Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:50

Кыргызстандагы акыркы күндөрдөгү окуялардын өнүгүшү жергиликтүү жана эл аралык серепчилердин кызуу талкуусуна айланды.

Бир даары өлкөдөгү саясий кырдаал чыңалууга баратат дешсе, башкалары шайлоо алдында кадимки боло жүрчү абал катары баа берүүдө. Саясий күчтөрдүн ортосундагы күрөштүн негизги максаты эмне, бийлик менен оппозиция эмне үчүн бири-бирин укпай жатат, аларды сүйлөшүүгө ким отургузушу керек, өлкөдөгү абалды курчутууга сырткы факторлордун кызыкчылыгы барбы, ж.б.у.с. суроолорду “Арай көз чарай” берүүбүздө талкуулайбыз.

Талкууга саясий серепчилер Алмаз Акматалиев жана Бакыт Бакетаев катышты.

“Азаттык”: Урматуу Алмаз мырза, Бакыт мырза, Кыргызстандагы акыркы айдагы коомдук-саясий кырдаалды кандай мүнөздөйсүздөр, жогоруда айтылгандай чындап эле чыңалууга бараткан жагдай барбы?

Алмаз Акматалиев: Бул маселени саясий-экономикалык жагдайларда карап көрсөк көп себептери бар. Негизи эле бул жыл жеңил болбойт, муну серепчилер эмес жалпы эл деле байкап турат. Биздин бул убакка чейинки тарыхты алсак, Кыргызстандагы парламенттик, президенттик шайлоолор чыңалбай өткөн эмес.

Бакыт Бакетаев: Менин баамымда азыркы саясий кырдаал мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Биздин коом, мамлекет, жалпы элибиз 25 жылдан бери изденүү жолунда, бирде чалынып, бирде туруп кетип бараткан кербезибиз. Биздин “саясий казаныбыз” Жогорку Кеңеште, митингдерде кайнап турганы жакшы эле көрүнүш. Элибиз жыйырма беш жылда жакшы эле саясий капитал, тажрыйба топтой алды. Ошондуктан элди азыр куру чакырык, кыйкырык менен козгой албайбыз. Эл арасында, ар бир айылда экиден-үчтөн саясат таануучу бар, баарын таразалап турушат.

“Азаттык”: Алмаз мырза, акыркы айлардагы саясатчыларга, депутаттарга, коомдук активисттерге козголгон кылмыш иштер, камоолор, маалымат каражаттары менен соттошууларга алдыдагы президенттик шайлоонун байланышы барбы?

Бийлик деген бийлик экен, ошондой деңгээлге жеткенден кийин оппозиция дагы ага даяр болушу керек. Эгер оппозиция бийликке келсе ошондой эле мамиле кылмак. Бул саясий күрөштүн мыйзам ченемдүү көрүнүшү.
Алмаз Акматалиев

Алмаз Акматалиев: Менин оюмча байланышы бар, андай болгондун жаман нерсеси жок. Кандайдыр бир деңгээлде бүгүнкү бийлик саясий айдыңды бошотуу аракетин көрүп жаткандай. Өзүнүн негизги атаандаштарына сокку уруп, калгандарына “керегем сага айтам, келиним сен ук” таризинде сес көрсөтүп жаткандай сезилүүдө.

Бийлик деген бийлик экен, ошондой деңгээлге жеткенден кийин оппозиция дагы ага даяр болушу керек. Эгер оппозиция бийликке келсе ошондой эле мамиле кылмак. Бул саясий күрөштүн мыйзам ченемдүү көрүнүшү.

“Азаттык”: Бакыт мырза, кайсы гана саясий кармаштар болбосун, анын жандырмагын сүйлөшүү, диалог аркылуу чечсе болот дешет. Кыргызстандагы 2005-2010-жылдагы окуялардын орун алышына расмий бийлик менен оппозициянын сүйлөшө албай койгону себеп экени белгилүү. Бул жолу эки тарап бири-бирин түшүнүүгө даярбы, болбосо эмне кылуу керек?

Саясатта да математикадай формулаларды пайдалануу керек. “Меним демократиям сенин демократияң башталган жерден бүтөт”, "менин укугум сенин укугуң башталган жерден бүтөт” деген философия, саясий маданият коомдо пайда болушу зарыл.
Бакыт Бакетаев

Бакыт Бакетаев: Саясатта да математикадай формулаларды пайдалануу керек. “Меним демократиям сенин демократияң башталган жерден бүтөт”, "менин укугум сенин укугуң башталган жерден бүтөт” деген философия, саясий маданият коомдо пайда болушу зарыл. Биз акыйкаттыкты, калыстыкты ошондо табабыз. Ошондой болбой жаткандыгы үчүн бийлик, оппозиция дагы бири-бирин укпай, чек арасын таба албай жатат.

Алмаз Акматалиев: 2010-жылдагы болгон революциянын бир топ үмүттөрүнүн бири – бийлик менен оппозиция сүйлөшө турган аянтча көчө же митингдер эмес, Жогорку Кеңеш болушу керек эле. Ошол аруу тилектерибиз ишке ашкан жок да. Бүгүнкү күндө оппозициямын деген депутаттар калбай калды. Депутаттардын токсон пайызы бийлик эмне десе ошону колдоп жаткан кези. Карама-каршы турган күчтөрдү сүйлөштүрчү аянтча азыркы Жогорку Кеңеш болушу керек. Эгер андай милдетти парламент аткарбаса, эл толкуй берет.

“Азаттык”: Оппозиция калбай калды дедиңиз, алар кайда кетти, бирөө тазалап жатабы?

Алмаз Акматалиев: Азыр Жогорку Кеңеште жети-сегиз эле оппозиция депутаттары калды, калган оппозицияны бийлик коркутуп-үркүтүп бүттү. Бийликтин андай аркетинен улам оппозиция болом дегендер “менин тагдырым да кыйын болот окшойт” деп ойлонуп, чочуп калды. Себеби, депутаттардын көбүнүн бир жеринде “калбыры бар”, ошол үчүн алар ачык чыга алышпайт. Алар олигархиялык парламент, алар акча менен келген. Аларды партиянын идеясы, тагдыры кызыктырбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG