Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Келдибековдун соту да, дарылануусу да уланат


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков Кыргызстанга кайтып келди. Адвокаттардын айтымында, Келдибеков соттук жараянды улантууга даяр. Бирок үч айдан кийин кайрадан дарылануусун улантышы керек.

Акматбек Келдибеков Башкы прокуратура тарабынан коррупция боюнча айыпталып, 2013-жылы ноябрь айында камакка алынган. Тергөө учурунда тизесиндеги дартка байланыштуу ооруканага жатып, бир нече жолу операция жасалган.

Бирок тергөө иштери уланып, 2014-жылы июнь айында Биринчи май райондук сотунда Келдибековго байланыштуу иш карала баштаган. Тизесинин оорусунун айыкпашы жана антибиотиктерге аллергиясы бар экени Келдибековдун чет өлкөдө дарыланууга муктаж экенин айгинелеген. Аны Башкы прокуратура тараптан дайындалган дарыгерлер да тастыктап, корутундусун чыгарып беришкен.

Мына ошол корутундунун негизинде Биринчи май райондук соту Келдибековду үй камагына чыгарып, чет өлкөгө барып дарыланып келүүсүнө да уруксат берген.

Өткөн жылдан бери чет өлкөлөрдө дарыланып жүргөн Акматбек Келдибеков 10-февралда Кыргызстанга кайтып келгени маалым болду.

Келдибековдун коомдук коргоочусу Мамбетжунус Абыловдун билдирүүсүнө караганда, Акматбек Келдибековдун тизеси толук айыгып бүтө элек. Ал ар кандай сөздөр чыгып жатканына байланыштуу сотту улантуу үчүн кайтып келди:

- Булар ден соолугуна карабай эле "качты, келбей атат" деп жамандап атышат. Ошого сот жүрө берсин, качты деген ушактарга жол бербейли деп, кечинде Кыргызстанга келди.

Мамбетжунус Абыловдун айтымында, соттун колуна дарыгерлердин корутундулары да тапшырылат. Анда Келдибековдун үч айдан кийин кайра дарылануусу керектиги көрсөтүлгөн:

- Үч айдан кийин дагы эле дарыгерге барыш керек. Анткени бутунун шишиги жакшы тарабай атат. Суусу сарыгып чыгып, улам эле толуп калып атат.

Акматбек Келдибековдун адвокаты Татьяна Чильникинанын билдиришинче, алар Келдибековдун ишин кароо боюнча документтерди сотко тапшырды:

- Бүгүн эртең менен мен Биринчи май райондук сотуна сот жараянын улантуу өтүнүчү менен кайрылдым. Келдибеков өзү маалымат каражаттары менен байланышпайт. Маалымат жыйынын да өткөрбөйт. Биз сотко даярдык көрүп жатабыз.

Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча айып коюп, мамлекетке 35 млн. сомдон ашуун зыян келтирген деп белгилеген. Келдибеков өз кезегинде аны толугу менен четке кагып, ага козголгон кылмыш иштин артында саясат жатканын билдирип келатат.

Бүгүнкү күндө Акматбек Келдибековго козголгон кылмыш иш боюнча өзгөрүү бар. Ал кылмыш ишти козгогон башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишине байланыштуу. Эми Келдибековдун ишин жаңы башкы прокурор Индира Жолдубаева көзөмөлдөйт. Бул Акматбек Келдибековдун ишин кароодо кандайдыр бир өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүнбү деген суроону пайда кылууда.

Юрист Мукар Чолпонбаев эч кандай өзгөрүү болбойт деп эсептейт:

- Жаңы жагдай болбойт деп ойлойм. Прокуратуранын позициясы өзгөрбөйт. Анткени алар мурда эле бир команда болчу. Азыр бизде мыйзамдуулук деген нерсе жок да.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев Келдибековдун ишин кароо оң жагына оошу мүмкүндүгүн четке какпайт:

- Келдибеков саясий фигура болгондуктан анын ишине кээ бир саясий нерселер аралашып кетиши мүмкүн. Анткени 2015-жыл- шайлоо жылы. Бул жыл туруктуу өтүшү керек. Эгерде Келдибековдун иши терс жагына чечиле турган болсо, анда анын колдоочулары, буга чейин өзүбүз көрдүк, жолдорду тосот, митинг өткөрөт. Менин оюмча, ошон үчүн азыр бир "Соломон чечимин" кабыл алуу керек.

Жаңы башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматка киришип жатып, мурунку кылмыш иштер жана коррупцияга каршы күрөш улантыларын парламентте билдирген.

Шаршембинин кечинде Башкы прокуратура Акматбек Келдибековду Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алууну өтүнгөн катты Биринчи Май райондук сотуна жолдогонун башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматынан кабарлашты. Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго каршы козголгон кылмыш иштин оордугун жана айрым күбөлөргө басым көрсөтүшү мүмкүн экенин эске алып, соттон аны камакка алууну суранууда. Биринчи Май райондук соту прокуратуранын арызын качан карары маалымдала элек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG