Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Сын жана мактоо коштогон жыйын


Президенттин жылдык жыйыны учурунда тартылган сүрөт.
Президенттин жылдык жыйыны учурунда тартылган сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун алгачкы басма сөз жыйыны өлкөдөгү саясий турмуштун башкы окуясы болду. Жыйын жүрүшүндөгү президенттин билдирүүлөрүн эксперттер талдап жаткан чагы.

Сооронбай Жээнбековдун президент катары алгачкы басма сөз жыйыны саясий айдыңда, коомчулукта кызыгуу менен кабыл алынды.

Буга президенттин телерадиого көп чыкпай жүргөнү да себеп болду көрүнөт.

Президенттик кызматка киришкен былтыркы жылдын ноябрынан бери Жээнбеков маалымат каражаттарына эки жолу гана маек курган.

Биринчиси, жергиликтүү “24.кг” агенттигине, экинчисинде орусиялык "Россия 24" каналынын суроолоруна жооп берген. Ошондуктан Жээнбековдун алгачкы басма сөз жыйыны талкууга түшүп, өлкө башчысынын билдирүүлөрү, жооптору талданып жатат.

Кыргызстандын саясий турмушуна тыкыр көз салгандар Жээнбековдун басма сөз жыйынынын форматы менен мазмунун бөлүп карап, баа беришүүдө. Эң ириде басма сөз жыйынына ар түрдүү позициядагы журналисттерди чакырып, алардын суроолоруна ачык жооп бергени белгиленүүдө.

Маселен, "Адилет" укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова бул форматты буга чейинки жылдарга салыштырып оңунан баалап жатат:

- Басма сөз жыйынында журналисттерди "өз" же "жат", оппозициячыл же мамлекеттик маалымат каражаты деп бөлүшкөн жок. Бул мааниде президенттин алгачкы басма сөз жыйыны жакшы таасир калтырды. Экинчиден, бүгүнкү күндөгү курч маселелер боюнча суроолорду берүүнү чектешкен жок. Бул да оң көрүнүштөн кабар берет.

Бирок Чолпон Жакупова президенттин билдирүүлөрүнөн эң талылуу деген тармактар боюнча өзгөрүү, реформаларды жүргүзүү тууралуу так көз карашы байкалган жок деген пикирде.

Жакупова Жээнбеков экс-президент кетирген каталардан сабак алып, аны оңдоо боюнча так планын көрө албаганын кошумчалады:

- Мага тааныш, мен билген сот реформасы боюнча эле айта кетейин. Президент сот жана укук коргоо тармактарында системалуу реформаны жактай турганын айтып келет. Бирок кечээ басма сөз жыйынындагы сөздөрүнөн бул тармакта так багытты көрө алган жокмун. Ар бир системалуу иш алып барган адам бир нече эрежени так сактап, иш жүргүзөт. Маселен, кайсы бир багытты талдап, эң башкы маанилүү кемчиликтерди аныктайт жана аны жоюу жаатында аракет кылышы керек. Экинчиден, ал абалды өзгөртүш үчүн системалуу сунуштарды берет. Үчүнчүдөн, бул багыттагы иштерди көзөмөлгө алып, иш жүргүзөт. Тилекке каршы, мен мындай системалуу өзгөрүүнү көрө алган жокмун. Кыргызстанда бир да президенттин башкаруусундагы жылдарда мынчалык көп саясий туткундарды көргөн эмеспиз. Рекорд коюлду. Бул сот жана укук коргоо органдары саясий чечим чыгарганын көргөзүп турат. Муну экс-президент Алмазбек Атамбаев эки жолу өз маегинде ырастады. Ал конкреттүү адамдарды, конкреттүү иштерди атап өттү. Мындай учурда азыркы президент өзү жана администрациясы кабыл албаган иштер үчүн жоопкерчиликти тартып, чечим кабыл албай жатканы түшүнүксүз.

Ал эми Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны экс-президенттин буга чейинки маектерине жооп берүүгө арналгандай таасир калтырганын белгиледи.

Жороев жыл жаңыраар алдында президенттен келечекке карай стратегиялык пландары туурасында кеп кылат деп күткөнүн айтты:

- Биринчи президенттик жылды жыйынтыктап жатканда “Өлкөнү кайда алып бара жатабыз, өнүгүүдөгү максатыбыз кандай, кандай өлкөгө айланышыбыз керек?” деген суроолорго жооп берсе жакшы болмок. Бирок мындай суроого жооп болгон жок. Күнүмдүк эле айтылып жүргөн сөздөр. Албетте, баарыбыз макул болчу "коррупция менен күрөш, экономиканы, аймактарды өнүктүрүү" деген сөздөр айтылды. Бул эми өкмөттүн программасынын алкагындагы сөздөр. Президент катары алыскы келечекке багыт берчү, масштабдуу идеяларды берсе жакшы болмок.

Бирок саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков мындай пикирлерге кошулбайт. Профессор Жоробековдун айтымында, президент буга чейин өлкөдөгү эң маанилүү багыттар боюнча так позициясын белгиледи:

- Президенттин билдирүүлөрүнөн бир топ позитивдүү жана маанилүү багыттарды белгилесек болот. Ал киши жыйында президенттикке киришкен учурда жарыялаган аймактарды өнүктүрүү боюнча багытка өз мөөнөтү бүткөнчө маани берилерин айтты. Демек, ал киши бул багытта өзүнүн стратегиялык так планы бар экенин, аймактарды өнүктүрүү менен башка өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү тармактарды оңдоого планы бар экенин көрсөттү.

Басма сөз жыйынынын жүрүшүндө Жээнбековдун экс-президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси, ага-туугандарынын бийликке таасири, Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов сыяктуу саясатчыларга байланыштуу туруму, коррупцияга каршы күрөш сыяктуу суроолорго басым жасалган.

Ошондуктан дал ушул багыттагы суроолорду берген журналисттердин дарегине сын айткандар да чыкты.

Журналист Чолпонбек Абыкеев басма сөз жыйынындагы айрым кемчиликтерге кабарчылардын берген суроолор себеп болгонун айтты:

- Басма сөз жыйынында журналисттер жалаң эле көчөдө болуп жаткан сөздөр сыяктуу жөнөкөй кептер, кайсы бир саясатчынын жеке кызыкчылыгындагы маселелер боюнча, атайын тапшырылган суроолорду беришти. Бул басма сөз жыйынын өткөргөн президенттин күнөөсү эмес, ага катышкан журналисттердин деңгээлинен улам айрым сын пикирлер айтылып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун президент катары алгачкы басма сөз жыйыны 19-декабрда өттү. Үч сааттан ашык убакытка созулган жыйынга 80ден ашык маалымат каражатынан 170тей журналист катышкан.

Жээнбеков саясат жана коррупция тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:18 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG