жогорку Кеңештин депутаты
Аида Исмаилова, Жогорку Кеңештин депутаты

- Биз бул маселени канча жолу комитетте көтөргөнбүз. Тиешелүү чечимдер чыккан. Бирок мына ушундай мыйзамсыздыктар боюнча бир дагы жетекчи жоопкерчилик тарткан жок. Бул тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова каякты карап отурат? Алар бизди укпай, өздөрү каалагандай чечим кабыл алып, үйрөнүп алышты. Анан бир нерсе болсо эле министрликтин орун басарларына сөгүш берип, кутулушат. Ал жерде жетекчи министр өзү да. Андагы абал үчүн министр өзү жооп берүүгө тийиш болчу.

Өкмөттүн 2012-жылдагы токтомуна ылайык, мамлекеттик мекемелердеги жогорку кызмат адамдары үчүн кыймылдаткычынын күчү 4 кубдан ашпаган кызматтык автоунааларды гана тендер аркылуу сатып алууга уруксат берилген. Ал эми аталган жол тандабастардын кыймылдаткычынын күчү 4 кубдан жогору экени жана алар эч кандай тендер өткөрүлбөй эле сатылып алынганы былтыр белгилүү болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG