Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Парламенттеги коалицияны ыдыратуу сунушу


Парламент депутаттары жана президенттин аппараты отурган имарат.

11-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке барып кайрылуу жасайт.

Бул кадам президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликке айткан ачуу сынына жооп кайтарып, анын артынан айрым саясатчылардын өкмөттү отставкага кетирип, парламенттеги коалициялык көпчүлүктү таратуу демилгелерин көтөрүп чыккан учурга туш келди. ​

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси, басма сөз катчы Толгонай Стамалиева Алмазбек Атамбаевге берген жообун «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Анда 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков КСДПдан президенттикке талапкер болуп чыккандан кийин ага шайлоо штабынан жетиштүү каржылык жана саясий колдоо болбогону айтылат. Жээнбеков президент болгондон кийин ал Атамбаевдин айткандарын аткарбай койгондуктан инаугурациядан алты күн өткөндөн кийин эле экөөнүн ортосунда пикир келишпестик башталганы жазылган.

Стамалиеванын бул билдирүүсү президенттик аппараттын буга чейин Алмазбек Атамбаевдин Жээнбеков башында турган бийликке айткан ачуу сындарына биринчи жолу ачык жообу катары кабыл алынууда.

КСДП 10-апрелде Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязовдун жообун жарыялады. Анда Алмазбек Атамбаев башынан эле Жээнбековду сүрөгөнү айтылат жана Стамалиеванын билдирүүсү президентти актоо катары сыпатталган.

КСДПны коалициядан чыгаруу чакырыгы

Мурдагы жана азыркы президенттердин тирешүүсү менен Кыргызстан социал-демократиялык партиясындагы (КСДП) бөлүнүп-жарылуунун таасири Жогорку Кеңешке да тийип жатат. Маселен, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиев парламентте КСДП фракциясын коалициядан чыгууга чакырып, аны мындай негиздеди.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Жогорку Кеңештеги азыркы коалициялык көпчүлүк мыйзамга дал келбейт. Ал коалицияга төрт фракция кирген деп айтылат, бирок «Республика Ата-Журт» фракциясы өткөн жылы коштурулган болчу. Муну мыйзамга туура келбеген кадам деп эсептеш керек. Мыйзам талабына ылайык, коалиция түзүлөт, эч кандай кемитүү же кошуу деген түшүнүк жок. Коалиция бир жолу түзүлөт, курамы өзгөргөндө жаңыдан түзүлөт. Экинчиден, коалициянын негизин түзгөн фракциянын өз партиясы менен талаш-тартыш болгон учур жалпы Жогорку Кеңешке чоң зыян келтирет. Партия бийликке ачык эле оппозиция болуп чыкса, ошол партиянын фракциясы парламентте бийликте турса муну кандай түшүнсө болот? Кеп эң чоң фракция - КСДП тууралуу болуп жатат. Убакыт келди, төрдү бошотуш керек. Үчүнчү, убакытты созбой жаңы коалиция түзүшүбүз керек. Ага КСДПдан тышкары бардык фракциялар кошулушу керек», - деди Масалиев.

КСДП, «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракцияларынан куралган коалицияга 2018-жылы апрелде «Республика-Ата Журт» кошулган. Коалиция ыдырабай туруп катарына дагы башка фракцияны кошуп алуунун мыйзамдуулугу боюнча депутаттардын пикирлери ар башка.

Март айында КСДП оппозицияга өткөнүн, 2020-жылы болчу парламенттик шайлоого оппозициялык партия катары барышарын жарыялаган. Айрым депутаттар мына ушул эки жагдай КСДП фракциясын коалициядан чыгууга жол ачат деп эсептешет.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жана коалициянын лидери Иса Өмүркулов КСДП экиге бөлүнгөнүн моюнуна алганы менен фракция коалициядан чыкпайт деп билдирди.

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

«Бүгүнкү күндө коалициялык көпчүлүк бар жана ал иштеп жатат. Туура, КСДПнын ичиндеги окуяларды баарыңар көрүп жатасыңар. Партия экиге бөлүндү деп айтсак болот. Бул – экс-президентти колдогондор жана азыркы бийликти колдогон биздин партиялаштар. Ошон үчүн фракция (ред: КСДП) коалицияда калабыз деп чечтик. Коалициядан фракциялар чыкса болот. Ал эми коалицияга кирүүгө да бардык фракциялардын конституциялык укугу бар».

Саясий кырдаалдын өкмөткө тийгизген таасири

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да учурдагы саясий кризистен чыгуунун жолун парламентте жаңы коалиция куроодон көрүп жатат. Ал КСДПдагы эрегиш өкмөттүн да ишин аксатканын айтууда.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Биз каалайбызбы-каалабайбызбы КСДП фракциясынын лидери - Алмазбек Атамбаев. Саясий эреже боюнча да ушундай. Анан Атамбаев «бул бийлик жаман. Кетиш керек» деп парламентти, өкмөттү, президентти эртели-кеч катуу сындап жатса, анын фракциясы өкмөттү түзүп, аны көзөмөлдөгөнү туура эмес. Бул олдоксон саясат. Ошондуктан КСДП саясий жоопкерчиликти моюуна алып, коалициядан чыгып кетсе туура болмок. Анткени КСДПдагы, фракциядагы саясий кризис өкмөттүн кризисине алып келүүдө. Өкмөттүн кризиси экономикага, чек ара маселелерин чечүүгө түздөн-түз кедергисин тийгизип жатат. Бирок, тилекке каршы, коалициядан чыгып кетүүгө КСДП фракциясынын саясий эрки жетпейт».

Депутат Исхак Масалиев өлкөдө саясий кырдаал ушул бойдон улана берсе экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «өлкөдө дүрбөлөң уюштуруп коюуга каржылык да, саясий да мүмкүнчүлүгү бар» экенин эскертти.

Саясатчы Камчыбек Ташиев 9-апрелде басма сөз жыйынында дал ушул маселени көтөрүп, Атамбаев менен Жээнбековду тирешүүсүн токтотууга чакырган. Ошондой эле ал саясий чыңалууну жөнгө салуу үчүн өкмөттү отставкага кетирүүнү сунуштады.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«Мурдагы жана учурдагы президенттердин саясий тирешүүсү чоң жаңжалга алып баратат. Бул апаатты эмитен токтотуп калбасак болбойт. Андыктан мен президент Сооронбай Жээнбековду жана экс-президент Алмазбек Атамбаевди саясий тирешүүнү жана массалык маалымат каражаттары аркылуу элдин бүйүрүн кызыткан кайым айтышуусун токтотууга чакырам. Элибизге тынчтык керек. Эгер жагымсыз окуялар болсо, эл гана азабын тартат. Ага саясий тирешүүнү ким курчутуп, ошого жеткирсе ошол адам күнөөлүү болот жана сөзсүз мыйзам алдында жооп берет. Чыңалып бараткан саясий абалды турукташтыруунун бир жолу катары мен сот-укуктук, административдик реформаларды тездетүүнү, элдин арасында ар кандай каймана аттар менен аталып келаткан жөндөмсүз өкмөттү таркатууну көрүп турам. Эл бул өкмөт курамынан тажады».

«Президентке туруктуулук керек»

Деген менен саясат талдоочулар коалициялык көпчүлүктү ыдыратуу жана өкмөттүн тагдырына байланышкан маселе президенттин кийлигишүүсү менен чечилерин айтышат:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Президент Сооронбай Жээнбеков КСДПнын катарынан чыккан, партиянын эң таасирдүү мүчөлөрүнүн бири болчу. Ал партияга мүчөлүгүн убактылуу токтоткону менен КСДПнын мүчөлөрү менен байланышы бар да. Ошондуктан коалицияны таркатуу же таркатпоо боюнча президент менен да кеңешиши мүмкүн. Бирок азыр ушул президентке керекпи? Президентке азыр туруктуулук керек. Эгер премьер-министрди алмаштыруудан өнүгө турган болсок, Кыргызстан эчак гүлдөгөн мамлекет болот элек. Ушуга чейин 30дан ашык өкмөт башчыны алмаштырдык», - деди саясий илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев.

Парламентте учурда КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары коалициялык көпчүлүктү, «Өнүгүү-Прогресс» менен «Ата Мекен» фракциялары оппозициялык азчылыкты түзөт.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт былтыр апрель айынан бери иштеп келе жатат.

Ал ортодо президенттин аппаратты өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөй турганын кабарлады. Бирок президенттин билдирүүсү эмнеге байланыштуу экени айтылган жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (29)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG