Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:58

ЕАЭБ: салыштыруудан чыккан саясат


Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны. 6-декабрь, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбековдун ЕАЭБ уюмунун келечеги катары бирдиктүү валютаны киргизүү жана ачык чек аралар боюнча жообу талкууга түштү.

Сооронбай Жээнбеков "Россия-24" телеканалындагы маегинде ЕАЭБ уюмунун келечегин Еврошаркеттей көргүсү келерин айткан. Кремлге жакын Интернет басылмалар аны бирдиктүү валюта киргизүү идеясын колдоо катары жазып чыгышты.

Орусия Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөлөрүнө интеграцияны тереңдетүү үчүн бирдиктүү валюта киргизүүнү сунуш кылып келет. Бирок уюмдун көпчүлүк мүчөлөрү буга эгемендикке көлөкө түшүрө турган көрүнүш катары карап, андан баш тартып келишкен.

Аргасыздыктын саясаты...

Бир катар орусиялык интернет-басылмалар Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Евразия Экономикалык Биримдигинин чоң кудурети жана кубаты бар экенин айтып, "Россия-24" телеканалы менен маек курганын жазып чыгышты.

Анда президент Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ уюмунун келечегин чек аралары жок, бирдиктүү укуктук мейкиндиктеги жана бирдиктүү валютага ээ союз катары көрүүнү кыялдана турганы айтылган.

Саясатчы Равшан Жээнбеков президент биримдиктин кезектеги жыйынынын астында мындай көз карашты айтууга аргасыз болушу мүмкүн деп эсептейт:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- ЕАЭБ уюму жана анын аймагында бирдиктүү валюта киргизүү идеясы - эч кандай келечеги жок демилге. Анткени президент Евразия Экономикалык Биримдигинин кезектеги жыйынына катышардын астында саясат үчүн ушундай көз карашты айтууга аргасыз болушу мүмкүн. Себеби, биздин мамлекет, биздин президент азыркы учурда Орусияга экономикалык жактан болобу, каржылык жактанбы же коопсуздук жагынан болобу, аябагандай көз каранды. Ошондуктан мамлекет башчысы өзүнүн ичиндеги чыныгы оюн эмес, азыркы мезгилде керек деген негизде айтса керек. Муну мен айла кеткендеги сөзү катары кабыл алдым.

Бурулган ой, бурмаланган сөз

Президент Сооронбай Жээнбеков "Россия-24" телеканалындагы маегинде журналисттин "Сиздин кыялыңыздагы Евразия Экономикалык Биримдиги кандай болушу керек?" деген суроосуна: "Евробиримдиктегидей, чек аралар ачык болуп, жарандар эркин каттап, тең укуктуу тейлөөгө ээ болгондой шарт түзүлсө" деген ниетин айткан.

Анда журналист кайра "Евробиримдиктин бирдиктүү валютасы бар да" деген кайчы суроосун узаткан. Ага президент Жээнбеков "биз дагы мына ошого баратабыз" деп жооп кайтарган.

Президент Сооронбай Жээнбеков "Россия-24" телеканалына курган маегинде Евразия Экономикалык Биримдигинин келечегин Еврошаркет менен салыштырган ниетин айтып, чек араларды ачып, бирдиктүү валюта киргизүүгө убакыт бар экенин айткан экен:

- Бул биздин келечек. Келечекте ал Еврошаркет сыяктуу чек аралары ачык болуп, биздин жарандар биримдиктин аймагында эркин каттап, уюмга кирген кайсы гана мамлекетте болбосун, өз өлкөсүндөгүдөй кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алгандай шарттар түзүлсө дейм. Мен уюмдун келечегине аябай ишенем. Бизде абдан чоң, кубаттуу дарамет бар. Албетте, Еврошаркеттин бирдиктүү валютасы бар. Албетте, биз дагы ошого барабыз. Бирок ага убакыт керек.

"Бирдиктүү валюта эгемендиктен ажыратат"

Ошол эле кезде жергиликтүү саясат талдоочулар арасында ЕАЭБ уюмуна мүчө мамлекеттердин аймагында бирдиктүү валюта киргизүү демилгеси андагы мамлекеттердин көз карандысыздыгын чектөөгө алып келет деген кооптонуулар бар.

Анткени бирдиктүү валюта кайсыл жерден чыкса, башкаларга салыштырмалуу экономикалык жактан кубаттуу уюмдун мүчөлөрү гана ага үстөмдүк кылып калат деген жүйөлөр келтирилди.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев бирдиктүү валюта киргизүү эгемендиктен баш тартууга алып келерин айтып, мамлекет башчысын мындай чакырыктарды колдоодон алыс болууга үндөдү:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Жөнөкөй эле өз ара кызматташтыгыбызды жөнгө сала албай жатканда, каяктагы бирдиктүү валюта маселеси болушу мүмкүн? Биз "көз каранды эмес мамлекет катары гербибиз бар, гимнибиз жана улуттук валютабыз бар" деп жүрөбүз. Улуттук валюта - бул эгемендиктин бирден-бир белгиси эле эмес. Ал анын кыймылдаткыч күчү. Ошондуктан биз рублди колдонууга өтүп, бирдиктүү валютаны кабыл алсак, анда экономикалык жана саясий жактан толугу менен Орусияга баш ийип, эгемендигибизди өз эркибиз менен өткөрүп берген болобуз. Биз өз алдыбызча иш алып бара албай калабыз. Ошондуктан бирдиктүү валюта тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Мамлекет башчысы мүмкүн кандайдыр бир каалоо же ниет катары айтып койгон чыгаар. Бирок бул жөн эле да айтылып коё турган сөз эмес.

Европа Биримдигине кирген 28 мамлекеттин көпчүлүгү, тагыраагы 19 өлкө бирдиктүү евро валюта зонасына кошулган. Калганы саясий жана экономикалык өз алдынчалыкты сактоону туура көргөн.

Евразия Экономикалык Биримдигине кирген Казакстан менен Беларустун президенттери дагы учурунда бирдиктүү валюта киргизүү демилгесине каршы чыккан жайы бар.

Евразия Экономикалык Биримдигинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков өнөктөштөр арасында товар жүгүртүүдө тоскоолдуктар бар экенин айтып, аларды жоюуга мезгил жеткенин белгилеген баяндама жасады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG