Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Апта: Сапар Исаков куугунтук курмандыгыбы?


7-апрель, 2018-жыл.
7-апрель, 2018-жыл.

Камактагы Сапар Исаков өзүнө козголгон кылмыш иштери үчүн бийликти айыптады. Кыргыз парламентинин түзүлгөнүнө 80 жыл толду.

Башкаруучу социал-демократиялык партиясы (КСДП) менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго байланыштуу бири-бирине доомат арткан маалымат таратышты.

Социал-демократтар партиясы экс-премьер-министр Сапар Исаковдун Бишкек шаардык сотунда сүйлөгөн сөзүн жарыялады. 18-декабрда сотто анын бөгөт чарасы каралды. Анда Исаков сот процессин алып барып жаткан судьяга кайрылып, "бардык процесстердин артында президенттин аппараты турат" - деп айтты. "Алар сиздин бул жердеги ар бир дем алганыңызды, бул жерде айткан ар бир сөзүңүздү көзөмөлдөп турганын айткым келет. Ошондуктан мен мунун артында менин сот процессимди өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган Сооронбай Жээнбеков турганын айтмакчымын" деген Исаковдун сөзүн "Апрель" телеканалы жарыялады.

Ошондой эле Исаков түрмөгө түшкөндөн бери куугунтукка кабылганын жана атайын кызмат менен сот ситемасынын анык жүзүн көргөнүн айткан. "​Өкүнүчтүүсү - мен президенттик аппараттын жетекчиси, премьер-министр болуп турганда УКМКнын дубалдарынын артында, соттордо эмнелер болуп жатканын көргөн эмес экенмин. УКМКда отургандан бери бизде көйгөйлөр чын эле абдан көп экенин көрүп жатам. Бүгүн мен саясий куугунтуктоонун ачык бир өкүлүмүн" - деди сотто мурдагы өкмөт башчы.

УКМК Исаковдун дооматына дароо эле үн катып, экс-премьердин сөзүн "коомчулуктун көңүлүн башка жакка бургусу келип жатат" деп баалады. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов экс-премьер Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу коррупциялык иштерден тышкары башка да мыйзам бузган учурлары иликтенип жатканын билдирди. "​Башка долбоорлордо да мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы боюнча далилдер бар. Бул фактылар териштирилип жатат" - деген атайын кызматтын өкүлү кайсы фактылар экенин анык айткан жок.

18-декабрда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун Исаковдун камактагы мөөнөтүн 2019-жылдын 5-январына чейин узартуу тууралуу чечимин күчүндө калтырды. Сотто Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келүүдө.

Эксперттердин пикиринде, камакта жаткан Исаковду коргогон Социал-демократтар партиясы менен Улуттук коопсуздук кызматынын удаа-удаа билдирүү таратып, бирине-бири доомат койгону - мамлекеттик органдардын иштөө принцибин айгинелейт. Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев "бийлик башында тургандар мамлекеттик мекемени өз кызыкчылыгына айлантып алышкан" деп түшүндүрөт.

Илимпоз "Азаттыкка" берген комментарийинде, "президент же премьер-министр болобу укук коргоо органдары жана коопсуздук кызматы алардын тапшырмасын аткарып турса, булар "жакшы иштеп жатат" деп ойлошот. Мамлекеттик мекемелер жогорку бийликтин гана буйругун аткарып калганын Сапар Исаков өз башына түшкөндө сезип жатат. Бул мамлекеттик бийлик элге эмес, жогору жактагы адамдарга кызмат кыла турганын далилдеп койду", - деди.

20-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн салтанаттуу жыйында өлкөнүн атайын кызматы коррупция менен алгылыктуу күрөшүп жатканын белгиледи. Мамлекет башчы "коррупция менен күрөшүү мындан ары да күчөй турганын дагы бир ирет эскертем" - деди өз сөзүндө.

УКМКнын мурунку төрага орун басары Марат Иманкуловдун пикиринде, акыркы жылдары атайын кызматка "күчтүн баары эле саясий оппоненттерге жумшалды, ушактарды эле териштирип жатат, башка маселелер каралбай калды" дегендей доомат көбөйдү.

Профессор Бөрүбашев президент Жээнбековдун шайлоо алдындагы укук коргоо жана сот органдарын реформалоого берген убадасын эске салып, бирок алардын аткарылышынан күмөн санайт. "1-январдан тарта өлкөдө жаңы кодекстер күчүнө кирет, сот системасында, укук коргоо органдарында өзгөртүүлөр болот деген ойлор бар. Бирок алардын аткарылышына көзүм жетпейт. Анткени башкаруу системасындагы көйгөйлөр, коррупция, жоопкерсиздик мыйзам талаасындагы башаламандыктан келип чыккан" - деди профессор биздин сурообузга жооп берип жатып.

Жогорку Кеңештин түзүлгөнүнө 80 жыл

Жума күнү кыргыз парламентинин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгы белгиленди. Ага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков соңку кезде саясий чөйрөдө талкууланып жаткан Конституцияны өзгөртүүнүн ордуна шайлоо мыйзамдарын жаңыртып, партиялык системаны өнүктүрүү зарылдыгын билдирди. Президент белгилегендей, 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Баш мыйзам 25 жыл ичинде 10 жолу өзгөртүлгөн. Жээнбеков отургандарга кайрылып, ​"элдин чечимине карабай, 2016-жылы Конституцияны дагы бир жолу өзгөртүүгө жол берилди. Ошондуктан, 2010-жылдагы окуяларды эстеп, элдин эркин сыйлап, Баш мыйзамыбызга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейм" - деди.

24-ноябрда президенттин бир жылдык ишмердигине арналган курултайда конституциялык реформа боюнча маселе көтөрүлгөн. Анын уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаров эгер президент Баш мыйзамды өзгөртүү жана Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү боюнча аракетти кийинки жылдын 7-апрелине чейин баштабаса, элдик демилге катары кол топтоло тургандыгын эскерткен.

21-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн парламентаризмдин өнүгүшүнө арналган илимий конференцияга катышкан экс-президент Роза Отунбаева өз сөзүндө парламенттик демократиянын жолу жана Жогорку Кеңештин ишмердиги боюнча талдоо жүргүзүү зарылдыгына токтолду.

Экс-президенттин пикиринде, парламенттин ишмердүүлүгү солгун болуп жатат. "Жогорку Кеңеш өлкөнүн стратегиялык багыттарын аныктоодо жигердүү иштеген жок. Акыркы кездери бир да стратегиялык документ даярдаган жок" - деди Отунбаева.

Ошондой эле парламенттик көзөмөл жаатында да бир катар маселелер бар экенин, бул функция өкмөттү кетирүү жана кадрдык өзгөртүүлөр менен гана чектелип жатканын белгиледи.

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Экс-президент Отунбаева ​"80 жылдыгын белгилеп жаткан парламент Өмүрбек Текебаевдин маселесин көтөрбөгөнүнө өтө өкүнөм" - деди. Бул депутаттын бардык өмүрү пост-советтик кыргыз
парламентинин тарыхы менен байланыштуу. Жогорку Кеңештин ишине ал кошкондой салымы барды депутаттардын арасынан табуу кыйын чыгар" - деп, абактагы саясатчынын иши кайра каралышы зарылдыгын белгилеп, сөзүн аяктады.

Кыргызстандын демократиялык шайланма өкүлчүлүк органы - Жогорку Кеңеш калктын бардык катмарынын мүдөөсүн билдирүүгө, ар кыл пикир-макулдашуунун жалпы улуттук аянтчасы, элдин үнү катары кызмат кылууга тийиш.

1938-жылдын 24-июнунда республиканын бийлигинин жогорку органына – Кыргыз ССР Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо алгачкы жолу өткөн. Ага 284 депутат шайланган. 1938-жылдын 18-июлунда Жогорку Советтин биринчи сессиясы өткөн.

Учурда партиялык тизме менен шайланган парламентте 120 мандат бар.

АКШ Сириядан аскерлерин чыгарат

АКШнын президенти Дональд Трамптын 19-декабрда жарыяланган чечими күтүүсүз болду. АКШ президенти "Биз "Ислам мамлекети" радикал тобун жеңдик. Бул Трамптын президенттиги учурунда аскерлерди ал жакта калышынын жалгыз себеби болчу" деген билдирүүнү алгач "Твиттердеги" өз баракчасына жазды. Көп өтпөй видеокайрылуу да жарыялады.

"Биз Сирияда көптөн бери согушуп келатабыз. Президенттик кызматка киришкениме эки жыл болуп калды. Биз чындап киришип, "Ислам мамлекети" радикал тобун жеңдик. Биз аларга оңбогондой сокку урдук. Аймакты кайра кайтардык, эми биздин аскерлер үйлөрүнө кайтчу убакыт келди" - деп айтылат видеодо.

АКШ президентинин билдирүүсүн Сенаттын бир катар мүчөлөрү, алардын ичинде республикачылар да айыпташты. 19-декабрдын кечинде бир нече сенатор кол койгон кат президенттин администрациясына жөнөтүлдү. Азырынча мындай кадам эртелик кылары жана "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ жалаң эле Кошмо Штаттардын коопсуздугуна коркунуч келтирбестен, Сирия президенти Башар Асаддын, аны колдогон Иран менен Орусиянын күч алышына жол ачары белгиленди.

Сенатор Марко Рубио "Сириядагы америкалык аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу чечим, менимче, жакынкы жылдарда жана айларда олуттуу кесепеттерге алып келүүчү абдан зор, олуттуу ката", - деп тынчсызданды.

Дагы бир сенатор Боб Коркер Трамптын күтүүсүз чечимин өнөктөштөр кандай кабыл алат деген бүдөмүк оюн айтты. ​"Биз менен ушунча убакыт бир болуп, биз менен бирге ар кандай өңүттө согушка аралашкан 50-60тай өнөктөш мамлекет бар. Мен билгенден, алар менен “бүгүн эртең менен ушундай жарыя жасаганы жатабыз” деп сүйлөшкөн да жокпуз. Бул баары үчүн күтүүсүз болду. Сенаттагыларды бул чечим айран-таң калтырды, - деди.

Эл аралык коалициядагы өнөктөштөрдүн ичинен алгачкылардан болуп Франция менен Британия үн катышты. Франциянын Европа иштери боюнча министри Натали Луазо 20-декабрдагы өз билдирүүсүндө Сирияда террорчулукка каршы күрөш аяктай элек экенин айтып, «биз азырынча Сирияда кала беребиз» деп кошумчалады. Ал эми британ өкмөтү тараткан билдирүүдө Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө али да жасала турган көп иштер бар экендиги белгиленет.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ак үйдүн Сириядан аскерлерин чыгарып кетүү тууралуу чечими “ал жактагы жаңжалды саясий жактан жайгарууга шарт түзөт” деп билдиргенин ТАСС агенттиги кабарлады.

Президент Трамптын Сирия боюнча чечимине удаа эле АКШнын коргоо министри Жим Мэттис кызматтан кетээри маалым болду. Пентагондун башчысы өз чечимин түшүндүргөн катты 20-декабрда Трампка жиберди. Анда Мэттис кызматтан кетүү тууралуу өз чечимине президент менен "көз караштары туура келбей калганын" жүйө келтирген.

Ал ошондой эле АКШнын өз өнөктөштөрү менен жигердүү иш алып барышын, ошондой эле Орусия жана Кытай сыяктуу мамлекеттерге каршы турууну жактай турганын белгилеген.

Сириядан соң АКШ президенти Ооганстандагы америкалык аскерлерди "олуттуу" азайтуу боюнча чечим кабыл алганы да кабарланды. “Нью-Йорк Таймс” гезити менен СNN телеканалы өз булактарына таянып кабарлагандай, Трамп Ооганстанда турган жоокерлердин балким жарымын чыгарууга даярдык көрүүгө буйрук берген. Мындай маалыматка Пентагон жана НАТО азырынча комментарий бере элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG