Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Жогорку Кеңеш кандай иштеди?


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрүп, парламенттин 4-сессиясынын жыйынтыгы боюнча отчет берди.

Парламент спикеринин басма сөз жыйыны 1,5 саатка созулуп, журналисттер ар кандай суроолорду беришти.

Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын 4-сессиясы ийгиликтүү аяктады деп баа берди. Ал парламент мыйзам чыгаруу жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын так аткарып, саясий чечимдерди кабыл алууда президент, өкмөт менен эриш-аркак иштегенин айтты.

Жумабеков элге түздөн-түз пайдасы тийген мыйзамдар катары жаңы төрөлгөн балдарга бериле турган 4 миң сомдук сүйүнчүнү, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин ратификация болушун жана айдоо жерлерин курулушка трансформациялоо боюнча мыйзамды атап өттү:

- Жогорку Кеңештин 4-сессиясында орчундуу көптөгөн жакшы мыйзамдар кабыл алынды. Жалпысынан 124 мыйзам кабыл алынып, анын 108ине президентибиз кол койду. Ошондой эле 615 токтом кабыл алынды. Мындан тышкары жарандарыбыздан көптөгөн арыз-даттануу түшүп, алар менен жолугушуу өттү.

Жумабеков кошумчалагандай, парламент 2017-жылдын 1-сентябрынан 2018-жылдын 1-июнуна чейин 72 жыйын өткөргөн. Анын экөө кезексиз, бешөө жабык өткөн. Аталган жыйындарда 615 токтом, 124 мыйзам долбоору кабыл алынган.

Спикер Дастанбек Жумабековдун басма сөз жыйынын толугу менен видеодон көрүңүз.

​Мындан тышкары, парламентте алты убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Алар шайлоочулардын тизмеси, ЖЭБ, аэропортто кулаган учак, авиакомпаниялар, Курманбек Бакиевдин мүлкү жана саясатчылар Канатбек Исаевдин, Садыр Жапаровдун, Игорь Чудиновдун ишине байланыштуу. Булардын ичинен ЖЭБ боюнча маселе гана парламенттин жалпы жыйынында талкууланган. Төрага да ушул комиссиянын ишин жогору баалады.

Бирок саясатчылар жана адистер тарабынан парламенттин ишмердүүлүгүнө берилген баа бир кылка эмес. Маселен, АКШнын Кентукки университетинин илимпозу, саясат жана социология илимдеринин доктору Руслан Жалил Жогорку Кеңеш өзүнүн классикалык функциясын унутуп, аткаруу бийлигинин ролун аткарып калды деген пикирде:

Көбүнчө парламент өзүнүн классикалык функциясын аткара алган жок.

- Көбүнчө парламент өзүнүн классикалык функциясын аткара алган жок. Бизде көбүнчө күнүмдүк маселелерди чечүү боюнча аткаруу бийлигинин деңгээлиндеги иштер жасалды. Мисалы, Бишкек ЖЭБи боюнча чыр. Мындай иштер парпламентте жүргүзүлбөйт. Ал тиешелүү органдардын компетенциясына кирет. Парламентте мамлекеттин стратегиялык маанидеги чечимдери, мыйзамдык-укуктук маселелер кабыл алынышы керек. Маселен, тышкы жана ички саясатты аныктоо боюнча талкуулар жүрүшү зарыл. Бизде көбүнчө жергиликтүү бийлик жасачу иштер каралат.

Буга чейин парламенттин президентке көз карандылыгы боюнча көп сөздөр айтылып келген.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президент алмашкандан бери бул багытта өзгөрүү болгонун байкаган. Бирок ал парламенттеги оппозиция алсыз болуп жатканына көңүл бурду:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Чынында акыркы эки айда эле депутаттар анча-мынча башын көтөрүп калды. Буга чейин президенттин кол алдында эле иштеп келишкен. Өздөрү деле "акыркы убакта президент кийлигишпей калды" деп айтып жатышпайбы. Парламентте оппозиция жок. Оппозициялык депутаттардын баары камакта. Керек болсо ошол мыйзамсыз камалган депутаттардын маселесин деле көтөргөнгө жарашкан жок.

Деген менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев оппозициялык азчылык өз функциясын так аткарып, ЖЭБ, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин алгачкылардын болуп көтөрүп чыкканын айтты.

Бул чакырылышта кылмыш иши козголуп, мандатынан ажыраган депутаттар көп болду. Алардын арасында Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Өмүрбек Бабанов, Канатбек Исаев, Асылбек Дамирбек уулу, Игорь Чудинов өңдүүлөр бар.

Жогорку Кеңеш ушуну менен 1-сентябрда сессияга чогулат. Ага чейин бир ай эл менен жолугушуп, бир ай эс алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG