Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Табыпты тескөө маселеси парламентке жетти


Хашим Зайналиев.
Хашим Зайналиев.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы өзүн табып атаган Хашим Зайналиевди Кыргызстандан сыртка чыкпоого милдеттендирди.

Эл арасында "онкологиялык илдеттерди дарылап" жүргөнү айтылган табып Хашим Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу") менен иш козголуп, тергөө башталды.

Медициналык талаптарга шайкеш келбеген шартта дарылоо иштерин жүргүзүп жатат деген негиз менен ага мурда да эки жолу кылмыш иши козголуп, арыз толук болбогондуктан аягына чыккан эмес. Кылмышка шектүү президентке кайрылуу жолдоп, куру жалаанын курмандыгы болуп жатканын билдирүүдө.

Тастыктала эле маалыматтарга караганда, Хашим Зайналиевдин паспорттогу ысымы Ашым. Көп жылдан бери онкологиялык илдетке кабылган бейтаптарды өз алдынча дарылап келаткан бул кишиге кылмыш ишин ачууга бул ирет беш жаштагы кызды дарылоо фактысына байланышкан чуу негиз болду.

Ак кан илдетинен жабыркаган оор акыбалдагы кыз 28-ноябрда Бишкектеги Онкология борборунун балдар бөлүмүнө түшкөн. Ага чейин аны Зайналиев дарылаганын өзү да “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу бышыктаган.

Зайналиевдин эмканасында дарыланган бейтаптар арасында каза болгондор бар экени буга чейин айтылып келген. Алардын бири аксылык 59 жаштагы Кадыйча Турсункулова.

“Азаттык” радиосу маркумдун кызы Айзада Ашымова менен байланышты. Ал медициналык мекемелерге кайрылбай, табыпка ишенгени үчүн өкүнүп отурганын айтты. Апасына быйыл февралда “эмчек рагы” деген диагноз коюлуп, алгачкы медициналык дарылануудан өткөндөн соң Хашым Зайналиевке алып келишкен экен:

- Интернетте бул кишинин табыптыгы тууралуу видеолорун көрүп, ишенип бардык эле. Чөп менен дарылайт экен, көрүнө берели дегенбиз. Он күн дары чөп берет экен. Анан ийне сайып, дарылаганга өтөт экен. Аябай оорутуп дарылайт. Апам үч ирет эс-учун жоготту. Үйгө кете берели десек, “он күн дары чөп ичтиңер, эми ийне менен дарыланышыңар керек, антпесе пайдасы болбойт” деп ишендирди. Үмүт артып, дарыланууну уланттык. Ал жерде аябай оор абалдагы кишилер жатканын көрдүм. Аялдардын жатынын колу менен тазалайт экен. Андай учурларда оору сездирбеген эч кандай дары-дармек колдонбогонуна күбө болдум.

Айзада апасынын 20 күндүк дарыланууга 50 миң сом төлөшкөнүн кошумчалады.

- Акчасына да кайылбыз, өкүнүчтүүсү биз убакыттан уттуруп жибердик. Көрсө, биздин апабыздын башында да залалдуу шишик бар экен. Аны Зайналиев билбейт тура. Ал киши ракты айыктырбайт экен.

Ошол эле учурда коомчулукта "Зайналиев оорулуу адамдарды күчтөп алып келип дарыламак беле?" деп, бейтаптардын саламаттыгын табыпка ишенип тапшырганы үчүн жакындарын күнөөлөгөн пикирлер да айтылууда.

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

Зайналиевдин маселеси Жогорку Кеңештин 12-декабрдагы жалпы жыйынында да көтөрүлдү.

Депутат Элвира Сурабалдиева Саламаттык сактоо министрлигин Зайналиевге окшогон өзүн өзү дарыгер жарыялагандарга тыюу салууга чакырды:

- Министрлер, орунбасарлар, силер килтейген мекемелерди башкарып отурасыңар. Масштабдуу ой жүгүрткүлө, сураныч. Мындай иштерге (Зайналиевдин табыптык ишмердигине) тыюу салгыла!

Хашим Зайналиев дарегине айтылган сын-пикирлерди куру доомат катары баалап жатат. Байланышып, акыркы жагдайлар боюнча комментарий ала алган жокпуз. Ал 8-декабрда “Фейсбук” аркылуу президентке кайрылуу жасап, ишмердиги таза экенин белгилеген жана медицинанын альтернативдүү системасын иштеп чыгып, өркүндөтүүгө аракет кылып жатканын билдирген.

Зайналиевдин иши иликтенип жаткан беренеге ылайык, мыйзамсыз медицина менен алектенген адамдын күнөөсү тастыкталса, акчалай айып салынат же үч жылдан беш жылга чейин камалат. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда кылмышка шектүүнүн эмканасы тинтүүгө алынды жана өзүнө өлкөдөн чыкпоо милдеттендирилди.

Азыркы тапта Саламаттыкты сактоо министрлиги Зайналиевдин эмканасы мыйзамсыз иштеп жатканын далилдөөчү документтерди топтоп жатат. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев эмкананы жабуу жаатындагы аракеттер тууралуу парламентте айтты:

- Ички иштер министринин биринчи орунбасары менен да муну талкууладык. Коопсуздук кеңешинин катчысына да, Башкы прокуратурага да кат жибергенбиз.

Буга чейин да Саламаттык сактоо министрлиги өзүн дарыгер атаган Хашим Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече ирет кайрылган. Коомчулукта Зайналиев табыптык менен көп акча табары белгиленип, өкмөттүн ага каршы чара көрбөгөнүнө түрдүү түкшүмөлдөрдү жараткан.

Залалдуу шишик, же рак - оор дарттардын бири. Ага чалдыккан адам химиялык терапиядан өтүп, такай медициналык көзөмөлдө болууга тийиш. Өз алдынча дарылоо илдеттин ого бетер курчушуна алып келерин дарыгерлер эскертишет.

Өзүн табып, дарыгер атаган Хашим Зайналиевдин ишмердигине байланыштуу "Азаттыктын" кабарчылары 2016-жылы тарткан тасма:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG