Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Кара-Сууда имам экстремизмге шектелди


Рашод Камалов
Рашод Камалов

9-февралда Кара-Суудагы «Ас-Сарахсий» мечитинин имамы Рашод Камалов экстремизмге шектелип, 48 саатка кармалды. Анын баш коргоо чарасын сот эртең карайт.

Элди халифат курууга ачык чакырып келген деп шектелген имамды милиция күндүз кармашканына карабай, аймакта имам жоголуп кетти деген сөз тарап, Камаловдун тарапкерлери андан кабар алганы Жалал-Абаддан бери келишкен. Имамдын камакка алынышына байланыштуу Кара-Сууда да эл чогулуп, алар кечкурун тараган.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун чек арага жакын жайгашкан айылындагы «Ас-Сарахсий» мечитинин өзбек тектүү 37 жаштагы имамы Рашод Камалов мамлекеттик түзүлүштү бузууга чакырык жасаган, улуттар аралык кастыкты козуткан деген шек менен 9-февралда камакка алынган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын диний экстремизм менен күрөшүү боюнча 10-бөлүмүнүн жетекчиси Жакып Зулпуевдин айтымында, имамды кармоого бир нече фактылар себеп болгон.

- Рашод Камаловго теологиялык экспертизанын тыянагынын негизинде иш козголду. Экспертизага ал кишинин эл алдында сүйлөгөн, интернетке тараткан видео кайрылуулары, үйүндө сактаган дисктери жана адабияттары берилген. Элге тараган дисктерде жана интернеттеги видео кайрылууларында мамлекеттик түзүлүштү күч менен кулатып, халифат орнотууга чакырык жасаган.

Рашод Камалов имамдык кылган "Ас-Сарахсий" мечити. 9-февраль
Рашод Камалов имамдык кылган "Ас-Сарахсий" мечити. 9-февраль

Имамды кармоо менен бирге 10-бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунда диний радикализмге шектелген 14 үй тинтүүгө алынган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаевдин маалымдашынча, имамдын үйүн тинтүү күндүз уюштурулганына карабай, үй ээлери үч саат бою милицияны үйгө киргизбей турган.

- Топтолгондор түшүндүрүү иштеринен соң тарап, үйдү ачышкан. Бирок ошол эки саат убакыттын ичинде үйдөгү бир топ мыйзамсыз сакталган далил буюмдарды бекитип, же жок кылып койгонго үлгүргөн деп ойлойбуз. Ошентсе да үйдү тинтүү түшкө чейин уланып, ноутбук жана кол телефондорунда биздин мыйзамдарга каршы келген видеолор, атрибуттар менен кошо бир топ далил буюмдар алынды.

Бул арада имамдын тарапкерлери анын үйүнүн алдына чогулуп отуруп, жалпы саны 200 адамга жеткен. Бирок өзү басып келип үйүн ачкан имам Рашод Камалов чогулгандарга кайрылып, кечки намазга чейин кайра бошонуп келерин айтып, милиция менен барууга макул болгон. Ага карабай айылда имам жоголуп кетти деген имиш тарап, анын абалын билүү үчүн Жалал-Абад облусунан дагы тарапташтары келишкен.

- Мен Рашод карынын жоголуп кеткени тууралуу маалыматты интернеттен окуп, андан кабар алуу үчүн Жалал-Абаддан келдим. Биз Кара-Сууга келген учурда эл чогулуп турган экен. Сурасак, имамды милициялар алып кетишти, азыр кайра келет экен дешти.

Рашод Камаловдун жактоочусу Валерян Вахитов бүгүн имам менен байланышканын, анын иши боюнча териштирүүлөр эми гана башталганын кабарлады.

- Ал кечээ кармалган. Азыр Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында жатат. Биз аны менен азыр эле жолугушуп чыктык. Азырынча иштин жагдайлары менен толук тааныша элекпиз. Ошондуктан эч нерсе айта албайбыз. Аны диний ишмердүүлүгүнө байланыштуу кармашкан. Ал кандайдыр бир нерселерди айткан дешүүдө. Баш коргоо чарасы эртең сотто аныкталат.

Кыргызстандын тартип сакчылары
Кыргызстандын тартип сакчылары

Аймакта аты белгилүү имам Рашод Камаловдун кармалышына байланыштуу интернеттеги Whatsapp социалдык тармагы аркылуу эл арасында чогулуп, имамдын эркиндикке чыгарылышын талап кылуу чакырыктары тарап кеткен. Бирок Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев аймакта абал тынч экенин айтты.

- Кече деле, бүгүн деле түшүндүрүү иштеринен кийин Рашод Камаловдун тарапкерлери эч кандай тополоң кылып, же саясий талаптары менен чыгышкан жок. Ошол кармоо учурунда гана топтолгон болчу. Азыр Кара-Сууда, Ош шаарында жана Ош облусунда абал тынч.

37 жаштагы Рашод Камалов диний таалимди атасынан алганы айтылат. Атасы Рафик Камалов 2007-жылы террордук актынын алдын алуу операциясы жүрүп жаткан учурда каза болгон. Камаловдордун дагы бири-Садыкжан Камалов өткөн кылымдын 90-жылдары Кыргызстанда муфтийлик кызматты аркалаган жана депутат да болгон.

XS
SM
MD
LG