Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Мадумаров менен Кулов таза шайлоону талап кылды


Кулов менен Мадумаров коалиция түздү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

Кулов менен Мадумаров коалиция түздү

Кыргызстанда бир катар партиялар биригип, жаңы коалиция түзгөнүн жар салышты. “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-намыс” жана “Аалам” партиялары түзгөн коалиция шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнү сунуштоодо. Алардын жүйөсүндө, учурдагы мыйзамдар менен таза шайлоо өткөрүүгө мүмкүн эмес.

“Бүтүн Кыргызстан”, "Ар-намыс” жана “Аалам” партиялары саясий партиялардын коалициясы деген бирикмеге чогулганын Бишкектеги маалымат жыйынында айтышты. Алар биригүүнүн максаты учурдагы шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү экенин айтышууда.

"Чөнтөк жарышын токтотолу"

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун айтымында, акыркы шайлоолор мыйзам бузуу менен өтүп, парламентке жалпы калктын көйгөйүн көтөргөндөр эмес, жалаң акчалуу адамдар келген. "Кийинки шайлоолордо мындай көрүнүштү кайталабоо үчүн мыйзамдарды өзгөртүү керек", - дейт Мадумаров:

- Биз эмнеге аракет кылып жатабыз? Буга чейин референдумдун башын кылтыйтышты. Биздин саясат таануучулар, Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар да бул жөнүндө айтышууда. Эгер тарай турган болсо, азыркы кара жашик менен шайлоо өтө турган болсо ушул эле адат кайталанат. Ошондуктан, мыйзамды өзгөртүүгө жетишебизби же жокпу дебеш керек. Мамлекет кааласа, эки айдын ичинде бүтчү иш. Менин пикиримде, муну көпчүлүк колдоп берет деген ишеним бар.

Бүгүн шайлоо чөнтөктүн жарышына айланды. Кимдин акчасы көп болсо ошолор парламентке келип жатат. Ал эми программаны билген бирөө барбы?
Арсланбек Малиев

Саясий партиялардын коалициясы сунуштаган долбоорго ылайык, өлкөнү тогуз аймактык шайлоо округуна бөлүп, саясий партиялардын тизмесин ушул негизде түзүү каралган. Мындай жол менен депутаттардын шайлоочулар астындагы жоопкерчилигин көтөрүү сунушталууда. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда Латвиянын тажрыйбасын колдонуп, ар бир бюллетенге штрих-код киргизүүнү жана партиялар арасындагы теңсалмакты камсыз кылуу максатында шайлоо өнөктүгүнүн негизги каражаты катары партиялар катышкан теледебаттарды калтыруу демилгесин көтөрдү.

“Аалам” партиясынын лидери Арсланбек Малиевдин айтымында, мындай чаралар капчыктуулардын гана парламентке келишине жолтоо болот:

- Бүгүн шайлоо чөнтөктүн жарышына айланды. Кимдин акчасы көп болсо ошолор парламентке келип жатат. Ал эми программаны билген бирөө барбы? Андай болбой жатат. Ошондуктан, биз мыйзамды сунуштоо менен программалардын жарышын камсыз кылуу аракетин көрүп жатабыз.

Сунушталып жаткан демилгелер акчасы жок, бирок жер-жерлерде кадыр-баркы бар лидерлердин чыгышына жана жаш партиялардын биригишине жол ачат.
Өмүрбек Текебаев

Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү сунуштагандар өз демилгесин оң миң кол топтоо менен жарандык демилге катары парламентке киргизүүгө ниеттенүүдө. Бирок бул өзгөртүүлөрдү парламент колдойбу деген суроо туулат.

Себеби, бийлик акыркы шайлоолорду жаңы технология колдонуп, таза өткөргөнү айтылган. Мындан улам коомдук демилге катары сунушталган мыйзам долбоордун парламентте колдоо табышы боюнча күмөн пикирлер арбын.

Демилге акчасы жокторго жол ачабы?

Парламенттеги бийликчил Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов шайлоо ыплас өттү деген жүйөгө макул эмес:

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

- Дегеле шайлоону таза өткөрүү үчүн, мыйзамдарды өнүктүрүү үчүн керектүү толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдойм. Шайлоо мыйзамы бул өзгөртүү киргизилбеген догма эмес. Ал эми айрым партиялар шайлоодон өтпөй калганы үчүн ар кандай себептерди айтып жатышса керек. Бирок шайлоо таза өттү деп айта алам. Биометрикалык жол менен өткөнүнөн улам ар бир жаран өзү үчүн добуш берди. Мурдагыдай таңгактап бюллетень ыргытуу, бурмалоо дегендерден буюрса арылдык.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоого негиз бар экенин белгилеп, бул шайлоо системасын өнүктүрүүгө шарт түзөт деген ишенимде:

- Айрым партиялар өз ара биригип, антташып, өз укуктарын пайдалаганга аракет кылып жатышат. Алар мындай кылууга мажбур. Себеби, аймактарда кадыр-баркка ээ, конкреттүү адамдарга басым жасоо менен өз партияларын алдыга сүрөөгө аракет кылууда. Ошон үчүн бул демилгени туура деп эсептейм. Сунушталып жаткан демилгелер акчасы жок, бирок жер-жерлерде кадыр-баркы бар лидерлердин чыгышына жана жаш партиялардын биригүүсүнө жол ачат.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Ошол эле учурда шайлоодо жеңилүүгө учураган үч партиядан бир коалицияга биригишинин максаты эмне деген суроолор кызыгуу жаратты. Анткени, саясий өнөктүктөр алдында саясий күчтөрдүн биригүүсү болуп келген. Мына ошондуктан, 2017-жылдагы президенттик шайлоо алдындагы биригүү эмеспи деген суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Бул суроого жооп берген Адахан Мадумаров коалициянын андай максаты жок экенин ачыкка чыгарып, бирок өзү президенттик кызмат үчүн ат салышуу планы бар экенин жашырган жок.

Саясий илимдердин доктору Аалыбек Акунов партиялардын биригүүсүнүн көп себептери болушу мүмкүн деди:

- Эми коалициялар кандайдыр бир маселени чечүү үчүн биригиши мүмкүн. Бул илимде деле аныкталган. Бул коалициянын мыйзамга өзгөртүү киргизүү максатында бириккени туура эле. Анткени, бир нече саясий күчтүн бир максатты көздөп бириккени таасирдүү болот.

Партиялар шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү сунуштап биригип жаткан кезде президент Алмазбек Атамбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, 2017-жылдагы президенттик шайлоону адилет жана ачык өткөрүү аракетин көрүүнү тапшырды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG