Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Ош милициясы өзбекче китепчеден шектенди


“Айдоочуга эскертме” китепчесинин өзбек тилиндеги нускасы
“Айдоочуга эскертме” китепчесинин өзбек тилиндеги нускасы

"Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсеси Ош шаардык милициясын сотко берерин жарыялады. Буга айдоочулардын укугу, пост-териминал аркылуу айыппул төлөө эрежелери тууралуу өзбек тилиндеги маалымат баракчаларды шаардык милиция алып койгону себеп болгон.

Бирок Ош шаардык милициясы ал материалдарды тил комиссиясы текшергенден соң кайтарып берерин айтууда.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсеси Ош шаардык милициясын сотко берүүгө даярданып жатат. Укук коргоо уюму Ош милициясын Конституция талаптарын бузду деп айыптоодо. Буга жол эрежесин бузган айдоочуга пост-терминалдар аркылуу айыппул төлөө шарттары тууралуу өзбек тилиндеги маалымат баракчаларды Ош милициясы тартып алганы себеп болгон. Аталган уюмдун өкүлү Хусанбай Салиев буларды айтты:

- Ар бир улуттун өз тилин сактап калуусуна жана өнүктүрүүсүнө биздин Конституциябыз кепилдик алган. Бул жерде тилди талашкан деле эч ким жок, болгону совет бийлиги учурунда, андан кийин өзбек тектүү көп жарандарыбыз өзбек тилинде гана билим алышкан. Кыргыз тили мектептерге толук кире баштаганына көп боло элек. Биз ошол бир тилдүү болуп өскөн муунга мыйзамдарды ага түшүнүктүү тилде тараталы дегенбиз. Жолдордогу коррупцияны азайталы, эл айдоочулук күбөлүгүн алдырбай, айыппулду дароо төлөө мүмкүнчүлүктөр бар экенин билсин деген элек. Бул жаатта ушул эле укук коргоо органдарына жардам берип жатканбыз. Алар өзбек тилиндеги материалдарды алып койгону мыйзамды одоно бузуучулук болот. Бул боюнча биз сотко арыз камдап жатабыз.

Акыркы бир айдан бери "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюму пост-терминал аркылуу айыппул төлөө эрежелерин кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде бүткүл республика аймагында таратып жаткан. Бирок Ош шаардык милициясы өзбек тилиндеги “Айдоочуга эскертме” деп аталган 300 даана китепчени жана 700 даана маалымат баракчаны алып койгон.

Талашка түшкөн китепче орусча жана кыргызча да чыккан
Талашка түшкөн китепче орусча жана кыргызча да чыккан

Аталган уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова МАИ кызматкерлери арасындагы паракорчулукту жоюу долбооруна милиция эмне үчүн тоскооолдук кылганына түшүналбай жатканын айтат.

- Ош милициясынын кадамы Кыргызстандын мыйзамын одоно бузуу. Бул өтө өкүнүчтүү. Анткени биз паракорлукту жоюу багытында өкмөткө жардам берип жатканбыз. Мыйзамды билбеген карапайым айдоочуларды кармап алып, өз чөнтөгүн толтурган МАИ кызматкерлерине бул чоң тоскоолдук болот. Бул иш-чаралар өз жемишин бериши керек эле. Ошондуктан Ош милициясы ал материалдарды тез арада кайтарып, аны таратууга жолтоо болбошу керек.

Ош шаардык милициясы өзбек тилиндеги “Айдоочуга эскертме” деген китепчелерин таратуудан алып койгонун танбайт. Алар маалымат баракчаларда мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген сөздөр болушу мүмкүн деп шектенүүдө.

Ош милициясы
Ош милициясы

Шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков дал ушул коопсуздук маселесинен улам ал китепчелерди алып, Ош мэриясынын тил комиссиясына экспертизага жибергенин билдирди.

- Негизи чымындан пил жасай берген туура эмес. Милиция ал материалдарды текшерүү үчүн гана алган. Анткени өзбек тилиндеги китепчелер, өзбек тектүүлөр жыш жашаган аймактарда таратылып жатат деген маалыматтан улам, мамлекет коопсуздугуна шек келтирүүсү мүмкүн деген таризде аны алып, Ош шаардык мэриясынын тил комиссиясына тершерүүгө жибердик. Бул нерседен саясат жасоонун кереги жок. Бул иш-чаралар мамлекет коопсуздугу үчүн гана болду.

Милиция өкүлү өзбек тилиндеги маалымат барактары коопсуз деп табылса, аны элге таратууга уруксат берилерин кошумчалады. Бирок шаардык тил комиссиясы өзбек тилиндеги баракчаларды иликтеп, андагы мыйзам бузуулар боюнча сунушту Ош шаардык прокуратурасына жолдоорун кабарлашты. Буга чейин парламенттик жана жергиликтүү кеңештердин шайлоосу учурунда өзбек тилинде көрнөк- жарнактар илинип келгенине Ош милициясы эч кандай тоскоолдук кылган эмес.

Кыргыз жана орус тилиндеги ушул эле “Айдоочуга эскертме” китепчелерин МАИ кызматкерлери өздөрү да таратып жүрүшкөн. Бул китепчеде жол коопсуздук кызматкерине пара бербей айыппулду мамлекет казынасына төгүү, ал үчүн пост-терминалдар аркылуу тез төлөө айдоочу үчүн да пайдалуу болору жазылган.

XS
SM
MD
LG