Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:27

Жарандык алууну күткөндөр арбын


Кыргызстандыктардын паспорту.

Быйыл жарым жылда кыргыз бийлиги чет элдик эки миңдей адамга жарандык берди. Былтыр беш миңге жакын киши жарандык алган.

Ошол эле учурда жыл сайын миңден ашуун адам жарандыктан чыгат. Эксперттер Кыргызстандын жараны болуу өтө татаал экенин, документ иштери кээде бир канча жылга созуларын айтышат.

Жаңы зеландиялык 46 жаштагы Брэд Бренеман Кыргызстанга 2010-жылы көчүп келген. Быйыл 19-июлда үй-бүлөсү менен өлкөдө туруктуу жашаганга укук берген күбөлүк алды:

Брэд Бренеман. (Сүрөт Брэд Бренемандын "Фейсбуктагы" баракчасынан өзүнүн уруксаты менен алынды).
Брэд Бренеман. (Сүрөт Брэд Бренемандын "Фейсбуктагы" баракчасынан өзүнүн уруксаты менен алынды).

- Кыргызстанда жашаганыбызга сегиз жыл болду. Өзүмө, жубайыма жана эки балама бул мамлекетте жашаганга укук берген документ алдык. Балдарым ушул жерде билим алып жатат. Кыргызстанга алгач ирет 1996-жылы келгем. Ал кезде Ташкентте жашап жүрдүм эле. Достор менен Ысык-Көлгө, Бишкекке, дегеле Кыргызстандын түндүк бөлүгүнө бат-баттан каттадым. Анан биротоло келүүнү чечтик. Анткени бизге жагат. Үй сатып алдык. Эми бизге өлкөнүн жарандыгын да беришсе, кубанычта болмокпуз.

Брэд - Бишкектеги белгилүү “Sierra” кафесинин ээлеринин бири. Кыргызстандын президенти бир жарым миңден ашуун адамга жарандык берүү тууралуу жарлыкка кол койгонун угуп, “жакында биз да алабыз” деп үмүт артып турат.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 30-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, 1654 адамга жарандык берилет. Алардын 248и балдар. Бир ай мурда, 13-июнда да 342 адамды жарандыкка кабыл алган жарлык чыккан эле. Ал эми былтыр мындай укукка 4914 адам ээ болгон.

Расмий кабарга таянсак, Кыргызстандын жарандыгын кабыл алып жаткандардын көпчүлүгү Тажикстандан, Өзбекстандан тарыхый мекенине кайткан кыргыздар. 2016-2017-жылдардагы маалыматтарда эгемендик жылдары аралыгында чет жактан 55 миңден ашуун кыргыз көчүп келип, алардын 10 миңден көбүнө кайрылман макамы ыйгарылганы айтылат. Кайрылман макамына ээ болгондор жарандык алууга документ тапшырышат. Өкмөт 2006-жылы четтен келген кыргыздарга камкордук кылууга багытталган «Кайрылман» программасын иштеп чыккан.

Кыргызстандын паспортуна ээ болууну каалагандардын арасында башка мамлекеттерден келин болгон миңдеген аялдар да бар. Качкын болуп келгендерди же жөн эле Кыргызстанда жашону каалаган чет элдиктерди да жолуктурасыз.

Эрежелер тууралуу президентке караштуу жарандык маселелер боюнча комиссиянын катчылыгынын эксперти Александра Пискур “Азаттыкка” буларды айтты:

- Комиссия жарандык берүү боюнча тийиштүү эрежелерди карап чыгып, анан бөлүштүрөт. Жарандык алуу ниетин билдиргендердин арасында Кытайдан, Орусиядан, АКШдан, Европадан жана коңшу өлкөлөрдөн келгендер бар. Чет элден келин болуп түшкөндөр өзүнчө бөлүп каралбайт.

Баш мыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан чыгарууга жана кабыл алууга президент гана укуктуу.

Өлкөнүн жараны болгусу келген адам Кыргызстанда соңку беш жылда туруктуу жашоого тийиш. Мыйзамдарды бузбаганы тууралуу Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен жана Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган маалымкаттардын негизинде ага жарандык берүү маселесин жогоруда аталган комиссия карайт.

Кыргызстанга чет элден келин болгон аялдар да он миңден ашат. Алардын сак саны тууралуу статистика жок. Көбү өзбекстандыктар. Бюрократиялык жол-жоболордон улам келиндердин жарандык алышы машакат менен коштолот. Алардын бири, Өзбекстандын Анжиян облусунан Жалал-Абадга күйөөгө чыккан, төрт балалуу Барчынай Касымова 2015-жылы “Азаттык” аркылуу бийликке кайрылып, жарандык берүүнү суранган:

- Суранам, мага паспорт бергиле. Балдарымдын урматы үчүн да жарандык ыйгаргыла. Мен Кыргызстандын жараны болууну каалайм. Он жылдан бери суранам.

Барчынай жарандык алууга документ тапшырып, дагы эле жыйынтыгын күтүп отурат.

"Азаттыктын" архиви: Өгөйлөнгөн келиндер, 2015-жыл

Адистер Кыргызстандын жарандыгын алуу жараяны татаал экенин айтып жүрүшөт. Жалал-Абаддагы “Справедливость” уюмунун юристи Өткүрбек Жаббаров президентке караштуу жарандык маселелер боюнча комиссияга документ тапшыруу түйшүгү тууралуу айтып берди:

Өткүрбек Жаббаров.
Өткүрбек Жаббаров.

- Ал комиссияга документ тапшырууну өзү татаал. Ошондон улам жарандык алуу маселесинде кишилер коррупциялык кадамдарга барышат. Мурда Кыргызстандан жарандык алыш үчүн адам өзү жашап жаткан башка мамлекеттин жарандыгынан чыгышы керек эле. Азыр ал эрежени алып салышты. Бул жакшы. Эгемендик алганга чейин коңшу өлкөнүн аймагында төрөлүп калгандар бар. Бирок туугандары же турак жайы Кыргызстанда. Алар деле жарандык ала албай убара тартып жүрөт. Келин болуп түшкөн аялдар толтура. Комиссияга тапшырылган документтер үч-төрт жыл тура берет. Адамдар маселенин чоо-жайын паспорт столдон барып сураса, "комиссия чечет" деген жооп алышат. Комиссия эмнеге мынчылык создуктурат? Бул суроого жооп жок. Анан мени таң калтырганы, эркектердин жарандык алышы өтө кыйын. Себебин түшүнбөйм.

Ошол эле учурда кыргыз жарандыгынан баш тартууну каалагандар да жыл сайын миңден ашат. Адатта башка мамлекетке жер которгондор жарандыктан чыгышат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, былтыр 1986 адам жарандыктан чыкса, быйыл жарым жылда эле кыргыз паспортунан баш тарткандардын саны бир жарым миңге чукулдап калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG