Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

«Миллиондордун изи» талкууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын башкы окуясына айланган миллиондогон доллардын изи тууралуу журналисттик иликтөөгө өкмөт көңүл бурду.

4-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жана финансылык көзөмөл жаатындагы органдардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, иликтөөдө айтылган маалыматтарды териштирүүнү тапшырды.

Финансылык чалгын кызматы Кыргызстандан чыгарылган каражат боюнча буга чейин эле териштирүү жүргөнүн белгилеп, учурда аны кайра текшере баштаганын кабарлады.

Аталган кызматтын төрагасы Гүламжан Анарбаевдин айтымында, «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө аты аталган адамдар Европа өлкөлөрүнө да акча которуп жүрүшкөн.

Гуламжан Анарбаев.
Гуламжан Анарбаев.

«Биз 2014-жылы ИИМге жана 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) 700 миллион долларга байланыштуу фирмалар, адамдар боюнча өз бүтүмүбүздү берген экенбиз. Азыр кайрадан карап жатабыз. Бул жерде Кара-Суу, "Дордой" базарларындагы акча боюнча кеп болуп жатат. Мындан тышкары ошол эле адамдардын Европага, Түркияга акча которгону боюнча сөз болуп жатат. Бүгүнкү күндө биз Финполиция менен бирге ошол 700 миллиондун ар бир тыйынына чейин эсептеп, тыгыз иштеп, кандай мыйзам бузуу бар экенин изилдеп жатабыз», - деди Анарбаев.

Ал эми Финансы полициясы бул журналисттик иликтөө боюнча ыкчам тергөө тобун түзгөнүн кабарлады. Бул кызмат «өлкөдөн чыгарылып кетти» деген каражат жана анын бир тууган Матраимовдорго тиешеси жөнүндө иликтөөнүн жыйынтыгын коомчулукка ачык жарыялоого убада берүүдө.

Мамлекеттик органдар териштире турганын билдирип жаткан учурда көрсөтүүдө аты аталган бир тууган Матраимовдор маалыматты четке кагып жатышат.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттыктын» иликтөөсүнө жообун парламенттин расмий сайтына жайгаштырды. Анда журналисттик иликтөөдөгү маалыматтарды «чындыкка коошпойт» деп, акыркы кырдаал саясий мүнөздө экенин белгилеген.

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

«Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн айланасындагы кырдаал, бүгүн жалаң саясий мүнөзгө ээ болду. Мунун баары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айтканынан башталды. Анын жардамы менен бүткүл үй-бүлөбүздү каралоого кызуу аракеттенип жатышат. Биздин үй-бүлөбүздүн бардык мүчөлөрүн укук коргоо органдары дайыма текшерип жатышат, ал эми ЖМКлар биз менен байланышкан бардык окуяларды дайыма терс боёкто чагылдырышууда», - деп айтылган билдирүүдө.

Ошондой эле Искендер Матраимов президент Сооронбай Жээнбеков маселени калыс иликтөөгө шарт түзүп берерине үмүт арта турганын кошумчалаган. Дал ушундай маанайдагы пикирлер социалдык тармактарда көп жайылууда. Маселен, академик Сабырбек Жумабеков Раимбек Матраимовду кайрымдуу адам катары сыпаттап, "ал каралоого кабылды" деген пикирин бөлүшкөн.

Бирок мындай маанайдагы билдирүүлөрдү социалдык тармактардын айрым колдонуучулары атайын уюштурулган колдоо өнөктүгү катары кабыл алышты.

Саясий эксперт Даниел Кадырбеков Матраимовдорго байланыштуу иликтөө боюнча бийликтин убадалары «кожо көрсүн» мүнөздө эмеспи деп чочулап турат:

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

«Мамлекеттик органдар «текшерилет» деп формалдуу түрдө айта беришет. Бирок бул боюнча реалдуу коомчулуктун пикирин эске алса сигналдар башка тараптан болмок. Андай сигнал көрүнбөй жатат. Бул жерде азыр «текшерип жатабыз» деп улам-улам айтып, коомчулуктун демин, «текшерилсин» деген талапты азайтуу аракети болуп жатабы деген ойдомун».

Элдин талабы демекчи, «Азаттыктын» иликтөөсү жарыяланган соң коррупцияга каршы чыгууга үндөгөн активист Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылды.

Тактап айтканда, аталган көрсөтүүдөн соң социалдык тармактарга митинг уюштурууга чакырган «Республика» партиясынын мүчөсү Канат Мидин уулу атайын кызматка түшүндүрмө берди.

«Аңгелемешүүгө чакырып, мен социалдык тармактарга жарыялаган видео «бийликти басып алууга чакырык таштадың» дегенге жакын болуп калышы мүмкүн экенин айтып жатышат. Ошондуктан филологиялык экспертиза дайындалыптыр. Анын жыйынтыгы менен эгерде чын эле бийликти басып алууга чакырык бар деп табылса, анда жоопкерчиликке тартылышым мүмкүн экен», - деди Мидин уулу.

Активист 31-майда «Фейсбук» аркылуу кайрылуу таратып, коррупцияга каршы күрөш жүрбөй жатканы үчүн президентти, парламентти жана өкмөттү айыптап, «эгер бул маселе чечилбесе, керек болсо алардын кызматтан кетишин талап кылыш керек» деген. Анын бул кайрылуусун миңге жакын адам бөлүшкөн.

«Азаттык» 29-майда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен миллиондогон долларга айтылуу Матраимовдордун катышы болушу ыктымал экени айтылган.

Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG