Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 09:39

Айдоочулар: Чемпионатка катышабыз


Ошто маршруттук унаалардын айдоочуларынан куралган "Автомобилчи" аттуу футболдук команда түзүлдү.

Алар мамлекеттик денгээлдеги чемпионаттарга катышуу максатын көздөп жатышат. Атүгүл айдоочулар өз ара алгачкы беттештерин өткөрүүгө да жетишти.

Оштогу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Искендер Жороев "Азаттыкка" маек курду:

- Искендер мырза, айдоочулардан футболдук команда түзүүнүн себеби мага кызык болуп турат. Айдоочуларды футболчуларга айлантуу идеясы кимге таандык, ага эмне негиз болду?

- Бул негизи айдоочулардын өзүнөн чыккан демилге. Биз шаардагы эң чоң жамаатпыз. Бүгүнкү күндө миңдей кичиавтобус бар. Демек миңге жакын айдоочу эмгектенет. Алардын көбү футбол ойношот, бирок башка командалардын курамында топ тебишчү. Болгондо да өздөрү суранып ойношот экен.

Башкаларга жалдангыча өзүбүз команда түзгөнүбүз жакшы го деген ойдон улам "Автомобилчи" командасын түздүк. Азырынча расмий каттоодон өтө элек, бул жаатта аракеттер жүрүп жатат.

- 20-21-октябрь күндөрү айдоочулар өз ара футболдук беттешүү да өткөрүптүр. Ушул тууралуу айтып берсеңиз.

- Бул оюнду өткөрүүдө алгач корктук: "биз ойлогондой болобу, же жокпу" деп тынчсыздандык. Тобокел кылып, айдоочулардын арасынан топ тебүүгө кызыккандарды топтоп, 13 команда түзүп, шаардык стадиондо мелдеш өткөрдүк. Жөнөкөй жарандар көрүп кетишти. Алгач көпчүлүктө оюндун кызыктуу болоруна шек саноо бар болчу. Тилекке жараша аябай жакшы өттү.

- Бирок айдоочулардын көбүнүн жашы кырктан ашкан. Бул жагы кандай болуп калат? Алардын жаш курагы ийгиликке таасир этпейби?

- Чын эле баары айдоочулар улгайган кишилер деп ойлошот экен. Жаштарыбыз деле көп. Андан сырткары ар бир айдоочунун бирден жардамчысы бар. Командага алар деле кошулду. Футбол уюштурууга, ойноого, уучубуз кур эместигине көзүм жетти.

- Футбол командасын түзгөндөн кийин тынбай машыгууга туура келет. Силерде андай мүмкүнчүлүк барбы? Мисалы, стадион…

- Ооба, стадионубуз жок. Бирок шаардагы борбордук стадион менен келишим түзөбүз деген максат бар. Андан сырткары кышында үстү жабык спорттук комплекстердин ээлери менен да сүйлөшүп, машыгууларды өткөрүп турабыз деп чечкенбиз. Биздин алгачкы беттештерди Шаардык спорт комитетинин адистери келип, көрүп кетишти. Аларда да кызыгуу бар. Колдойбуз деп жатышат. Биз эл аралык денгээлге чыкпасак деле, Кыргызстандын ичинде болгон чемпионаттарга катышабыз деген максатты көздөп жатабыз.

- Оюнчулардын формасына, топ сатып алууга каражат бөлүү жагы кандай болот?

- Ар бир каттамдын айдоочулары, Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги жана Муниципалдык автоунаа ишканасы бирдикте атайын фонд түздүк. Ал футболдук команданын каржылык маселесин чечүү максатын көздөйт.

- Айдоочулардын машыгуулары элди ташууга залакасын тийгизбейби? Дегеним, алар машыгуу менен алектенип калса, маршруттук таксилерди ким айдайт?

- Машыгууларды, мелдештерди дем алыш күндөрүнө белгилейбиз деп чечкенбиз. Себеби ал күнү көчөдө жүргүнчүлөр азаят, каттоого да унаалар азыраак чыгат. Баштап коюп эле, «ура-ура» дей бербей, атайын график түзүп алып, анын негизинде иштейбиз. Бул жаатта Спорт комитети да кеп-кеңешин, көмөгүн аябайт деп ойлойм. Анткени команда түзүлүп жатпайбы.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG