Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Айылдык кеңештен айымдар үнү угулбайт


Иллюстрация
Иллюстрация

Статистикалык маалыматтарга караганда, айылдык кеңештерде аял депутаттардын саны соңку он жылда дээрлик 10% кыскарган. Аялдар өзүн көрсөтүүнүн жолун билбей жатабы? Айылдык кеңештерде өткөн шайлоодо да квота киргизүү менен маселени чечсе болобу?

“Арай көз чарай” талкуусунун коноктору “Аялдарды коргоо борборунун” жетекчиси Бакен Досалиева, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева, Социалдык технологиялар агенттигинин өкүлү Бактыгүл Исланбекова болду.

“Азаттык”: Бактыгүл айым, изилдөөдө айылдык кеңештерге шайлоо болгон сайын андагы айым депутаттардын саны эки-төрт пайыздан кыскарып жатканы белгилүү болуптур. Мунун себеби эмнеде?

Бактыгүл Исланбекова: Аялдардын активдүү болбой жатканы себеп. Азыр көп стереотиптер бар. Аялдар шайлоого барганда тоскоолдуктарга кабылат. Ошондуктан биз аялдар үчүн резервде сактала турган чараларды сунуштап келгенбиз. Ушуга байланыштуу 10 миң 500дөн ашуун шайлоочу айымдар менен 44 уюмдун атынан президент жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдогонбуз. Биз сунуштаган чаралар ишке ашып калса, бул маселени чечүүгө өбөлгө түзмөк.

“Азаттык”: Бул маселе көтөрүлгөндө аялдар өз дараметин, күчүн сезбей жатат деп айткандар бар. Андай болсо аялдар эмнеге шайлоого көп катышпайт?

Бакен Досалиева: Көп аялдардын экономикалык абалы начар. Алар каражат маселесин өздөрү чечип, үгүт иштерине акча бөлө албайт. Бул дагы айымдардын шайлоого баруусуна тоскоолдук жаратат.

Экинчиден, аялдар үгүт иштери үчүн ачык чуркай албайт. Үчүнчүдөн, коомдо "аялдын орду үйдө, саясатта эркектер жүрүшү керек" деген туура эмес көз караш бар. Азыр дүйнө өзгөрүп жатканда Кыргызстан да ошондон калбай өнүгүшү керек. Коом өзү адамдай, алты саны аман, эки буту соо адам бат чуркап, ишин тез бүтүрөт. Азыр кыргыз коому аял жагынан аксап турат. Аялды колдоо керек, анткени алар көтөрө турган маселени эркектер чече албайт.

“Азаттык”: Аида айым, шайлоого катышкан аялдар эмнеге көп учурда өтпөй калат. Эмнеге коомдо аялдарга колдоо аз?

Өзгөндө 19 айыл өкмөтү болсо анын бирин да аял жетектебейт. Айылдык кеңештерде аялдар абдан аз.
Аида Касымалиева

Аида Касымалиева: Эгер аялдар үчүн резервди киргизбесек, айылдык кеңештерге айым депутаттар келбей калат. Бул квота эмес, 30% орунду сактап коюу.

Мисалы, Өзгөндө 19 айыл өкмөтү болсо анын бирин да аял жетектебейт. Айылдык кеңештерде аялдар абдан аз. Айымдар чечим чыгаруучу жерде жок болсо социалдык анын ичинде бала бакча, адилеттүүлүк деген маселелер көтөрүлбөй калат.

Айылдык кеңештер көбүнчө бюджет менен иштейт. Ал каражатты шагылга беребизби, сууга, жарыкка, мектепке же Бишкекке барып дарыланып келсин деп рак илдети менен ооруп жаткан адамга беребизби? Кандай маселе болбосун аялдардын үнү жетпей калууда. Жогорку Кеңеште азыр ушуга байланыштуу мыйзам жатат. Биз, аял депутаттардын форуму дагы ушул мыйзамды өткөрөлү, 8-мартка белек болсун деп жатабыз. Бул биздин, ушул чакырылыштын чоң милдети.

Аялдар өз күчүн сезбей жатабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:57 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG