Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Нарын: айдоочулар митингге чыкты


Айдоочулардын митинги
Айдоочулардын митинги

10-мартта Нарын шаарынын четинде жайгашкан бажы терминалдын жанына жүздөн ашык айдоочу нааразылык акциясына чогулду.

Бишкек-Торугарт жолу аркылуу оор жүк ташыган айдоочулар Кытайдын бажы көзөмөлүндөгү жаңы эрежеси аларды убарага салып жатканын айтышты. Бул маселени кыргыз өкмөтү тез аранын ичинде чечип бербесе, жүздөгөн айдоочулар ишсиз калышы ыктымал дешүүдө.

Айдоочулардын үнү

Акцияга Кытайдан Бишкек-Торугарт жолу аркылуу оор жүр ташыган автоунаалардын айдоочулары чыкты. Алар өкмөттөн Кытай мамлекети менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылышууда. Анткени жакынкы убактан бери Кытай бажычылары тент менен жабылган оор жүк ташыган автоунааларды өз аймагына киргизүүгө тыюу салган.

Айдоочулар Кытайда кыйналууда

Айдоочулар Кытайда кыйналууда

Кыргызстандык отуз айдоочу унаасы менен Кытайда төрт күндөн бери камалып жатат. Буга байланыштуу Оштогу оор жүк ташуучу айдоочулар бирикмеси нааразылык жыйынга чогулушту.

Көп жылдан бери Кытайдан оор жүк ташып иштеген Оморбек Кулунчаков кошуна өлкөнүн жаңы эрежеси күтүүсүз болуп, бир топ айдоочуларды түйшүккө салып жатканын айтты.

- Биз айдап жүргөн эл аралык стандартка жооп берген автоунааларыбызды Кытайдын бажысы жаратпай жатат. Анткени биздин унаалардын үстү тент менен жабылган. Кытайлар болсо "аны контейнер кылгыла, болбосо жүк жүктөбөйбүз, макул болбосоңор олчойгон айып пул салабыз" деп жатышат. Биздин өкмөт болсо айдоочулардын абалы менен иши жок.

Бишкек-Торугарт жолу аркылуу жүк ташыган миңге чукул автоунаанын дээрлик бардыгы Кулунчаков айтып жаткан тент менен чүмкөлгөн. Айдоочулар эгер Кытайдын талабына ылайык автоунааны тент эмес, контейнер менен жабдыса Казакстан, Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн бажы көзөмөлүнөн өтпөй калышы ыктымал.

"Айдоочулардын үнү өкмөткө жетпей жатат, жетсе да алар элдин көйгөйүн укпайт" деген айдоочулардын дооматына Нарын аймактык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Сыдыков жооп берди.

- 2004-жылы Кубанычбек Жумалиев транспорт министри болуп турганда оор жүк ташыган автоунаалар тент менен жүк ташууга Кытай өлкөсү менен эки тараптуу макулдашуу кабыл алынган. Биз Кытайдан эмнеге макулдашууну бир тараптуу бузуп жатканын сурадык. Сүйлөшүүлөр бүткөн соң силерге айтылат.

Чогулгандар өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыповго айдоочулардын көйгөйүн өкмөткө жеткирүү талабын коюшту.

- Транспорт, Тышкы иштер министрликтерине силердин үнүңөрдү жеткирем. Эртең мен өкмөткө, премьер-министрге барам.

Айдоочулардын айтымында, учурда Кыргызстандан 200дөй КамАЗ жаңы эреженин айынын Кытай чек арасынан өтө албай калган. Аларга 50 миң юань айып салынары айтылган экен.

Мындан бир апта мурда Ош-Эркечтам аркылуу чек арадан эч тоскоолдуксуз Кытайга кирген кыргызстандык оор жүк ташуучу унаалар Улуу-Чат аймагында камакка алына баштаган. Кытай чек арачылары айдоочуларга кар күрөтүп, кара жумушка салганы айтылган.

Кыргызстанга импорттун басымдуу көлөмү Кытайдан келет. Алардын көбүн кыргызстандык оор жүк ташуучу унаалар ташыйт. Бишкек-Торугарт жолу аркылуу Кытайдан Кыргызстанга товар алып келген миңден ашуун оор автоунаа бар. Кыргызстандын казынасын толтурган бажы салыгынын ири бөлүгү дал ушул Кытайдан КамАЗ менен ташылган товарлар эсебинен камсыздалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG