Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Ош: Кадырбаев кайра мэр болду


Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов Кадырбаевге камчы карматууда. 25-май
Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов Кадырбаевге камчы карматууда. 25-май

Ош шаардык кеңеши бүгүн Аймамат Кадырбаевди шаар башчысы кызматына кайрадан шайлады. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги 41 депутат колдоду.

Дагы бир талапкер Алишер Мойдунов төрт добуш алды. Адистер бул жыйынтык күтүлгөндөй эле болгонун, бирок баары бир добуш берүүдө мыйзам бузуулар орун алганын билдирүүдө.

Программасы жок талапкер

Экинчи борбор калаа жетекчилигине азыркы мэр Айтмамат Кадырбаев шайланары күтүлгөн эле жыйынтык болчу. Анткени анын талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияны түзгөн Социал-демократтар, “Бир Бол”, “Мекеним Кыргызстан” партиялары сунуштаган. Алардын өзүндө 27 мандат болсо, мэр болуу үчүн болгону 23 мандат жетиштүү..

Добуш берүүнү эсептөө учуру
Добуш берүүнү эсептөө учуру

Бирок шайлоонун жүрүшүндө азчылык коалициядагы “Кыргызстан” жана “Республика-Ата Журт” партиялары да бир добуштан Айтмамат Кадырбаевге добуш бергени белгилүү болду. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрт депутаты гана өзү чыгарган талапкерди шайлаган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Абдижалил Муратов тааныштырды:

- Таркатылган бюллетендер 45. Үкөккө түшкөн бюллетендер 45. Жараксыздар жана “баарына каршы” добуш берилгендер жок. Биринчи талапкер Айтмамат Кадырбаевге 41 добуш, экинчи талапкер Алишер Мойдуновго төрт добуш берилди. Натыйжада Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп шайланды.

Жыйынтык кандай болорун алдын ала эле билгенби же жөн гана атаандаштык үчүн сунушталганбы, айтор “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Алишер Мойдунов шайлоо учурунда шаардык кеңешке басып келген жок.

Ош шаардык кеңеши
Ош шаардык кеңеши

Фракция лидери Абдисаит Каримбеков муну анын каалоосу деп түшүндүрдү. Каримбеков ошондой эле талапкерлер депутаттарга өздөрүнүн платформаларын сунуштабаганына нааразы болду:

- Биз сунуштаган талапкер шайлоого башында келген. Шайлоо комиссиясы “талапкер кааласа бул жерде олтурса да болот, кааласа кирбей койсо деле болот” деп билдирди. Натыйжада Мойдунов сыртта эле, ээн-эркин форматта жүрдү. Жалпы жонунан бул шайлоодо чоң мыйзам бузууларды байкаган жокмун. Бирок мени капа кылган нерсе: талапкерлердин программаларын угууга мүмкүнчүлүк берилбегени болду. Мен “шаардын төрт жылдык келечегин тандап жатабыз, шайлоо алдында талапкерлердин программасын, көз караштарын угуп коелу, кийин сурап алганга да жакшы болот” деп сунуштадым. Бирок тилекке каршы бул сунушту кабыл алган жок.

КСДПнын көзөмөлүндөгү шайлоо

Бирок ошол эле кезде шайлоого байкоо салып турган адистер мэр шайлоодо добуш берүүнүн купуялуулугу бузулганын ырасташууда. Муну алар бийликчил партиялардын өздөрүнүн депутаттарына ишенбегени, ошол себептүү ар бир бюллетенди текшерип турганы менен түшүндүрүүдө.

КСДП партиясынын байкоочулары добуш берүүгө жакын турушат.
КСДП партиясынын байкоочулары добуш берүүгө жакын турушат.

“Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева буларга токтолду:

- Шайлоо учурунда бардык депутаттар сыртка чыгып, бирден кирип добуш берип жатышты. Байкоочу катары ар бир партиядан бирден гана өкүл калды. Башка партиялардын байкоочулары алыста эле олтурса, КСДП фракциясынын депутаты Шакир Зулимов үкөктүн жанына келип отуруп алды. Кээ бир депутаттар добуш берген бюллетендерин ага көрсөтүп, анан үкөккө салып жатканы ачык эле байкалды. Бул абдан туура эмес көрүнүш, бул шайлоодогу жашыруун добуш берүү принцибинин бузулушу. Мындан сырткары шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов да утуру үкөк жакка өтүп добуш бергендерди текшерип, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө буйрук берип, кыдырып жүргөнү абдан туура эмес көрүнүш болду.

Акталып чыккан Кадырбаев

Ошентип эски мэр кайрадан шайланып, жаңы чапан жана жаңы калпак менен сыйланды. Депутаттар мэр Кадырбаевге “кол астындагыларды камчылап иштетүү үчүн” камчы белек кылышты. Айтмамат Кадырбаев болсо буга чейинки иштерин улантып, алдыдагы төрт жылда аткара турган негизги иштери менен бөлүшө кетти:

- Жакында жаңы программа иштеп чыгып, коомчулук талкуусуна коебуз. Башкы аракет катары Ош шаарын айланып өтчү чоң айлампа жол курууну пландап жатабыз. Буюрса муну сөзсүз бүткөрөбүз. Мындан сырткары шаардын ички жолдорун оңдоону да улантабыз. Шаарда эл көбөйүп баратат, ошого байланыштуу калкты турак жай, жер участкалары менен камсыз кылуу маселелерин жандантабыз. Ош шаар эми чаржайыт эмес, бийикти карай өсөт.

Буга чейин Ош шаарынын мэринин соттолгондугу боюнча маалымат тараган эле. Айтмамат Кадырбаевге 2010-жылы Ош облустук администрациясын басып алууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, мамлекеттик төңкөрүш жана массалык башаламандык уюштурган деп айып тагылганы айтылган. Кийинчерээк Ош шаардык соту аны бир жылга эркинен ажыратканы да ачыкка чыккан.

Айтмамат Кадырбаев 2010-жылы Ош облакимчилигин басып алуу учуру.
Айтмамат Кадырбаев 2010-жылы Ош облакимчилигин басып алуу учуру.

Шайлоодон кийин Кадырбаев өзү журналисттерге маек берип жатып бул маалыматтарды ырастап, бирок кийин акталып чыкканын билдирди:

- Бул маселе эки жарым жыл мурда, мен биринчи жолу мэрликке шайланганда да көтөрүлгөн. Албетте, соттолгон адам мамлекеттик кызматта иштебеши керек. 2010-жылы мага кылмыш иши козголгон, мен толугу менен облусттук сотто дагы, Жогорку Сотто дагы акталгам. Ошондуктан бул маселе мага тийиштүү эмес.

Бирок Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзамга ылайык, кылмыш иши козголуп, акталган адамдар мэрликке дайындалбашы керектигин адистер шайлоо алдында эскертишкен эле. Жогорку Кеңештин депутаты, юрист Алмамбет Шыкмаматов буга чейин “Азаттыкка” мындай деген:

- Мурда соттолуп, бирок айыппул менен чыккан адамдарды “соттолгондугу жоюлган" деп жатышпайбы. Бирок аны коомдун алдында баары бир кынтыксыз, моралдык таза адам деп айтууга кыйын да. Ошондуктан эгер жаран соттолуп же соттолгондугу жоюлган болсо да президенттикке, парламенттин депутаттыгына, судьялыкка жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине кызматка келбеши керек деген мыйзам бар. Аны эл өкүлдөрү кабыл алып, президент кол койгон, ал мыйзам күчүндө. Негизги стратегиялык калаа деп Борбор шаардын статусу жөнүндөгү жана Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзамдарына да ошондой норма кирген. Ошондуктан мэрликке сунушталган адам үлгү катары эч кандай кылмыш иштерине аралашпаган, өзгөчө мамлекеттик түзүлүшкө каршы турбаган адам болушу шарт. Анткени ага коомчулуктун акаараты болбошу керек, “өзүң да ушундай кылмышкерсиң” дебегидей таза киши болушу керек.

Айтмамат Кадырбаев 2014-жылдын 15-январынан бери Ош шаарын башкарып келет. Анда ал 25 депутаттын добушун алып мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду утуп чыккан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG