Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Кыргыз эли чыгаан уулу менен коштошту


Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатуу. 24-июль, 2018-жыл
Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатуу. 24-июль, 2018-жыл

"Азаттыктын" чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда өзү туулуп-өскөн Кочкор районунун Көк-Жар айылына коюлду. Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди тайманбастан козгогон, Кыргызстандын коомчулугунун сүймөнчүгүнө айланган таланттуу иликтөөчү журналист болчу. Ал 22-июлда 28 жашында көз жумду. Журналист былтыр октябрда үйлөнгөн, жубайы экөө биринчи баласын күтүп жатышкан.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева баштаган саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер, Уланбек Эгизбаевди урматтаган замандаштары катышты.

- Баарыңар ойлоп көрсөңөр, 28 жашыңарда эмнени жасап бүтүрдүңөр эле? Уланбек Эгизбаев 28 жашында биздин республиканы титиретип, өзү жазган окуялар менен дүңгүрөтүп, планетанын төрт бурчуна чейин жетип жатты. Нью-Йоркко барды, башка жактарга барды, Кыргызстандын атын даңазалап жүрдү. Мен азыр келип “бул эмне деген айыл”, “бул баланы кайсы мектепте окуттуңар эле”, “кандай мугалимдер сабак берген”, “кандай балдар жанаша жүрдү эле” деп кызыгып сурап жатам. Акылы курч, сөзү тунук, көтөргөн темалары болсо абдан маанилүү эле. Мен ойлойм, акыркы кездеги эң баатыр жигит Уланбек Эгизбаев болду. Сөзү менен, өзүнүн калеми менен Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштү. Канча иштерди көтөрүп чыкты. Азыр журналисттен көп неме жок. Бирок андай темаларды ар бири эле көтөрө албайт, ар бири эле жаза албайт, ар бири эле ошондой кайратман эмес, жүрөктөрү жок. Ошолордун ичинен 28 жаштагы бала баарына үлгү болуп кетти, - деди экс-президенти Роза Отунбаева. ​

Журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгү жерге берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:04 0:00

"Уланбек кайталангыс жигит эле"

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын башчысы Венера Жуматаева Уланбек кыска өмүрүндө жалпы элдин уулуна айланганына токтолду:

- Бул “Азаттык” үчүн да чоң жоготуу. Ал биздин да кайталангыс жалгыз уулубуз эле. Чындыкты издегенден, сүйлөгөндөн, айткандан коркпогон курч жигит эле. Ал үчүн ата-энесине, бир туугандарына абдан ыраазыбыз. Мындай баланы кантип тарбиялаганыңызды, окутканыңызды билбейм. Ушул Көк-Жар айылындагы мектептин мугалимдерине, айылга, элине абдан ыраазыбыз. Ушундай таланттуу, ушундай акылдуу болчу. Мен ушул жерде айта кетейин, Көк-Жар айылынын мектебинин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия беребиз. Уланбектей мыкты балдарды, таланттарды дагы чыгаргыла, өстүргүлө. Кыргызга Уланбектей баланын жүзү да, миңи да аздык кылат. Андан тышкары, Уланбектин достору, санаалаштары, саясатчылар, журналисттер биригип туруп, 28 жашка чейинки эң мыкты иликтөө материалдарын жасаган журналистке Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык уюштурабыз. Уланбек 28 жыл жашаса да, ушунчалык көп ишти бүткөрүп кетти, сиздердин айылды, бүт Кыргызстанды таанытып кетти. Анын жасаган материалдары англисче которулуп, канча деген өлкөгө тарады. Уланбек өзү кыска өмүрүндө жалпы элдин уулуна айланганын сезбей калды окшойт. Бирок ошону сезет деп ишенебиз.

"Сенин боорукерлигиңе муктаж адамдар жетимсиреп калды"

Жарандык активист, Уланбек Эгизбаевди журналист катары өтө урматтаган Өндүрүш Токтонасыров "карапайым элдин үнүн эми ким угат?" деп кейиди:

- Бүгүн сен өзүң туулуп өскөн айылың гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан, жети дубандын эли, угармандар, көрөрмандар, жаш-карысы ишенип-ишенбей, ыйлап-сыздап отурушат. Мындай мамилеге ар бир эле адам татыктуу боло бербейт. А сен ошого татыктуусуң, жылдыз болуп жанган адам болчусуң. Бул жарыкчылыкта ар кандай шартта, ар кандай деңгээлде жашаган адамдар болот. Эми сен кетип калдың. "Сенин боорукер жүрөгүңө муктаж, сенден жардам алсак деген, сени менен сүйлөшсөк, биздин укугубузду коргоп берсе" деген канчалаган адамдарды жетимсиретип кете бердиң.

"Уланбек элдин уулу болду"

Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы, коомдук ишмер Темир Сариевдин көз карашында, Уланбек Эгизбаев аз өмүрүндө мамлекет жана эл үчүн күйгөн инсан катары жашап өттү:

- Мен Уланбектин ата-энесине айткым келет: Уланбек элдин баласы болду. Баарына тик караган, курч, эч нерседен тайманбаган, мамлекет жана эл үчүн күйгөн, чындыкты чыркыратып айткан жигит эле. Азыр Интернетте элдин баары Уланбек тууралуу жазып жатат. Азыр адамдар сүйлөгөндө, аял эмес, эркек да ыйлады, баарыбыздын көзүбүзгө жаш келди. Жакшы адам ушинтип баарын ыйлатып кетет. Уланбек өлгөн жок. Анын жазган жазмалары, тарткан тасмалары калың элдин жүрөгүндө калды. Ар бир кыргыздын жүрөгүнө жетти.

"Уланбектин жасаган иштери эрдик"

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы журналист Рыскелди Момбеков "Уланбек Эгизбаев бүт өмүрүн Кыргызстандын, карапайым элдин жашоосун жеңилдеткенге арнады" деди:

- Уланбек ким эле? Уланбек - чыгаан журналист, Уланбек - коомдук-мамлекеттик ишмер. 28 жашында ушундай даражага жеткен эч ким болбосо керек. Ушул жерде турган туугандарына айтаарым, Уланбек сиздерди уят кылган жок. Уланбек улуу иш жасады. Ал коррупцияга каршы күрөштү. Ал ары жооптуу, ары кооптуу иштерди аткарды. Жүрөгү ак экенин, кызматы так экенин далилдеди. Уланбек кыргыз журналистикасын бир тепкичке көтөрүп, өзүнчө жаңы нук сала алды. Уланбек эрдик жасады. Мамлекетти каптап кеткен коррупция менен күрөшүү бул - эрдик. Уланбек жер саткан жемкорлор менен, көр саткан көпөстөр менен күрөштү. Бүт өмүрүн Кыргызстандын, карапайым элдин жашоосун жеңилдеткенге арнады. Уланбектин даярдаган материалдары боюнча бир да чиновник, бир да мамлекеттик орган намысымды тебеледиң деп сотко бере алган жок. Анткени Уланбек касапчы этти жиликтегендей эле, коррупцияны ушундай иликтеген жигит болгон. Уланбектей журналист дагы чыгарына мен көпкө ишенбей турам.

"Уланбек эми дастанга айланат"

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев "чындык жетимсиреп турат" деп белгиледи:

- Жайдын эң ысык күнүндө эң суук кабарды угуп, ишене алган жокпуз. Азыр жүрөк да, жан дүйнө да, чындык да ыйлап турат. Уланбек бүгүнкү күндүн эң мыкты күлүгү эле, ошол күлүктөн ажырап отурабыз. Уланбек бүгүнкү күндүн эр жүрөк азаматы эле, ошол эр жүрөк азаматтан ажырап отурабыз. Уланбек бүгүнкү күндүн эч нерседен тайманбас, бийиктикти, тазалыкты, аруулукту гана эңсеп жашаган ак шумкар эле, ошол ак шумкардан ажырап отурабыз. Мына, бул улуу тоолор эми ак шумкары жок калды. Уланбек 28 жашында бир кылым жашагандай кадыр-барк, абийир топтоду. Уланбек аз жашады, бирок нускалуу жашады. Уланбек эч кимден жеңилген жок. Кечээтен бери эң мыкты акындар Уланбекке ырларын арнап жазды, бүгүнтөн баштап ага обондорун арнап жазып жатышат. Уланбектин жер үстүндөгү сапары карыды, бирок түбөлүк сапары арыбайт. Эми ал ырга айланат, эми ал дастанга айланат, эми ал арманга айланат, эми ал обонго айланат. Эртедир-кечтир кайсы бир жерде бир сөз жетпей калса, бир чындык жетпей калса, ошондо арман кылып, ушуну Уланбек айтмак эле, ушуну Уланбек кылмак эле деп эстээрбиз... ​

"Уланбек Эгизбаев чындыктын символу болчу​"

"Уланбек Эгизбаев чындыктын символу болчу, ал келе жатканда саясатчылар качып турчу" деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кочкордо маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда:

- Улан дагы жашаганда коомду тазартмак. Адилеттүү, таза коом түзүш үчүн Уландай адам керек эле. Улан микрофонун көтөрүп Ак үйгө киргенде саясатчылар залдан качып жөнөшчү. Туш келди кабинетке кирип, ага үч мүнөттүк интервью берүүдөн качып турушчу. Анткени Улан чындыктын, акыйкаттыктын, адилеттүүлүктүн символу болчу.

Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, башка эс алуучулар тарабынан жээкке чыгарылган. Соттук-медициналык экспертиза борбору жүргүзгөн иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгында журналист "чөгүп өлгөнү" кабарланган.

"Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинде 23-июлда Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы өткөн. Ага саясатчылар, президенттин жана өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, министрлер, депутаттар, журналисттер жана аны тааныгандар катышкан.

Уланбек акыйкаттын туусун көтөрүп өттү...
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:14 0:00

Президент: Эгизбаев коррупцияга каршы күрөштө чоң колдоо көрсөттү

Президент Сооронбай Жээнбеков чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтты. Анын көңүл айтуу катын "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесиндеги эскерүүдө Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев окуп берди:

“Таланттуу журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүлбөгөн жерден кайтыш болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келе жаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди. Ал өз материалдарынын социалдык, моралдык жана саясий натыйжалары үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген кесипкөй калемгер болчу” деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу катында.

"Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргыз журналистикасынын тарыхында сакталып калат. Анын активдүү жарандык позициясы жана бийик кесипкөйлүгү жаш муундар үчүн үлгү болот" деп кошумчалаган президент.

Отунбаева: Уланбек журналисттик иликтөөнү жаңы деңгээлге көтөрдү

Экс-президент Роза Отунбаева эскерүү иш-чарасынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып журналист иликтөө тармагына ат көтөргүс салым кошуп кеткенин билдирди:

- Уланбек Эгизбаев күлүктүн күлүгү болчу. Ал журналистикалык иликтөө деген тармактын башатында турду десем да жаңылышпайм. 28 жаштагы журналист гигантттай болуп, бул жанрды абдан чоң деңгээлге жеткирип кетти. Журналисттик иликтөө болмоюн бизде коррупция, акыйкатсыздык деген дайыма гүлдөй берет. Тилекке каршы, биз Уланбектин күчүн, талантын пайдалана албай калдык. Өтө эрте кетип калды, - деди Роза Отунбаева.

Мурдагы мамлекет башчысы ошондой эле Уланбек Эгизбаев адамгерчилик жагынан, аялга мамиле кылуу жагынан да башкаларга үлгү болуп кеткенин белгилейт.

КСДП: Эгизбаев Кыргызстандын чыныгы патриоту эле

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) да Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз каза тапкандыгына байланыштуу көңүл айтуу катын жөнөттү:

- Биз Улан Эгизбаевди таланттуу кесипкөй жана Кыргызстандын чыныгы патриоту катары билчүбүз. Адилеттүүлүгү жана принципиалдуулугу үчүн баалачубуз. Мекенге болгон сүйүү жана жакшылыкка, жаркын нерселерге умтулуу анын, жадагалса, эң эле курч макалаларында да башкы нерсе эле. Бул баарыбыз үчүн оор жоготуу болду. Ал кайраты ашып-ташкан жаш куракта эле. Терең кайгыруу менен Улан Эгизбаевдин жакындарына жана туугандарына, ошондой эле "Азаттык" радиосунун жамаатына көңүл айтабыз. Ал жашоодо жарык из калтырды, анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталып калат, – деп айтылат көңүл айтуу билдирүүсүндө.

23-июлда саат 14:00дө Ош шаарындагы журналисттер аллеясында да Уланбек Эгизбаевди эскерүү жыйыны өттү.

Спикер: Уланбектин каза болушу кыргызстандыктарды кайгыга салды

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, анын дүйнө салышы жалпы кыргызстандыктарды кайгыга салды деп белгиледи:

- Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Ал таланттуу, жаркын адам эле. Журналистикалык иликтөөлөрү дайыма коомчулуктун көӊүлүн бурчу. Жаштыгына карабай көпчүлүк кесиптештерине үлгү болчу. Жалпы элге калеминин курчтугу, кайраттуулугу жана эмгекчилдиги менен таанылган. Албетте, Уланбек тууралуу өткөн чакта жазуу өтө оор. Уланбек Эгизбаевдин каза болушу жакындарынын гана жүрөгүн оорутпастан, жалпы кыргызстандыктарды кайгыга салды. Биз Уланбекти түбөлүк эскеребиз. Үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын теӊ бөлүшүп, аларга кайрат айтам.

Өкмөт башчы: Уланбек Эгизбаев чынчыл журналисттердин бири эле

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Уланбек Эгизбаев "ташка тамга баскандай мыкты эмгектери менен артында келаткан кесиптештерине өрнөк калтырып кетти" деп белгиледи:

- Уланбек Эгизбаев коомдогу коррупциялык көрүнүштөрдү жүзүн аёосуз ашкерлеген, чынчыл, калеми курч сейрек журналисттердин бири болчу. Дал Уланбек сыяктуу журналисттер коомду терс көрүнүштөрдөн тазалаган, жарандык ачык позициясы бар, нукура мекенчил уул деп аталууга акылуу. Эгизбаев “Азаттык” радиосунун үнү да, жүзү да десек ашыкча болбойт. Ал эл ичинде билинбей жүргөн карапайым каармандарды таап чыгып, кеңири журтчулукка атын чыгарган. Уланбектин “Азыркынын Дүйшөнү” аттуу тасмасы Нью-Йорк фествалынын мыкты телеберүүлөр сынагынын күмүш медалын жеңип келген. Жаштыгына карабай улуттук журналистиканын өсүп-өнүгүшүнө салымын кошту.

"Азаттыктын" канаты кайрылды...
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:52 0:00

Равшан Жээнбеков: Уланбек Эгизбаев өз заманынын лидери болчу​

Коомдук ишмер, мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун пикиринде, Уланбек Эгизбаев өз заманынын лидери болчу​:

- Мен Уланбек менен жакын саясатчы, көп нерсесин кеңешкен адам катарында аны менен сыймыктанам. Эмнегедир ага “ушунчалык бир нерсени бат кылып жатасың, токтонсоң болот эле” дегендей ичимден бир нерсе айткым келген. Бирок айткан жок элем. Тилекке каршы, ошол жасай албай, айта албай кала турган нерселерин бат кылайын, жетишейин деп аракет кылып бараткан экен. Улан жалаң эле журналист эмес, ал Кыргызстандагы көрүнүктүү лидерлердин бири болчу. Ал көрүнүктүү патриот, өз заманынын лидери болчу. Улан жаштарга чоң үлгү болду, жакшы жолду көрсөтүп кетти. Улан аз жашаса да чоң из калтырды. Жалаң эле жаштарга эмес, бардыгыбызга үлгү боло турган жигит, үлгү боло турган лидер болчу.​

Чыныбай Турсунбеков: Уланбек мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эч нерседен тартынбаган азамат эле

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы спикер Чыныбай Турсунбеков Эгизбаевди мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн оттон, суудан тартынбаган азамат эле деп эскерди:

- Уланбек менен акыркы жолугушуп, бетме-бет сүйлөшүп отурган мен, менин үй-бүлөм болуш керек. Эки күн мурда жолугушуп, социалдык маселелерди, жокчулукту, андан барып коррупцияны кеп кылдык эле. Ал көп нерсени биле турганын мен ошол жерде күбөсү болдум эле. Ал мага Кыргызстанда кайсы жеринде кандай коррупция бар экенин изилдегенин, изилдөөнүн натыйжасында эмнелерди тапканын айтып берди эле. Өзгөчө бүгүнкү күндө жемкорлуктун символу ким экенин, аны жоготмоюнча Кыргызстанда коррупция жок болбой тургандыгын да ишенимдүү айткан эле. Арабыздан шум ажал алып кетти. Бирок мен бир нерсени жакшы билем. Уланбек өзүнүн жеке кызыкчылыгына келгенде жулунбаган, өтө уяң, тартынчаак жигит болсо, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына келгенде оттон, суудан тартынбаган азамат эле. Дал ошондой мүнөзү бар эле. Буга чейин айтылгандай, адамдарды тирүү кезинде баалай албайт экенбиз. Эгерде бааласак Уланбектин иш-аракетине дем-күч бере турган биз элек, ушундай азаматтарыбыздын көп болушу үчүн кол-кабыш кылып, жардам бере турган биз элек. Тилекке каршы, ал жагынан бизден кемчилик кетти.

Төлөкан Исмаилова: Уланбек чоң коррупциянын түбүн ачкан

Укук коргоочу, "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова Уланбек Эгизбаев даректүү жана социалдык видеобаяндары аркылуу ондогон адамдардын сообуна калганын айтып кетти.

- Ал абдан чоң коррупциянын түбүн ачкан. Социалдык тармактарда “мага ачык, бош каттар келди” деп жазып жатпадыбы. Бул мафиянын белгиси болчу да. Ошондуктан журналисттин коопсуздугу Кыргызстанда начар экен деп айтат элем. Журналист өзүнүн оюн, профессионалдык ишин жүргүзгөн учурда да аларды коргоочу куралдар жок экенине күбө болуп жатам. Уланбектин тагдырын изилдеш керек жана чекит койбош керек. Уланбек даректүү тасмалар менен миңдеген балдардын сообуна калган. "Пандустар жок, Кочкордо Нургазынын тагдыры эмне болуп жатат?" деп дүйнөгө жар салган. Экинчиден, өткөн жумада эле аялдардын тагдырын чагылдырган “Башка өмүр” деген Уландын даректүү тасмасы өттү. Жарк этип кеңсеге да келип, бизге да чалып турчу. Ушундай кыргыздын таланттуу, уюткусу, таза адам кеткени өтө өкүнүчтүү. Бирок Уландын артынан миңдеген жаштар анын жолун жолдойт деп ишенем. Биз дагы акылдашабыз, быйыл ноябрда даректүү фильмдер фестивалынын эң ыйык булагы Улан Эгизбаевдин деп баштайбыз. Анткени Улан кыргыз эли үчүн, кечээги, бүгүнкү жана келечек үчүн жар салып кетти.

Уланбек, сен дайыма биздин жүрөгүбүздөсүң
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

Жалилов: Эгизбаев чындык үчүн чыркырап күйгөн журналист эле​

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-муфтий Чубак Жалилов Эгизбаев тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасында билдирүү жазып, журналистти акыйкат үчүн күйүп-жанган инсан катары баалады:

- Оттой жанган, чындык үчүн чыркырап күйгөн, таарынышкандарды жараштырганга далалат кылган, жашоосу сааттай чыкылдап өткөн, жигиттин гүлү Улан мырзанын дүйнө салуусу кабыргамды кайыштырды. Үйлөнөөрүндө келинчеги Сапаргүл экөө келип, мусулман пендеси молдодон угаар акыл-насаат сурап, айткан сөзгө муюп, кулак салганын бир эстесем, досуна күйөө жолдош болуп нике кыйдыртып кеткенин бир эстейм. Агалык кылып кээде урушуп койсом, ашыкча сөз айтпай угуп, “Макул, ажыкем!” дегени көз алдымда дале турат. Менден алган акыркы маегиң "Кабырстан коррупциясы" жөнүндө болгон эле. Маектин акырында сени алып калып, башыңды кармап, дем салып берип, көз тийгенден сактаган дубаны жазып, колуңа карматып, "ушуну дамамат окуп жүр, жамандардын көзүнөн, өзүнөн Кудайым сактасын, улуу жолдосуң, акыйкаттын ташы оор, этият бол" деп айтып узаткан элем.

Азамат Тынаев: Уланбек Эгизбаев бай мурас калтырып кетти

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев Уланбек Эгизбаев аз өмүр сүргөнүнө карабастан, бай мурас калтырып кетти деп эсептейт:

- Кечээ өтө кайгылуу күн болгонуна социалык тармактарда бардыгыбыз күбө болдук. Уланбекти жеке тааныбаган адамдар да анын өлүмүн өздөрүнүн жеке жоготуусу катары кабыл алышты. Бул жөн жерден эмес. Уланбек өзүнүн журналисттик эмгеги менен бул кесипке жан киргизди. Ал биздин бардыгыбызга күч колдонуп революция кылбай туруп, өзүндө болгон мүмкүнчүлүк менен көп нерсени өзгөртсө, көп нерсе менен күрөшсө боло турганын көрсөттү, ошого үмүт берди. Бул - анын үнү. Тилекке каршы ал аз, бирок жаркын өмүр сүрдү. Биз азыр Эгизбаевдин мурасы тууралуу айтсак болот. Анын бардык иштери изилдеп чыгууга, келечектеги чынчыл, мекенчил, тайманбас жана керт башын ойлобогон журналисттерди тарбиялап, аларга үлгү кылып көрсөтүүгө татыктуу.

Эгизбаевди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү демилгеси

Айрым кыргызстандыктар Уланбек Эгизбаевди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү сунуш кылып жатышат.

- Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, кыргыз мамлекетине, элине, аябагандай зор эмгек кылган, мыкты журналист, лидер жана атуул! Кыргыз эл баатырлыгына толугу менен татыктуу! – деп жазды саясатчы Равшан Жээнбеков.

Мындай демилгени коомдук ишмер жана айыл чарба адиси Манас Саматов да билдирген:

- Урматтуу президент мырза! Уланбек Эгизбаев уулубузга "Эл баатыры" деген наам берүүнү сунуштайм. Биз, кыргыздар адилеттүүлүк үчүн, таза турмуш үчүн, жаркын келечек үчүн, коррупцияга каршы тайманбай күрөшкөн уул-кыздарыбыздын эмгегин баалай билерибизди көрсөтүүгө милдеттүүбүз!

Уланбек Эгизбаев демократия жана сөз эркиндиги үчүн күрөштү

Жаш болсо да жамы журтка таанымал болуп калган чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал болгону 28 гана жашта эле.

Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди тайманбастан козгогон, Кыргызстандын коомчулугунун сүймөнчүгүнө айланган таланттуу иликтөөчү журналист болчу. Ал акыркы жылдары "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы программасы үчүн коомдо зор талкуу жараткан бир катар орчундуу иликтөөлөрдү даярдап, обого алып чыккан.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Көк-Жар кыштагында туулган.

Ал 2013-жылы эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде журналистика адистиги боюнча бакалавриатты, ал эми 2015-жылы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. Ал студент кезинде Түркиядагы журналистика жаатындагы бир катар сынактардын жеңүүчүсү болгон.

Уланбек Эгизбаев эмгек жолун 2012-жылы "Жаңы Агым" эркин гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштаган.

Журналисттик таланты, мээнеткечтиги, ыкчамдыгы, көп тилдерди билгендиги эске алынып, 2013-жылы Уланбек "Азаттык" үналгысынын жергиликтүү бюросуна — “Азаттык Медиа” мекемесине жооптуу сыналгы журналисти кызматына кабыл алынган. Ошондон тартып өмүрүнүн соңуна чейин ал "Азаттык" үналгысында үзүрлүү иштеп келди.

Ал 2016-жылы Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасын алган.

2016-жылы Улан Эгизбаевдин кочкорлук майып окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк “Webby Awards” же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, Нургазы экөө Нью-Йоркко барып келишкен.

Нургазыны Нью-Йоркко жеткирген кыял
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

Ал эми журналисттин 25 жылдан бери Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин атчан барып-келип иштеген карапайым мугалим Кеңешбек Шоруков тууралуу "Жол" деп аталган даректүү тасмасы эл аралык Нью-Йорк фестивалынын мыкты телеберүүлөр сынагынын күмүш медалына татыган. Тасманын каарманы Кеңешбек Шоруковго бул тасмадан кийин "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими" наамы ыйгарылган.

“Азаттыктын” каарманы кош сыйлыкка татыды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Уланбек Эгизбаев негизги журналисттик кесибинен тышкары, коомдогу актуалдуу маселелерге карата жарандык турумун Интернеттин коомдук тармактары аркылуу ар дайым ачык билдирип келгени менен айырмаланчу. Ал адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка кайдыгер карап тура алчу эмес.

Анын соңку эле учурлардагы «Саясатташкан мумия», «Бажыдагы уурулук» жана «Көрүстөндөгү коррупция» сыяктуу сыналгы берүүлөрдө козгогон жемкорлукка каршы курч жана так дарекке таянган материалдары Кыргызстандагы учурда жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөшкө «Азаттык Медиа» мекемеси кошкон ири салым гана болуп калбастан, өлкөдөгү тайманбас журналисттик иликтөөнүн өрнөгү да болуп калды.

Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү болгону да, түшүнүксүз каттар келгени да маалым болгон.

Саясатташкан мумия
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:46 0:00

Иликтөө: Көрүстөндөгү коррупция
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:21 0:00

Бажыдагы уурулук
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:29:45 0:00

Кандуу жүк кимдики?
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:03 0:00

Ал талбас эмгекчилдиги, курчтугу жана калыстыгы менен башкалардан айырмаланган өзгөчө жигит болчу. Уланбек Эгизбаев өз материалдарында көтөргөн көйгөйлөрдүн бир даары оң чечилип, ал эми анын даректүү тасмаларынын каармандарынын тагдырлары дурус нукка өзгөргөн учурлар арбын.

Бир койго сатылган Азамат...
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:34 0:00

Уланбек Эгизбаев Кыргызстандын демократиялуу жана сөз эркиндиги толук камсыз болгон жаркын жана бакыбат келечекке карай адымдоосу үчүн жан-дили менен күрөшкөн өз Ата Журтунун чыныгы атуулу эле.

Кыргыздын чыгаан уулунан мезгилсиз айрылганыбызга кабыргабыз кайышып турат. Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Анын элеси баарыбыздын эсибизде түбөлүк сакталат. Анын аткарып келген ишин мындан ары ырааттуу улантуу парызын Кыргызстандагы журналист кесиптештери татыктуу аткарат деп ишенебиз.

Топурагың торко, жаткан жериң жайлуу болсун, Болот Канат Жаш Туйгун! Биз сени эч качан унутпайбыз!

Отунбаева Роза

Бакир уулу Мирлан

Өмүркулов Иса

Турсунбеков Чыныбай

Нурбаев Абдувахаб

Акаев Жанарбек

Бекешов Дастан

Касымалиева Аида

Каптагаев Эмилбек

Байболов Кубатбек

Жээнбеков Равшан

Жакупова Чолпон

Исмаилова Төлөкан

Абдирасулова Азиза

Асия Сасыкбаева

Акун Турсунбек

Чубак ажы Жалилов

Үмөталиева Токтайым

Үмөталиев Эмил

Байсалов Эдил

Турдубекова Назгүл

Ошурахунова Динара

Рысбаев Бакыт

Токтонасыров Өндүрүш

Усенова Бегаим

Тынаев Азамат

Нарын Айып

Стамалиева Толгонай

Эсенгулов Чыңгыз

Мусаев Айбек

Усен уулу Жайнак

Карыпбеков Илим

Кыясов Эрнис

Жуматаева Венера

Касмалиева Айзада

Чоротегин Тынчтыкбек

Молдокасымов Кыяс

Жумагулов Султанбек

Каназаров Султанбек

Сарыгулова Бурулкан

Дүйшеев Шайлообек

Ибраимов Осмонакун

Досалиева Бүбүкан

Шамшиев Бекташ

Орунбеков Бакыт

Чекиров Кубат,

ж.б.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG