Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:00

Узап бараткан жумада Кыргызстанда президенттик шайлоонун убактысы боюнча талаштар чыкты. Жогорку Кеңеште алты айдан бери иликтенип, корутундусу талаш жараткан 2010-жылдагы мародерчулук жана башка чуулгандуу иштер боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады. Аз гана айырма менен бийликчилдер жеңген Түркиядагы референдум, Санкт-Петербургдагы теракттан кийинки Орусиядагы кармоолор да бул аптадагы негизги окуялардан болду.

Шайлоо күнүнөн чыккан талаш

Узап бараткан аптадагы орчундуу окуялардын бири президенттик шайлоонун убактысы боюнча талаштар болду. Апта башында оппозициядагы "Ата Мекен" фракциясынын өкүлдөрү, буга чейин айтылгандай, шайлоону ноябрда өткөрүү Баш мыйзамга каршы келээрин билдирип чыгышты.

"Атамекенчилердин" жүйөсүндө, шайлоо ноябрда өтсө, жаңы президент Баш мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кызматка кирише албай, ал мыйзамдардын бузулушун шартташы мүмкүн.

Мындан соң талкуу Жогорку Кеңешке да жетип, Борбордук шайлоо комиссиясы менен президенттик аппарат маселе боюнча өз позициясын билдирди.

"Ата Мекен" фракциянын башчысынын милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, маселеге азыр көңүл бурулбаса, ал өлкөдөгү жалпы саясий абалга терс таасирин тийгизиши мүмкүн:

- Жаңы шайланган президент 1-декабрда өзүнүн ыйгарым укуктарына киришүүсү керек. Ал мөөнөттү камсыз кылуу үчүн президенттик шайлоо андан эрте өтүшү зарыл. Себеби, президенттик шайлоо өткөн соң БШК үч күн ичинде өз жыйынтыгын чыгарат. 20 күн ичинде шайлоо комиссиялары өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы протоколдорду эсептеп, жыйынтыгын чыгарышы керек. Ошентип, эгер президенттик шайлоо биринчи айлампа менен эле өтсө, анда 19-ноябрдагы шайлоодон кийин учурдагы президент 41 күн дагы мөөнөтүн аткарып келет. Эгер экинчи айлампага калса, анда президент дагы 82 күнгө ыйгарым укуктарын узартып алат. Мыйзам боюнча, 41 күн эмес, 82 күн эмес, бир күн, бир саатка дагы президенттик мөөнөттү узартууга эч кимдин акысы жок.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

"Атамекенчилер" шайлоону 27-августка дайындоону сунуштап, парламентке кайрылуу жолдоду.​ Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо быйыл 19-ноябрда өтүшү керек деген позицияны карманууда. БШКнын башкы юристи Кубат Үмөталиев муну "Президентти шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын талаптары менен негиздеди:

- Кыргыз Республикасынын президентинин алты жылдык мөөнөтү 2017-жылы аяктайт. Жогоруда айтылган Конституциялык мыйзамдын нормаларына ылайык, шайлоо 2017-жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембисинде өтөөрү каралган. Башкача айтканда, 19-ноябрда кезектеги президенттик шайлоо өтүшү керек.

Бирок шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү арасында бир пикир болбой, айрымдары "Ата Мекен" көтөргөн маселеге ыктагандай болуп турат. Маселен, БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова бул талашка Жогорку Кеңеш менен Конституциялык палата чекит коюшу керектигин айтып чыкты.

Шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу талкуу Жогорку Кеңешке жеткен соң маселе боюнча президенттик аппарат да өлкө башчысынын кеңешчиси Фарид Ниязов аркылуу билдирүү таратты.

Анда Ниязов учурдагы мыйзам боюнча шайлоо ноябрда өтүшү керектигин белгилеп, "Ата Мекенди" саясий айдыңда кезектеги талаш-тартыш жаратууда деп айыптады.

Бирок президенттин кеңешчиси азыркы тапта шайлоо мыйзамына Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өзгөртүү киргизүүнү сунуштаганын эске салып, анда шайлоону октябрь айында өткөрүү каралганын билдирди.

Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Мындай билдирүү таратуу менен президенттик аппарат шайлоону октябрда өткөрүүгө ыктап жатканын кыйытты дейт саясий эксперт Эмил Жураев:

- Акыркы жаңылыктарга караганда, шайлоону октябрдын кайсы бир датасына жылдыруу боюнча кеп жүрүп жаткандай сезилет. Президенттин командасы ушуга көнгөндөй. Эгер азыркы мыйзам көрсөтүлгөндөй, жаңы президент декабрдын аягына чейин же 2018-жылдын башына калса, анда жумуштан кетип жаткан президент Атамбаевдин легимдүүлүгүнө шек келиши мүмкүн.

Президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу талкуулар саясий өнөктүктүн маанисин арттырып, талаштарды кызытты.

Бирок шайлоонун мөөнөтү анык болбосо да мамлекет башчылыкка аттанууга ниеттенген саясатчылардын айрымдары аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды байма-бай өткөрүп жатат.

Бул жагынан мурдагы премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев активдүүлүгүн көрсөтүүдө.

Ал эми бийлик партиясы болгон Социал-демократтардан талапкер катары президенттик шайлоого ким чыгаары алигиче ачык айтыла элек. ​

Парламенттик комиссиялардын иши

20-апрелде Жогорку Кеңеш бир катар чуулгандуу иштерге баа берүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча токтом кабыл алды. Бул токтомду депутаттар эки жума талкуулап, ал бир катар талаш-тартыштар менен коштолду. Жыйынтыгында корутундунун баштапкы текстинде сунушталган он пункттун алтоо алынып, төртөө гана калды.

Токтомдо кандай өзгөрүүлөр болгону тууралуу депутаттык комиссиянын төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Анвар Артыков "Азаттыкка" төмөнкүлөрдү билдирди:

- Комиссиянын маалыматы эске алынсын, органдарга юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлсүн, токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү органдар парламентке май айында маалымат берсин жана аны көзөмөлдөө Жогорку Кеңештин эки комитетине жүктөлсүн деген гана пункттар калды. Комиссия өз ишин туура алып барды деп ойлойм. Ошондуктан каршы чыккандар болгон жок.

Артыков белгилегендей, токтомду жыйынга катышкан 80 депутат, анын ичинде оппозициячыл "Ата Мекен" фракциясынын мүчөлөрү да бир добуштан колдошту.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

"Ата Мекендин" мүчөсү Аида Салянова фракциянын мындай чечимин парламенттеги талкуунун жүрүшүндө комиссиянын баштапкы корутундусу толук өзгөртүлгөнү менен түшүндүрдү:

- Депутаттык комиссиянын алгачкы корутундусун уккан соң, депутаттарды "айтылгандарды тастыктоочу материалдарыңар жок, мындай жыйынтык кылган мыйзамсыз болот" деп көндүргөнгө аракет кылдык. Депутаттар ага ынанып, бүгүн такыр эле башка токтом кабыл алынды. Анда Жогорку Кеңешке берилген маалымат эске алынсын, тиешелүү мамлекеттик органдар текшерүү жүргүзгөнгө материалдар жөнөтүлсүн жана тармактык комитеттин көзөмөлүндө болсун деген гана жыйынтык киргизилди. Ал эми комиссиянын буга чейин жүргүзгөн иликтөөсү боюнча "Ата Мекен" фракциясы канааттанган жок. Себеби, мародерчулук боюнча бир далили жок, ушактын негизинде жазылган справка болуп калыптыр

Апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутучуларын талап-тоноо, "Мегаком" жана башка улутташтырылган объекттер, интернеттин кымбатташын иликтеген бул убактылуу депутаттык комиссия алты ай мурун түзүлгөн эле.

Парламенттеги оппозиция комиссия өз иликтөөсүн калыс жүргүзбөй, айрыкча мародерчулук иши боюнча "Ата Мекендин" мүчөлөрүн, анын ичинде абакта жаткан фракция лидери Өмүрбек Текебаевге жалаа жабууга аракет кылып жатат деп сындап келген.

Мындай сын комиссия корутундусун талкуулоо учурунда да уланып, катуу кайым айтышуулар менен коштолду. Айрым депутаттар комиссия бири-бири менен байланышпаган бир нече маселени алып, аларды терең иликтебегенине нааразы болду.

Мындан улам жалпысынан эле парламентте түзүлгөн депутаттык комиссиялардын иши боюнча маселе көтөрүлүп, эл өкүлдөрү айрым комиссиялар натыйжалуу иш алып барбай жатканына токтолушту. Депутат Улан Примов депкомиссиялардын корутундулары сөз жүзүндө гана калып жатканын белгиледи:

- Көбүнесе бул комиссиялардын маалыматын угуп жатабыз. Бирок андан кийинки иштердин жыйынтыгы, аягы көрүнбөй келет. Ошондуктан, бул боюнча парламентте абдан көп сын-пикирлер бар.

Парламенттин аппаратынын маалыматы боюнча, учурда 10 убактылуу депутаттык комиссия иш алып барып жатат. Алардын арасында быйыл январь айындагы "Манас" аэропортунун жанында кулаган учактагы жүк, 2010-жылдагы улутташтырылган мүлктөрдү иликтеген комиссиялар да бар.

Кандай болсо да, парламент мародерчулук боюнча иштин мындан аркы тагдырын укук коргоо органдарына тапшырды.

Бирок укук коргоо органдары бул ишти былтыр август айында эле жандандырып, анын алкагында "Ата Мекендин" мүчөсү Райкан Төлөгөновду камоого да жетишкен. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Мародерчулук ишин иликтөө былтыр президент Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамилеси бузулганда кайрадан жанданган эле.

Бирок Текебаев башка иш боюнча февраль айынын этегинде камакка алынган. Ага орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы "Мегаком" ишканасынын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон.

21-апрелде Улуттук коопсуздук комитети Өмүрбек Текебаев жана аны менен кошо кармалган парламенттин мурдагы депутаты Дүйшөнкул Чотоновго акыркы айыбын угузду. Ошондой эле Биринчи Май райондук соту саясатчылардын камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты.

"Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрү бул иш саясий негизде жүрүп жатканын айтып, аны бийликтин өз атаандаштарын куугунтуктоо аракети катары баалашууда жана ушул жумада эки ирет нааразылык акцияларын өткөрүштү.

Абактагы оппозиционерлер жана "Акунов тизмеси"

17-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген беренелер боюнча айыпталган оппозициялык саясатчылардын биринчи тобунун иши каралып, өкүм чыгарылды.

Улуттук оппозициялык кыймылды түзгөн "Эгемен" жана "Чындык" саясий партияларынын башчылары Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12 жылга кесилди. Эксперт Эрнест Карыбековго чыккынчылык айыбы коюлуп, 20 жылга эркинен ажыратылды.

Ал эми сот мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов бул ишке катыштыгы жок, бирок ал кутум тууралуу маалыматты билип туруп, жашырган деген кине менен аны шарттуу түрдө төрт жылга соттогон өкүм чыгарды.

Абактагы оппозиционерлердин тарапкерлери.
Абактагы оппозиционерлердин тарапкерлери.

Былтыр аталган адамдардын "бийликти басып алууга аракеттенген" делген телефондук сүйлөшүүлөрү телеканалдардан жарыяланган. УКМК аларга "мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген негизде айып тагып, бир жыл мурун камакка алган болчу.

Өкүмгө оппозициячыл саясатчылар жана соттолгон коомдук ишмерлердин тарапкерлери нааразычылыгын билдиришти. Алардын айтымында, оппозиционерлер саясий куугунтуктун курмандыгы болушууда жана мыйзамсыз, адилетсиз кесилишти.

Тарапкерлер оппозициячыларды куугунтуктаган бийлик төбөлдөрүн "Акуновдун тизмесине" киргизерин айтышты.

Оппозиция мындай тизмени 2007-жылы Нарындагы нааразылык акциясында кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайында каза тапкан жарандык активист Бектемир Акуновдун урматына түзүүнү сунуштап келет.

Эрдогандын бийлигин күчөткөн референдум

Бул аптада дүйнө коомчулугунун көңүлү Түркиядагы референдум жыйынтыгына бурулуп турду. Аз гана пайыздык айырма менен референдум жыйынтыгында президент Режеп Тайып Эрдогандын бийлиги бекемделип, өлкө президенттик башкарууга өттү.

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялагандай, Баш мыйзамга кирген өзгөртүүлөрдү референдумга келгендердин 51,3% колдоду. Ал эми шайлоочулардын 48,7 пайызы түрк бийлиги сунуштаган өзгөртүүлөргө каршы чыкты.

Референдумдун жыйынтыгынан түрк оппозициясы менен айрым эл аралык байкоочулар күмөн санап, мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты.

Маселен, добуш берүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузууларга, анын ичинде мөөр басылбаган бюллетендер колдонулганына көңүл бурган Республикалык-элдик партия добуштардын 60% кайра саноо талабын көтөрдү.

Аталган партиянын лидери Кемал Кылычдароглу референдум адилетсиз шартта өткөрүлгөнүн айтып чыкты:

- Биз референдумду адилетсиз шартта өткөрдүк. Муну баары билишет. Биз элдин чечимин сыйлайбыз. Бирок элдин чечимине Жогорку шайлоо кеңеши көлөкө түшүрдү. Референдум укуктук жактан да, адамдардын аң-сезиминде да талкуулар үчүн ачык бойдон калды. Кетирилген катачылыктар бул референдумду талаштуу кылып койду. Туура эмес чечим, мыйзамсыз чечим референдумду талаштуу кылып койду. Биз муну орундуу деп эсептебейбиз жана бул үчүн акыр-аягына чейин турабыз.

Референдумдун жыйынтыгына каршылар.
Референдумдун жыйынтыгына каршылар.

Ал эми президент Режеп Тайып Эрдоган референдумдун ачык айкын өткөнүн белгилеп, аны "тарыхый окуя" катары мүнөздөдү:

- Мен биздин өлкөнүн, добушунун түсүнө карабай, шайлоо үкөгүнө келип, өз эркин билдирген ар бир жаранына ырахмат айтам. Конституцияга өзгөрүүлөр катардагы өзгөрүүлөр эмес. Бул башкалардан айырмаланган өтө маанилүү нерсе. Түркиянын тарыхында биринчи ирет парламент жана эл өз эркин көрсөтүп, бул маанилүү өзгөртүүлөрдү чечти.

Эрдоган белгилегендей, акыркы 35 жылдан бери алгач ирет өзгөртүлгөн Баш мыйзам Түркиянын мамлекеттик башкаруу системасына терең таасирин тийгизет.

Алсак, референдум натыйжасында премьер-министрдин кызматы жоюлат, парламент менен Куралдуу күчтөрдүн ролу алсырайт. Президент өкмөт мүчөлөрүн түз дайындап, парламентти тарата алат.

Ошондой эле учурдагы президент Эрдогандын 2029-жылга чейин президенттик шайлоого катышуусуна жол ачты.

Европадагы айрым өлкөлөрдүн байкоочулары референдум боюнча күмөн санаса да, АКШ жана Орусия президенттери Эрдоганды куттуктады.

Референдум өтөрү менен түрк президенти өлкөдө өлүм жазасы кайра калыбына келтириши мүмкүн экенин кыйытты. Эрдогандын мындай билдирүүсү өлкөнүн көп жылдан бери аракеттенген Евробиримдикке кирүү ниетинен толук баш тартты дегендикке жатат.

Себеби, Түркия 2004-жылы Евробиримдикке кирүү максатында өлүм жазасын жойгон. Эгер аны кайра кайтарса, автоматтык түрдө биримдикке кошулуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Орусиядагы "террорчулар" жана камоолор

Санкт-Петербургдагы 15 адамдын өмүрүн алган жардыруудан соң орус бийлиги бул ишке шектүүлөрдү кармоону улантты. Акыркы маалымат боюнча, кармалгандардын саны онго жетти жана алардын дээрлик бардыгы борборазиялыктар.

Бул шектүүлөрдүн кандай шартта кармалганы кайчы пикирлерди жаратууда. Маселен, Орусиянын Тергөө комитети акыркы болуп колго түшүрүлгөн орус жараны Акром Азимов Москвада 19-апрелде кармалганын жана анын жанынан курал-жарак табылганын бейшембиде кабарлады.

Бирок Азимовдун Жалал-Абадда жашаган апасы Вазира Мирзахмедова уулу Кыргызстанда дарыланып жаткан жеринен кармалып, Орусияга өткөрүлгөн деген маалыматты айтууда:

- Улуу балам Акром оорусунун айынан Кыргызстанга келип, 12-апрелде Ош шаарындагы ооруканалардын бирине дарылануу үчүн жаткырылган. 14-апрелде ошол жерде ага операция жасалган. 15-апрелде бейтапканадан Акрамды колуна кишен салып атайын кызматтын балдары алып чыгып кетишиптир. Мен дароо жактоочу менен Улуттук коопсуздук комитетинин Ош шаардык башкармалыгына барсам, бизге эч бир маалымат айтышкан жок. Кийин эле Акрамды Москвадан кармалды деп телевизордон угуп калдык. Анын жанында билетке акчасы жана паспорту да жок болчу. Мен бул иштер атайын уюштурулган деп билем жана акыйкаттыкты талап кылам.

Акром кармалганга чейин Москвада анын иниси Аброр Азимов кармалган эле. Ал Санкт-Петербургдагы метродо өзүн жардырды деген адамды тийиштүү курал-жарак менен жабдыган деп шектелүүдө.

3-апрелде Санкт-Петербург метросундагы 15 адамдын өмүрүн алган жардыруу боюнча кармалгандардын көбү борборазиялыктар экени буга чейин кабарланган. Орусиянын расмий органдары метродо өзүн жардырды делген адамды Кыргызстанда туулуп, кийин орус жарандыгын алган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов деп мүнөздөгөн. Жалиловдун апасы уулунун бул ишке барганына ишенбей турганын айткан.

Орус бийлиги теракт деп мүнөздөгөн бул жардырууга эч бир экстремисттик топ жоопкерчилик ала элек.

Казак президентинин чочулоосу

Орусия террорчулардын изине түшкөнүн жарыялап жаткан чакта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү диний радикалдашууга каршы пикирин билдирип чыкты. Казак президенти 19-апрелде Мусулмандар дин башкармалыгынын лидерлери менен жолугуп, айрым казак жарандарынын сакал коюп, кыска шым кийип жүргөнү казак салтына жана элине жат экенин белгилеп, буга мыйзам чегинде тыюу салууну сунуштады:

- Караңгылыктын айынан биздин жаштар сакал өстүрүп, шымдарын кыскартып алууда. Толугу менен карага чүмкөнүп алган казак кыздары көбөйдү. Бул биздин салтыбызга да, элибизге да жат көрүнүш. Буга мыйзам чегинде тыюу салуунун жолун караштыруу керек. Казактар аза күткөндө гана кара кийген.

Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери башкa диний маданияттын таасирине бөгөт коюуга аракет кылып келе жаткандай. Маселен, 2014-жылы Тажикстандын көчөлөрүндө, базарларда милиция сакалчан кишилерди кармап, ал тургай мажбурлап сакалын алдырышы коомчулуктун нааразылыгын жараткан. 2015-жылы Өзбекстанда күч органдары сакалчандарды текшерип, жаштарга сакал-мурутту кырып, ар кандай агымдардан оолак жүрүүнү эскерткен.

Ал эми кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да ашынган динчилдердин айрым жоруктары улуттук баалуулуктарга каршы келерин айтып, салттуу динди тутунууга чакырып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG