Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Москва: «теракт» айыбынан кийинки текшерүү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Укук коргоочу Валентина Чупик Москвада кыргызстандыктарды текшерүү күчөгөнүн, адам укуктары бузулуп жатканын ырастады.

Москвалык укук коргоочу Валентина Чупик Орусиянын борбор калаасында кыргыз жарандарынын миграциялык документтерин текшерүү күч алганын билдирди.

Укук коргоочунун айтымында, 2-ноябрда кыргызстандыктардан 104 кайрылуу түшкөн. Бир күн мурда Москва полициясынын 5-бөлүмүндө кармалган 62 адамдын бардыгы кыргыз жарандары болуп чыккан.

Валентина Чупик
Валентина Чупик

5-ноябрда Валентина Чупикке Москванын Чыгыш Дегунино району боюнча полиция бөлүмүндө үч күн камакта отурган кыргызстандык 19 жаштагы Бактыбеков Б. кайрылган. Чупиктин айтымында, ага үч күн бою суу, тамак берилген эмес.

Укук коргоочу миграциялык документтерди текшерүүдө кыргыз жарандарынын укуктары бузулуп жатканын айтып, коңгуроо кагууда.

- Ал мага телефон чалып, эч себепсиз камакта отурганын билдирди. Кийин өзү миграциялык каттоосун узартпаганы белгилүү болду. Бирок бул полицияга адамга үч күн бою суу бербей, ачка камоого эч кандай укук бербейт. Кылмыш иши козголгон кезде деле адамды эки күндө же бошотуш керек, же айып тагыш керек. Ага жатканга төшөк, үстүнө да бир нерсе берилиши керек эле. Мунун бири да болгон эмес. Муну адам үч күн бою кыйноого кабылган десе болот. Ал сууну дааратканадан алып ичүүгө аргасыз болгон. Мен кезметте турган кызматкерге телефон чалсам, «тамак сураган жок» деп жооп берип жатпайбы.

Чупиктин "Фейсбукка" жазган постунан кийин Москвадагы элчилик кыргыз жаранынан кабар алган.

Гүлбарчын Байымбетова
Гүлбарчын Байымбетова

Кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова Бактыбеков Б. Орусияда миграциялык каттоого туруу эрежесин бузганын, административдик иши сотто 7-ноябрда караларын билдирди. Ошондой эле кыргызстандык мигрант укук коргоо органдарына өзү тууралуу жалган маалымат бергенин кошумчалады.

Элчиликтин маалыматына ылайык, «Москвада кыргызстандыктарды гана текшерүү күчөдү» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Дипломатиялык мекеме учурда Москва шаары менен облусунда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо максатында полиция «Нелегал» рейддерин өткөрүп жатканын эскертүүдө.

1-ноябрдан бери элчиликке мындай текшерүүлөр боюнча канча жаран кайрылганы тууралуу маалымат берилген жок.

Төлөнбай Кожобаев
Төлөнбай Кожобаев

Ал эми Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Төлөнбай Кожобаев кадимки шартта иштеп жатышканын, камакка алынгандар боюнча өкүлчүлүккө кайрылгандар көбөйбөгөнүн билдирди.

- Жарандар дайыма эле кайрылып турушат. Кызматкерлер полиция бөлүмүнө байланышып, кээде ошол жерге барышат. Бирок дүрбөлөңгө түшкөндөй кырдаал жок.

Ошол эле кезде Москвадагы кыргызстандыктар базар, аэропорт, вокзал сыяктуу эл көп чогулган жайларда текшерүүлөр болуп жатканын кабарлашууда.

2-ноябрда кайрылган кыргызстандык мигрант Москванын Савеловский базарында рейд учурунда полиция кызматкерлери документтерин чогултуп алып, бирок миграциялык картасын кайтарып беришпегенин айткан. Дагы бир мигрант аял метродо полиция кызматкери документтери жайында экенине карабай "мага үн көтөрдүң" деп эки саат камап койгонун билдирген.


Москванын метросунда теракт уюштуруу аракетине шек саналып, ФСБ теги кыргызстандык адамды камакка алганы 6-ноябрда маалымдалган. Атайын кызмат эми анын болжолдуу шериктерин издеп жатканы да айтылган. Айрымдар бул текшерүүлөрдү дал ушул окуя менен байланыштырып жатышат.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин октябрдагы маалыматына ылайык Орусияга иш издеп агылган кыргызстандыктардын расмий саны 750 миңден ашты.

Миграциялык эрежелерди сактабай өлкөдөн чыгарылгандардын «кара тизмесинде» 40 миңдей кыргызстандык бар болчу. Акыркы маалыматтар боюнча миграциялык эрежелерди бузганы үчүн Сахароводогу миграциялык борбордо 57 жаран Кыргызстанга депортацияны күтүп турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG