Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Акматов: Талапка жооп бербеген май куючу жайлар көп


Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин жетекчи орун басары Союзбек Акматов май куючу жайлардагы жана май кампаларындагы коопсуздук боюнча кеп салды.

"Азаттык": Былтыр декабрь айында май сакталган эки кампада ири өрт кырсыгы катталды. Акыркысы беш адамдын өмүрүн алып кетти. Сиздер учурда мындай жайларды текшере баштаган экенсиздер. Коопсуздукту камсыздоо чаралары кандай экен?

Союзбек Акматов: Панфилов районунда беш адамдын өмүрүн алып кеткен өрт кырсыгынан кийин премьер-министрдин буйругу менен өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Ал комиссиянын башчысы ички иштер министри. Учурда республикадагы бардык май куючу жайлар текшерилип жатат. Кыргызстан боюнча 600дөн ашык май куючу жай катталган. Булардын баарын 10-январга чейин текшерип бүтүшүбүз керек.
Жолдордун боюнда, башка социалдык объекттерге жакын салынган жайлар бар.

“Азаттык”: Текшерүү жүргүзүү үчүн ушундай кырсык болушу керек беле? Буга чейин май куючу жайлардагы коопсуздукту карачу белеңиздер?

Союзбек Акматов: Туура эмес суроо берип койдуңуз. Акыркы учурда катталган өрт кырсыктары май куючу жайларда эмес, май ташыган унаалардын айынан болду. Азыркы текшерүүлөрдө чынында эле коопсуздук сакталбаган жерлер бар экени аныкталып жатат.

Бишкек шаарында мурунку норматив менен жайгашып калган май куючу жайлар бар. 2000-жылга чейин салынган май куючу жайлар бар. Жолдордун боюнда, башка социалдык объекттерге жакын салынган жайлар бар. Мурун 25 метрден арыраак болсун деген норматив бар болчу. Андан кийин бул нормативдер дагы күчөтүлгөн. Бирок бул чаралар көрүлгөнгө чейин салынган май куючу жайлар көп.

Бишкек шаардык кеңештин нормативге жатпаган май куючу жайлардын баарын өзгөртүп, дүкөн, дагы башка жайларга айландыруу боюнча чечими чыккан. Ал буйрук ошону менен аткарылбай калды.

“Азаттык”: Эмнеге аткарылбай калды?
Кыргызстан боюнча 600дөн ашык май куючу жай катталган. Булардын баарын 10-январга чейин текшерип бүтүшүбүз керек.

Союзбек Акматов: Убакыт өтүп кетти, жетекчилер алмашты. Мен ошого өзүм катышкам, шаардык кеңештин ушундай буйругу бар болчу.

“Азаттык”: Сапатсыз май алып келип, ошонун негизинде кандайдыр бир реакциялар болуп, өрт ошондон улам да чыгат деп айтышат. Бул жакты сиздер текшере аласыздарбы?

Союзбек Акматов: Биз аны карай албайбыз. Бирок Панфилов районунда болгон өрт кырсыгы чынында эле майдын октандык санын көбөйтөбүз деп техникалык процессти сактабай койгондуктан чыккан.

“Азаттык”: Талапка ылайык келбеген май куючу жайлар бар деп айттыңыз. Ал жайларды канча мөөнөттө бир текшерип турасыздар?

Союзбек Акматов: Май куючу жайларды мурун бир жылда бир текшерип турчубуз. Андан кийин өкмөттүн ишкерлерге жардам берүү боюнча буйругу чыккан болчу. Ага ылайык текшерүүлөр азайган болчу. Эми Экономика министрлиги аркылуу, эки жылда бир текшеребиз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG