Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 04:13

Аскердик прокуратура ооган согушунун жалган ардагерлери боюнча ишти иликтеп, жасалма күбөлүк берген аскер комиссариаттарына бир катар кылмыш иштерин козгоду.

Буга чейин комиссия иликтеп чыгып, документтерин жасалмалап, мамлекеттен акчалай жана материалдык жеңилдик алып келген 159 аскер ардагерин тапкан.

Аскердик прокуратуранын козгогон иштери

Аскердик прокуратура анын ичинен 46 "жалган ооганчы" иргелип чыкканын, анын кесепетинен мамлекетке 23 миллион 700 миң сом зыян келтирилгенин аныктады.

Аскердик прокуратура мекемелер аралык иликтөө комиссиясынын берген материалдарын текшерип чыгып, Ош шаарынын, Кара-Суу, Кадамжай жана Ноокат райондорунун аскер комиссариаттарынын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмалуулук жана алдамчылык белгилери боюнча козголгон иштер аскер ардагерлерине 2010-жылдан бери мыйзамсыз жөлөк пул төлөнгөн учурду ичине камтыйт.

Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Канатбек Султанов козголгон иштердин мазмунуна кыскача токтолду:

- Текшерүүнүн жүрүшүндө аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары кээ бир жарандар менен алдын ала келишип алып, мыйзамдуу негиздер жок болгонуна карабастан аскердик каттоо документтерине Ооганстанда кызмат өтөгөнү тууралуу жалган маалыматтарды киргизишкен. Андан ары жалпысынан 46 "жалган ооганчыга" жасалма күбөлүк берилген. Мына ошол документтердин негизинде аларга ай сайын 6 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул мыйзамсыз төлөнүп турган.

Шек жараткан документтер

Мекемелер аралык комиссия Коргоо министрлигинде, Чек ара кызматында, Жаза аткаруу тармагында жана ички иштер органдарында иштеп жүрүп, ооган согушунун же башка аскердик чатактардын ардагери катары пенсияга чыккан 159 офицердин документи шек жаратарын жарыялаган. Анын ичинен 53 офицер эч кайсы куралдуу чатакка катышпаганы аныкталганы белгиленген. Тизмеде буга чейин аскер жетекчилигинде жүргөн айрым генералдар менен полковниктердин да ысымдары аталган.

Рысбек Мирзаматов
Рысбек Мирзаматов

Алардын бири, Чек ара кызматынын эс алуудагы генерал-майору Рысбек Мирзаматов Түркмөнстандын Иолотань шаарында кызмат өтөгөнүн, мезгил-мезгили менен Ооганстанда атайын тапшырмаларды аткарып жүргөнүн ырастаган далилдерди тергөөгө тапшырганын билдирди:

- Мени чакырышты. Барып түшүнүк катымды жазып бердим. Анын негизинде тиешелүү архивдерге суроо-талап жөнөтүшкөн. Менин Ооганстанда атайын аскердик иш сапарда болгонумду ырастаган документтердин баарын тергөөгө тапшырып бердим. Ошол боюнча чакырыша элек. Мага бул иште "күбө же башка катары өтөсүң" деп айтышкан жок. Ошол документтеримде "Мирзаматов аталган аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, Ооганстандагы согуштук аракеттерге көмөк көрсөткөн" деп турат. Анын негизинде комиссия мени ардагер катары таап, кызматымды ооган согушунун катышуучуларынын макамына теңдештирген.

Эске сала кетүүчү жагдай, расмий маалыматтар боюнча, Ооганстандагы согуштук аракеттер жүрүп жаткан кезде ал жакка жүк ташыган Оштогу мурдагы автоколоннанын айдоочулары дагы ардагер катары таанылып, алардын макамы согуштук аракеттердин катышуучусуна теңдештирилген.

"Атанын уулу же уулдун атасы"

Жасалма документтердин негизинде мамлекеттин эсебинен жеңилдиктерди алып келгендердин тизмесинде Коргоо министрлигинин башкы штабынын мурдагы башчысы, генерал-майор Нуридин Чомоев да бар.

Ал Йеменде 1986-1989-жылдары кызматтык сапарда болгону аныкталган. Расмий маалыматтар боюнча ал учурда Йеменде согуш болгон эмес. СССР кийлигишкен Йемендеги согуш 1962-1969-жылдарга туура келет. Отставкадагы генерал-майор Нуридин Чомоев козголгон кылмыш ишинен кабары жоктугун айтуу менен чектелди:

- Ой мен эч нерсе билбейм. Ал өздүк ишти менимче, текшерип жатышса керек. Мен дагы интернационалдык милдетимди аткаргам. Ошондуктан азыр эч нерсе деп айта албайм. Себеби мага эч ким эч нерсе деп айткан жок.

"Айныксыз далилдер"

Генерал-майор Нуридин Чомоев Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын башчысынын орун басары Нурлан Чомоевдин атасы. Аскердик прокуратура Нуридин Чомоевго дагы кылмыш иши козголгонун же козголбогонун ачыкка чыгарган эмес.

Абдыгул Чотбаев
Абдыгул Чотбаев

Бул ишти бир жыл мурда иликтеген мекемелер аралык комиссиянын өкүлү генерал-полковник Абдыгул Чотбаев жасалма жүйөлөрдү ашкерелей турган айныксыз далилдер бар экенин белгиледи:

- Мен "согуштук аракеттерге катышып, ошол жакта болдум" дегендерине такыр ишенбейм. Эми аларда аскердик мораль, уят жок болсо мен эмне кылайын? Ал убакта мына ошол аскер бөлүктөрү согуштук аракеттер жүргөн аймактарга тартылган эмес. Мисалы үчүн тигил киши (Чомоев) Йеменге жөн эле аскер кеңешчиси болуп барган. Анын өздүк ишин өз көзүм менен карап чыккам. Кылмыш иши козголгондон кийин Чомоев буга чейин ай сайын алып келген 6 миң сомдон баш тарткан. Генералдар анын бетине айтканда эле ал киши "болду, мен туура эмес алып жаткан экем, андан баш тартам" дептир.

Бирок генерал-майор Нуридин Чомоев буга чейин ага төлөнүп келген жөлөк пулду мамлекетке келтирген зыян катары кайра ордуна койгону же койбогону белгисиз. Ошол эле кезде аскердик прокуратура комиссия тапшырган материалдардагы 159 ардагердин арасынан 46сын гана аныктап, калгандарынын материалдары эмне болгонун атаган жок. Тергөө органы жоопко тартылып жаткандардын айыбы угузулуп, иш сотко өткөрүлө турганын жарыялады.

Бишкектеги ооганчыларды эскерүү митинги. 15-февраль, 2018-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG