Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:51

Табып дарылаган секелектин абалы оор


Хашим Зайналиев. 2016-жыл.

Бишкекте эч кандай медициналык документи жок табып дарылаган кыз оор абалда ооруканага түштү.

28-ноябрда Онкология борборунун балдар бөлүмүнө түшкөн беш жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда. Ак кан илдетине чалдыккан секелекти буга чейин чуулгандуу табып Хашим Зайналиев дарылаганы айтылууда.

Кыздын азыркы абалы тууралуу Онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Сагымбекова буларды айтып берди:

- Табыпка барганда эмне кылды деп сурап жатабыз. Ар кандай чөптөрдү берген окшойт. Киндигинин астына ийне сайыптыр. Азыр кыз кан сийип жатат. Кандын курамында тромбоцит калбай калган. Күчтүү чөптөр аны организмден жууп кеткен. Бейтаптын акыбалы оорлоп турганда, ар кандай чөп-чар илдетти ого бетер күчөтүп жиберет.

​Азырынча кыздын ата-энеси табыпка каршы арыз жаза элек. Массалык маалымат каражаттарына да сүйлөп берүүнү каалабай турушат.

Онкология борборунун балдар бөлүмүнүн дарыгерлери буга чейин ата-энеге кызын ооруканага жаткырууну сунуштаганын айтышууда.

- Эки жума мурда Оштон дарыгерлер байланышып, кызды дарылатпай алып кетишкенин кабарлашкан. Бизге келет чыгаар деп күтүп жатканбыз. Эжеси келип, анализдерин да көрсөтүп кеткен. "Жаткыргыла, оорунун жеңил формасы экен дарыласа болот" деп айтканбыз. Анан эки күн мурда минтип оор абалда алып келишти. Биз жеңил формасы болсо да айыгып кетерине жүз пайыз кепилдик бере албайбыз. Ал эми тиги табып какыс айыктырууга убада берген экен, - деди Сагымбекова.

"Азаттык" чуулгандуу табып Хашим Зайналиевдин өзү менен байланышты. Бирок ал эч кандай маалымат бербесин айтып, телефонду коюп салды.

Анткен менен "Фейсбуктагы" баракчасында кызды дарылаганын моюнга алып, өзүнүн дарегине айтылган дооматтарды четке кагып жатат.

"Биз кызды ата-энесинин уруксаты менен дарылаганбыз жана балдардын ак кан оорусун айыктырууда тажрыйбабыз жок экенин эскерткенбиз. Массалык маалымат каражаттары жана Интернет аркылуу чуулгандуу кабар тарап кеткенине таң калып жатам. Оо, эл-журт! Мени чын эле силер айтып жаткандай элестетесиңерби? Эгерде мен күнөөлүү болсом, эмнеге баланын ата-энеси укук коргоо органдарына арыз жазган жок? Биз болгону кишилерге жакшылык кылып жатабыз", - деп жазган Хашим Зайналиев.

​​

Өзүн табып эсептеген Хашим Зайналиев 2016-жылдан бери бейтаптарды өз алдынча дарылаганга аракет кылып келет. Анын ишин токтотууга мамлекеттик органдар киришип, бирок өтөсүнө чыккан эмес.

Айрым эксперттер Кыргызстанда оор дартка чалдыгып, өлүм алдында жаткан адамдарга жардам көрсөтүү ойдогудай болбой жатканын бир нече жолу айтышкан.

Мындай кайдыгерлик дартына даба издеген адамдарды көзү ачыкка, бүбү-бакшыларга кайрылууга түртүп жатканын "Эргене" коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова белгиледи.

- Мамлекет бул маселени чечиши керек. Ооруну эрте аныктоо башка жерлерде акысыз жүрөт. Кыргызстанда да илдетти эрте аныктоо программалары мамлекет тарабынан каржыланышы зарыл. Оорунун акыркы стадиясына жетип калганда биз адамды жалгыз калтырып жатабыз. Андан сырткары анын үй-бүлөсү дагы куурайт. Анткени жакын адамынын жаны кейип турса, алар дагы стресс болот.

Ичээр суусу азайып калган кишинин оорусун басаңдатуу медицинада паллиативдик жардам деп аталат. Бул ыкма өнүккөн өлкөлөрдө жакшы иштейт.

​Улуттук онкологиялык борбордун паллиативдик жардам бөлүмүнүн дарыгери Жаңыл Кочкорова эл ракты өз убагында дарылоо керектигин аңдабай жатат деген пикирде:

- Эгерде бейтапка убагында диагноз коюлуп, маалында дарыланса оорудан 100 пайыз айыгып, узак жашоого мүмкүнчүлүк алат. Бирок көпчүлүгү антпейт. Дарты аныкталгандан кийин деле Орусияга, Түркияга иш издеп кетип, ооруну күчөтүп алышат. Биз аларга болгон жардамды бергенге карабай, дарыгерлерден качып, көзү ачык, бакшыларга барат же уулуу заттар менен дарыланышат. Маселен, Хашим Зайналиевдин айынан көп чуу чыкты. Эгерде бизде ошондой болсо дароо сотко берип, борбордогу дарыгерлердин айласын кетиришмек. Бирок Зайналиевге азыр деле баргандардын аягы сууй элек. Андан оорусу өтүшүп, таптакыр болбой калганда гана биздин бөлүмгө келип жатышат.

Улуттук онкологиялык борбордо ооруга чалдыккан адамдарга паллиативдик жардам берген 13-бөлүм иштейт. Буга бейөкмөт уюмдар да каржылык жактан жардамдашып келет. Расмий маалыматка таянсак, рак оорусуна чалдыккан 25 миңден ашуун бейтап каттоодо турат.

"Ыңгайсыз суроолор": Үмүттөн акча тапкандар. 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG