Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Өзгөргөн өкмөт түзүмү талкууда


Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү
Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү

Жаңы куралган кыргыз өкмөтү эки ай өтө электе түзүмүн өзгөрттү. Жыйынтыгында айрым министрликтер, агенттиктер бириктирилип, эки жаңы комитет жана эки жаңы министрлик түзүлдү. Өткөн аптада өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү парламентте ант берип, расмий ишке кирди.

Өкмөттөгү жаңы кыскартуулар, бөлүштүрүүлөр менен бириктирүүлөр иштин сапатына кандай таасир этет? Жаңы же кайра дайындалган кадрлардын тажрыйбасы менен салмагы өкмөт тапшырган иштин натыйжасын арттыра алабы?

“Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издедик.

Талкууга өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Мурат Муканбетов жана "Кыргызконцепт" ишканасынын жетекчиси, мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев катышты.

“Азаттык”: Мурат мырза, соңку жылдары Кыргызстанда ар жыл сайын жаңыдан өкмөт алмашып келет. Ар бири өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүгө аракет кылат. Бул жолу да өкмөт эки ай өтө электе эле структурасын өзгөттү. Кыргызстанда реформа жүргүзүү деген түшүнүк бөлүп, кошуп, бириктирүү менен эле чектелип жаткан жокпу?

Мурат Мукамбетов: Акыркы өзгөртүүлөр бул өкмөттүн Жогорку Кеңеш бекитип берген жаңы программасын аткаруу максатында болду. Ошол программада алты негизги багыт бар. Алардын ичинде эң ири эки багыт - бул аткаруу бийлигинин ачыктыгы жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу. Ушул багыттарды иликтеп, аларды ишке ашыруу үчүн кандай чаралар керек деп, аткаруу бийлигинин түзүмүн карап көрүп, эки чоң сунушка келдик. Биринчиден, бул мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети түзүү сунушу болду. Бул сунуш кайдан чыкты? Кыргызстан эки жылга чукул ЕАЭБге мүчө болуп турат, андан толук кандуу пайда көрүү үчүн биздин өнөр жай ишканалар аттандаштыкка туруктуу болушу керек. Ошондуктан ушундай комитет түзүлдү. Өнөр жай саясатын жогорку деңгээлге чыгаралы дедик.

“Азаттык”: Эмил мырза, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өзгөртүүлөр өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана учурдагы чакырыктарга жооп берүү үчүн киргизилди деп негиздеди. Айрыкча коопсуздук жана чек ара маселелерине көңүл буруу зарыл болгондуктан бул жаатта вице-премьердин кызматы кайра түзүлгөнүн, айрыкча Евразиялык биримдикке киргенден кийинки жагдайга байланыштуу өзгөртүүлөр зарыл болгонун билдирди. Сиз аны туура эле кабыл алдыңызбы?

Эмил Үмөталиев: Бул өзгөртүү азыр жаңы талкууланып баштады. Бирок азыртан эле көп сындарга кабылып, ишенбөөчүлүк маанайдагы пикирлер көп айтылып жатат. Биринчиден, өкмөт мүчөлөрүнүн санынын өсүшү бул ишенимдүү кадам эмес. Түзүмдүн өзгөрүшү азыркы эле бюджеттин алкагында ишке ашат деген менен жакынкы арада ошол министрлер, өкмөт мүчөлөрү билгизбей көбөйтүүнү сурашат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Экинчиден, ошол бюджет менен чектелген кезде деле аларга кабинет, машине, кароолчу керек. Ошентип бюрократия кайра көбөйөт да ал бюджетке жана элге түйшүк болот. Үчүнчүдөн, эң коркунучтуусу, ар бир бюрократ, чоң бийлиги бар бюрократ бул деген жаңы тоскоолдук, жаңы үстөмдүк. Ал элге жардам береби же элдин аркасынан көмүскө экономиканы, коррупцияны көбөйтөбү, элге жаңы түйшүктү ойлоп чыгабы? Бул совет доорундагы жол.

Өзгөргөн өкмөт түзүмү үмүттү актайбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:54 0:00

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG