Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Эт ишкердигиндеги эрегиш


"Ош" базарындагы эт саткан жай.
"Ош" базарындагы эт саткан жай.

"Ош" базарындагы ири эт павильонуна ээлик кылган "АКИФ" фирмасы банктан алган үч миллион доллар насыяга байланыштуу өнөктөштөр ортосундагы чыр соттук териштирүүлөргө чейин жетти.

Бул иш боюнча "АКИФ" фирмасынын мурдагы башкы директору, 71 жаштагы Исмар Майсызовдун үстүнөн сот иши башталды. Буга чейин аны колдоп, башка бир орусиялык ишкер өнөктөшүнө каршы көрсөтмө берип келгендер эми Исмар Майсызовго каршы арыз жазып, мурдагы көрсөтмөсүн өзгөртүп жиберишкен.

Исмар Майсызовдун уулу банк насыясын кайтаруу мөөнөтүн узартып туруу үчүн өнөктөштөр анын карыган атасын каматып, анын компаниядагы үлүшүн тартып алууга аракет жасап жатышканын айтып, даттанды.

Ошол эле кезде орусиялык ишкер Сергей Фищенко Майсызов ири насыяны алып иштетүүдө аны жана башка ишкер өнөктөштөрдү алдап келгени ачыкка чыкканы үчүн ага кылмыш иши козголгонун айтып, соттолуучуну айыптады.

Ош базарындагы эт павильонуна ээлик кылган "АКИФ" фирмасына катталган үч миллион долларды төлөөгө байланыштуу өнөктөштөрдүн ортосунда бирин бири алдамчылыкка айыптаган чыр-чатак күч алды. Буга чейин алынган насыянын төлөнбөй жатканына байланыштуу банктын дооматы Бишкек райондор аралык сотунда гана каралып келсе, эми үч өнөктөш биригип төртүнчүсүнө карата арызданган. Буга байланыштуу "АКИФ" фирмасынын мурдагы башкы директору, 71 жаштагы Исмар Майсызов камакка алынып, ага алдамчылык боюнча айып коюлган.

Башында бул ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы иликтесе, эми ал Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Ишкер өнөктөштөрдүн кутуму болдубу?

Эт павильонуна ээлик кылган "АКИФ" жоопкерчилиги чектелген коому төрт ишкер өнөктөшкө таандык болуп келген. Исмар Майсызов 25%, Кален Кубатбеков 31%, Кымбат Бозбаева 25% жана Кубатбековдун күйөө баласы, орусиялык ишкер Сергей Фищенко 19% компаниянын үлүшүнө ээлик кылган. Камакка алынган Исмар Майсызов өнөктөштөрдүн макулдугу менен 2003-жылдан бери фирманы жетектеп келген.

Ош базарындагы эт саткан жай.
Ош базарындагы эт саткан жай.

2013-жылы бул фирма "Россинбанк" банкынан 2,5 миллион доллар насыя алып, кийин ага кошумча дагы 500 миң доллар алып, насыянын өлчөмү 3 миллион долларга чыккан. Бирок 2016-жылдын февраль айынан тарта "АКИФ" фирмасы насыяны төлөй албай калган.

Камалган ишкердин уулу Рустам Майсызов ишкер өнөктөштөр азыр айыптын баарын атасына оодарып, банктын насыясын толугу менен моюнуна илип жатышканын айтып, даттанды:

- Алар муну менен менин атамды бул бизнестен чыгаргылары келип жатышат. Бул тууралуу кабинетте тартылып калган видео тасмада алар "насыяны төлөө мөөнөтүн узартууга банк макулдук бериш үчүн, бирөө-жарымды отургузуу керек" деп өз ара сүйлөшүшкөн. Анткени алар насыяны төлөй албай калышкан. Ошондой эле алар менин атамдын үлүшүн алууну каалашат. Булардын баары бири-бирине тууган болуп кетишет. Анан эми насыяны баары бирге алып, бирок аны төлөөгө келгенде бардык айыпты менин атама оодарып жатышат. Мени атам бул фирмада башкы директор болчу. Алар менин атам ошол акчанын баарын өзү алган адам катары ага алдамчылык боюнча доомат коюп чыга келишти. Чынында ал акчаны башка бир өнөктөшүбүз Сергей Фищенко Орусиядагы ишкердикке салуу үчүн алган болчу. Алар компанияны башкарууну толугу менен колго алып, бирок жарым жылдан бери банктын насыясы үчүн болгону 9 миң доллар төлөшкөн. Ал эми менин атам бул насыяны төлөө үчүн банккка ай сайын 50 миң доллардан которуп турууну убада кылган болчу, бирок банк ага макул болбой койгон. Негизи банк андан түшкөн кирешенин баарын, алып турушу керек эле. Бирок андай болбоду.

"Ош" базары.
"Ош" базары.

Анткен менен Кален Кубатбеков деген фирманы негиздөөчүлөрдүн биринин күйөө баласы жана ошол эле кезде үлүш ээси болгон Сергей Фищенко муну банктан алынган насыяны төлөө милдеттенмеси деген негизде эт павильонун басып алуунун көмүскө схемасы катары карайт. Анткени анын айтымында, фирманын мурдагы башкы директору Исмар Майсызов жалпы чогулуштун жыйыны деген жасалма чечимдин негизинде насыяны жабуу үчүн Фарида Аблямитова деген ишкер айымдан 2,5 миллион доллар өлчөмүндө карыз алууга байланыштуу макулдашууга барган.

Сергей Фищенконун айтымында, жасалмаланган документтерге ылайык, фирманын кассасынан 2,5 миллион доллар алынып, ал өнөктөштөрдүн бири болгон Сергей Фищенкого которулганы көрсөтүлгөн. Исмар Майсызовдун уулу айтып жаткан насыяга алынган акчанын өнөктөштөрдүн макулдугу менен Орусиядагы Фищенконун бизнесине которулганы жана ал банктан алынган насыяны төлөп туруу милдеттемесин алганы тууралуу дооматы мына ошого негизделгени көрүнүп турат. Бирок Сергей Фищенко ал документте анын ошол каражатты алганын ырастаган колу жок экенин белгилеген.

Сергей Фищенконун айтымында, бурмаланган макулдашууга ылайык, Фарида Аблямитова деген "жаңы кредитор" банктан алынган насыяны төлөө милдеттенмесин өзүнө алып, бул үчүн фирманын Фищенкодон башка үч негиздөөчүсүнүн 81 пайыз үлүшүн өзүнө каттоого аракет жасаган.

Ошондой эле "АКИФ" фирмасы Фарида Аблямитова менен макулдашууда аталган эт павильонун дагы бир жолу күрөөгө койгону ачыккан чыккан. Ошондой эле Фарида Аблямитова Сергей Фищенкого маалымат бербестен, фирманы кайрадан каттоодон өткөрүүгө документтерин тапшырган. Бирок Юстиция министрлиги 2016-жылы 15-мартта фирманы кайрадан каттоодон баш тарткан.

Фищенконун өз чындыгы

Мына ошол эле жылы 4-апрелде Исмар Майсызов Сергей Фищенкону алдамчылыкка айыптап, анын үстүнөн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына арыз жазган. Мына ошол арыздын негизинде кылмыш иши козголгон. Сергей Фищенко жана анын кайнатасы фирманын айланасындагы кырдаалга байланыштуу түшүнүк кат жазышкан. Анда Фищенконун кайнатасы Кален Кубатбековдун 2013-жылдын 1-августундагы жалпы жыйынынын чечими боюнча анын койгон колу жасалма экени көрсөтүлгөн.

Башында Сергей Фищенкого каршы көрсөтмө бергендер эми ага карата арызданып жүргөн Исмар Майсызовго каршы көрсөтмө бере башташкан. Муну ишкер Сергей Фищенко чындыктын ачыкка чыга башташы катары баалап, азырынча башка комментарий бере албастыгын сотто билдирди:

- Мен чынында бардыгын тергөө учурунда эле айтып бергем. Аны мен 26-октябрда сотто кайра кайталап айтып берем. Азыр менде комментарий жок. Бирок бул өзү күлкүлүү нерсе болду. Бул жерде чындык ачыкка чыкты. Чындык жеңет. Мына ошол чындыктын чыгышы адамдардын башында жалган көрсөтмө берип, бирок кийин анысын оңдоп чыныгы көрсөтмө берүүсүнө себеп болду. Сот өкүмү чыкканга чейин жалган көрсөтмөсүн өзгөрткөн жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотот. Эгерде алар сот өкүмү чыкканга чейин жалганды жашырып жүрө беришсе, анда ал кылмыш болуп калат эле. Тилекке каршы, Майсызов мына ошол жолго бара албаганы мени өкүндүрөт. Анын аягы эмнеге алып келгенин өзүңүздөр көрүп турасыздар. Банктан насыяны "АКИФ" фирмасы алган. Эми бул иштин башка бир чоо-жайы тууралуу азыр толук маалымат бере албайм. Анткени менин азыр айтып берген сөздөрүм кийин мага каршы колдонулуп калышы ыктымал. Ошондуктан мен бул иш боюнча сотко көрсөтмө бергенге чейин ал боюнча толук маалыматтарды азыр сиздерге айтып бере албайм. Анан эми соттон кийин документтердин негизинде бул тууралуу кеңири айтып бере алам. Анан калса азыр менин айткандарым сотко таасир этүү же болбосо ага басым көрсөтүү катары каралып калышы мүмкүн. Ошондуктан мен азыр сот өкүмү чыкканга чейин маалымат бербей турууну туура көрдүм.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Исмар Майсызовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча 17-октябрга дайындалган соттук териштирүү 26-октябрга жылдырылды. Буга сот жыйыны башталардын астында сот залына алынып келе жаткан 71 жаштагы соттолуучу Исмар Майсызовдун саламаттыгы чукулунан кескин начарлап кетиши себеп болду. Буга байланыштуу соттолуучунун жактоочулары соттук териштирүүнү башка күнгө жылдыруу боюнча сотко өтүнүч келтиришти.

Банк төлөм шартынан баш тарткан

"АКИФ" компаниясынын мурдагы жетекчиси Исмар Майсызов буга чейин өткөргөн маалымат жыйынында алынган насыяны ай сайын төлөө оор болуп жатканын, бирок фирманын атынан насыяны төлөөгө макулдугун берген кредитор чыкканы менен банк ал шарттан баш тартканын билдирген болчу:

- Биз ал насыяны доллардын курсу башка учурда алган элек. Кийин доллардын наркы кескин көтөрүлүп кетти. Бул бизге аталган насыяны өз убагында төлөөгө терс таасирин тийгизди. Биз банк менен башында ошол өлчөмдөгү акчаны ай сайын төлөй албай турганыбызды айтып, башка бир варианттар боюнча макулдашкан элек. Анткени биз белгиленген өлчөмдөгү акчаны базардан чогулта алмак эмеспиз. Биз болгону насыяны төлөө үчүн айына 30 миң доллардан чогултушубуз мүмкүн эле. Биз ошол насыяны биз үчүн кошуп төлөй ала турган кредиторду тапкан болчубуз. Ал кредитор менен бирге биз ай сайын элүү миң доллардан төлөп турууга милдеттенме алганбыз. Башында банк макул болгон. Бирок кийин эле кредитор ал акчаны өзүнүн атынан биз үчүн төлөй турганы белгилүү болгондо, банк ага макул болбоду. Банк эт базарды алып коюш үчүн эле буга ар кандай тоскоолдуктарды жасады.

Мына ошондон кийин аталган банктын өкүлчүлүгү ал дооматты жокко чыгарып, эт павильону банкка керек эместигин, банк болгону фирмадан насыяны төлөөнү гана талап кыларын билдирген болчу.

Иллюстрация.
Иллюстрация.

Буга чейин белгилүү болгондой, 2017-жылдын 28-январында "АКИФ" фирмасынын негиздөөчүлөрү өздөрү жана алардын айрымдарынын өкүлдөрү, мекеменин кызматкерлери жалпы жыйынга чогулган. Анда өнөктөштөр арасындагы жана алардын банк менен болгон укуктук чалкештиктерин териштирүү маселеси көтөрүлгөн. Мына ошол жыйынга насыя алынган банктын кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы катышкан.

Жыйында айрым өнөктөштөр банкка койгон күрөөсүн жоготуп алуудан коркуп, башында башкача көрсөтмө беришкенин айтып чыгышкан. Анда чынында Фарида Аблямитова деген кредитордон карыз алынбаганы жана Сергей Фищенкого акча которулбаганы тууралуу маалыматтар ачыкка чыккан. Мына ошондон кийин аталган тергөө иши башка нукка бурулган.

Баскынчылыкпы же алдамчылыкпы?

Исмар Майсызов Фищенкого карата арызданып келген болсо, мына ошол эле иш боюнча кайра Исмар Майсызов өзү кылмышка шектүү катары каралып, камакка алынган. Жаңы кредитор деп көрсөтүлгөн Фарида Аблямитовага, ал тарабынан дайындалган башкы директор Мухтар Аманкуловго жана күрөө берүүчү Болот Абдыкаровго карата дагы кылмыш иши козголгон. Сергей Фищенко жана башка үлүш ээлери тарабынан фирмага башка жетекчи дайындалган.

"АКИФ" фирмасынын мурдагы башкы директору Мухтар Аманкулов алар мекемеден күч менен сүрүп чыгарылганын айтып, муну кадимки рейдерлик баскынчылык деп мүнөздөгөн болчу:

- Биз бул маселени мыйзам чегинде чечели деп жатканбыз. Анан эле бул жерде рейдерлик баскынчылык болуп жатпайбы. Бизге бастырып келишип, мени мыйзамсыз кызматтан алып, ал жактан айдап чыгышты. Бирок алар фирманын бардык негиздөөчүлөрүнүн макулдугун сурап да коюшпады. Мени негизи ошол фирманын негиздөөчүлөрү ал кызматка дайындашкан болчу. Фирманын негиздөөчүлөрү буга чейин мени бул кызматка өздөрү койгон болсо, анан эле башка бир негиздөөчүлөрдүн аты менен келип туруп эле башка бирөөнү ал жакка башкы директор дайындап салышты. Буга банктын өкүлдөрү жана тергөөчү дагы аралашкан. Бул жерде маселе аягына чейин чечиле электе эле мыйзамдуу жетекчиликти алып салышканы таң калычтуу. Эгерде бул иш мыйзамдуу жол менен болсо, анда менин ушул фирманын негиздөөчүлөрүнүн толук катышуусу менен өткөн жыйында кызматтан алып, анан башка бирөөнү дайындашы керек болчу да. Бирок мында андай мыйзамдуу иш болгон жок.

"Ош" базар.
"Ош" базар.

Ошондой эле үлүштөрүн өткөрүп берүү боюнча макулдашууга кол коюуга катышкан фирманын негиздөөчүлөрү Кален Кубатбеков менен Кымбат Бозбаеванын өкүлдөрү Эрмек Турманбетов менен Рустам Кубатбеков психологиялык басымдын астында кол коюуга мажбур болушканын айтып чыгышкан. Ага чейин үлүш ээси Кымбат Бозбаеванын уулу Эрмек Турманбетов Исмар Майсызовду колдоп, эт павильонун кимдир бирөөлөр тартып алууну көздөп жатканы тууралуу мындан эки жыл мурунку маалымат жыйынында төмөндөгүлөрдү айткан болчу:

- Жалпак тил менен айтканда, алар бизди жөндөн жөн эле банкротко учуратып туруп, анан бардык мүлкүбүздү тартып алууну көздөп жатышат. Биздин бул жерде дооматыбыз банк биз кимдин атынан жана кимдин эсебинен болбосун төлөгүбүз келип жаткан акчаны насыя катары кабыл алышы керек. Биз мыйзамды сыйлаган салык төлөөчүлөр катары ошол банктан алган насыяны кайсы булактан болбосун төлөөгө даяр экенибизди билдирип жатабыз. Бирок банк буга макул болбой жаткандыктан биз бул жердеги үлүш ээлери кайсы бир күчтөр ошол насыяны шылтоо кылып биздин ишкананы жана күрөөгө койгон мүлктөрүбүздү тартып алууну көздөп жатканын байкап турабыз. Мисалы, бул ишкана мен үчүн бирден-бир киреше булагы. Мындан сырткары мен кыймылсыз мүлк катары өзүм жашаган батиримди күрөөгө койгом. Ошонун баарын тартып алууну каалап жатышат. Бул адамгерчиликке дагы сыйбайт.

Соттук жана тергөө иштеринин жүрүшүндө үлүш ээсинин уулу катары Эрмек Турманбетов 2016-жылы башкача көрсөтмө, бирок бир жыл өткөндөн кийин кайра тескерисинче көрсөтмө берип жаткан жагдайдын табышмагы дагы деле ачыла элек. Анткени бул жерде Эрмек Турманбетов "АРИФ" фирмасынын башкы директору Исмар Майсызовдун орун басары болуп туруп, аны менен бирге банктан алынган насыя жана жеке тараптан алынган карыз боюнча документтерге кол коюп келгени тергөө материалдарында көрсөтүлгөнү же көрсөтүлбөгөнү боюнча суроолор жоопсуз калды. Анткени Исмар Майсызовдун сотунда Эрмек Турманбетов буга байланыштуу суроолорго жооп берүүнү туура көрбөдү.

Ош базарындагы эң ири эт павильонуна ээлик кылган "АКИФ" фирмасы баш калаадагы этти дүңүнөн жана чекене баада саткан эң кирешелүү тармак катары белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG