Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Мэр шайлоодо купуялуулук бузулдубу?


Ош мэриясы
Ош мэриясы

15-январдагы Ош шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жашыруундугу бузулгандыгы тууралуу тасма интернетте пайда болору менен кызуу талкууга түштү.

Шайлоодо жеңилип калган “Улуттар биримдиги” партиясы бул тасманы далил катары колдонуп, БШКнын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылды. Интернетте пайда болгон тасмага байланыштуу прокуратура кандай чара көрөрү азырынча белгисиз.

“Өзүмдүн добушум, кантип берүүнү өзүм билем”

Интернеттеги видео тасмада 15-январь күнкү Ош шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүү жараяны тартылган. Анда шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын мүчөлөрү добуш берүү кагаздарын үкөккө салардан мурун, анын жанында турган “Республика” фракциясынын лидери Арфидин Алановдун көз кырынан бир сыйра өткөрүп, кагаздын бир жак бурчун бүктөп туруп, анан гана үкөккө таштап жатышканы ачык көрсөтүлгөн. Ошондой эле тасмада добуш берүү кабинасында талапкерди белгилеп жаткан депутаттарга башка адамдар ачык эле кийлигишип, кимди белгилеп жатканын көзөмөлдөп атканы да көрүнөт. Ошол эле жерде Ош шаардык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ыдырыс Кубатбеков ары-бери басып жүргөнү тартылган.

Ыдырыс Кубатбеков “Азаттыкка” жашыруун добуш берүү бузулгандыгы тууралуу эскертүүнү депутаттар четке кагышкан деп билдирди:

Ош мэрин шайлоо учуру. 15-январь, 2014-жыл
Ош мэрин шайлоо учуру. 15-январь, 2014-жыл
- Аракет кылып, эскертүү бердик. Бирок депутаттар “кийлигишпегиле, бул биздин добушубуз. Аны кантип берсек өзүбүз беребиз, кааласак көрсөтүп салабыз” деп укпай коюшту. Канча жолу аракет кылганыбызга карабай, өздөрүнүн билгенин жасашты. Ал жерде башка партиялардын деле мүчөлөрү бар болчу, алар деле унчугушкан жок да.

Добуш берүү болгон күнү шайлоого БШК мүчөсү Жеңишбек Акматов да жеринен көз салып турган. Анын “Азаттыкка” курган маегинде белгилегени боюнча комиссия мүчөлөрү бир нече жолу эскертүү беришкен, бирок экинчи тараптан эч кандай нааразылык болбогонуна байланыштуу Боршайком шайлоонун жыйынтыгын тааныган. Жеңишбек Акматов шайлоо жыйынтыгы тууралуу арыз-дооматтарды кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенин айтууда.

Шайлоо жыйынтыгы соттук териштирүүдө

Сөз болуп жаткан тасманы далил кармаган “Улуттар биримдиги” партиясы шайлоодо жашыруун добуш берүү укугу бузулганын белгилеп, мөөнөтүнөн өткөрбөй туруп, Биринчи май райондук сотуна кайрылганын партиянын адвокаты Акжол Бердиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Биринчи май райондук соту арыз даректүү эмес берилгенин билдирип, ишти кароодон баш тарткан чечим чыгарган. "27-январда Биринчи май райондук сотунун чечимин жана БШКнын 15-январдагы Ош шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын тааныган чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылдык",- деди адвокат:

- Биринчи май райондук соту бизге “бул маселе аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен чечилет. Ошол чечимди силер БШКга беришиңер керек болчу” деп ишти кароодон баш тартты. Биз ошол Биринчи май райондук сотунун чечимин, Боршайкомдун 15-январдагы Ош шаарынын мэрин шайлоо тууралуу жыйынтык чечимин жокко чыгаруусун өтүнүп, Жогорку Сотко кайрылдык. 27-январда бергенбиз, азырынча карала элек. Мыйзам боюнча беш күндүн ичинде каралууга тийиш. Добуш берүүнүн купуялуулугу гана эмес, бул тасмада ачык эле көрүнүп тургандай, шайлоочулардын добуш берүү эркиндиги да бузулуп жатат. Мунун баары Кыргызстандын өзүнүн гана мыйзамдарында эмес, Кыргызстан кабыл алган эл аралык адам укуктары тууралуу конвенцияларда да белгиленген.

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариевдин белгилөөсү боюнча, шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо тууралуу бир тараптын арызы сотто жаткан учурда БШКнын чечим чыгарууга укугу жок. Ошондуктан, азыр Ош шаарында мэрлик кылып жаткан Айтмамат Кадырбаевдин ишмердүүлүгү мыйзамсыз деди Акылбек Сариев:

- Эгер шайлоонун жыйынтыгына бир тарап нааразы болуп, анын жыйынтыгын жана биринчи деңгээлдеги соттук инстанциянын чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Жогорку Сотко кайрылса, анда Жогорку Сот чечим чыгаргыча БШКнын чечими менен райондук соттун чечими күчүн токтото турат. Бул деген жаңы шайланган мэр Жогорку Сот чекит коймоюнча кызматына киришүүгө укугу жок дегенди билдирет.

Депутаттар: Басым-кысым болгон эмес

Тасмада берген добушун фракция лидерине көрсөткүсү келбеген айрым депутаттарды артынан жүрүп көргөнү же добуш берүүчү кабинанын жанында турган киши кимди белгилөө керектигин көрсөтүп жатканы ачык көрүнүп турат. Ушундан улам көпчүлүк коалициянын мүчөлөрүнө административдик басым көрсөтүлгөнбү деген суроо туулат. Бул суроого “Республика” фракциясынын мүчөсү, депутат Данияр Атабаев “эч кандай кысым болгон эмес” деп “Азаттыкка” билдирди:

- Арфидин Аланов биздин фракциянын өкүлү катары гана ошол үкөктүн жанында турду. Ал жерде андан башка фракциялардын деле өкүлдөрү турган. Үкөккө ар ким ар кандай бүктөп салып аттык, Арфидин акеге сөзсүз көрсөтүп салгыла деген сөз болгон эмес.

"Республика” фракциясынын лидери Арфидин Алановдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Айрым маалымат каражаттары Аланов шайлоо күнү үкөктүн жанына чүчүкулактын негизинде барып турганын, ал жерде шек саноодон качкан айрым депутаттар өздөрү эле “мобуну шайладым" деп көрсөтө калышканын айтканын жазып чыгышты.

Факт боюнча прокуратура эмне дейт?

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев 15-январдагы Ош шаарынын мэрин шайлоо учурунан тартылып алынган тасма боюнча БШК менен күч органдары чара көрүүгө тийиш деген пикирин “Азаттык” менен бөлүштү:

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон Мырзакматовдун тарапкерлери. 15-январь.
Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон Мырзакматовдун тарапкерлери. 15-январь.
- Бюллетендин бурчун бүктөп, ачык эле көрсөтүп салып атышат үкөккө. БШК добуш берүүнүн купуялуулугун камсыз кылып беребиз деп милдетин алган соң, ошол жеринде аны сактоого тийиш болчу. Бул кылмыш ишине чейин бара турган нерсе. Эгер тийиштүү органдар буга чындап киришип териштирсе, эч ким ачык көрсөтүп салып жатканын тана албайт. Эгер бул тасма монтаждалган болсо, анда ошону далилдөөлөрү тийиш.

Чара демекчи, мыйзам боюнча добуш берүүнүн купуялуулук сырын бузуу жана жарандардын шайлоо укуктарын эркин жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу аракети үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесине ылайык, бул жосундар адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча жасалса, белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейин ажыратууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жатат.

Өткөн жылдын 17-октябрында Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо "добуш берүүнүн купуялуулугу бузулган" деген себеп менен үч айдан кийин жергиликтүү прокуратура бул боюнча жаңы шайланган төраганы суракка чакырган. Бул тууралуу Майдан айылдык кеңешинин төрагасы Боркош Жамшитов “Азаттыкка” билдирди:

- Мурдагы төрага өз арызы менен кеткенден кийин мен жалгыз талапкер болдум. Ошондуктан, депутаттар ачык эле добуш берүү чечимин кабыл алышты. Ачык добуш берүү менен шайлоо болуп, мен шайлангам. Бул аралыкта төрт жолу сессия өткөрүп, токтомдорду кабыл алдык. Анан кечээ мени райондук прокуратурадан чакырып, “добуш берүүнүн купуялуулугун бузгансың” дешти, сурак берип келдим. Болгонун болгондой айттым, төрагалыкты алсаңар деле капа эмесмин дедим.

Ош шаар мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн купуялуулугу бузулган делген тасма интернет айдыңында 29-январда пайда болду. Бирок ОшТВ телеканалы аркылуу шайлоо болгон күнү эле берилген. Бул факт боюнча прокуратура кандай чара көрүү керек деген суроо менен Башкы прокуратурага кайрылдык. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы бул суроо менен расмий кат аркылуу кайрылса гана жооп берерин билдирүүдө.

Таза шайлоодон түңүлөбүзбү?

Азыркы бийлик шайлоолорду таза өткөрүүгө элди ишендирип келе жаткан. Бул тасманын пайда болушу менен элде таза шайлоого ишенич кетти деген пикирлер көп айтылууда. Бир нече партиялардан турган “Адилеттүү шайлоо” демилге тобунун мүчөсү Гүлжигит Исаковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул тасмадагы көрүнүш боюнча БШКдан түшүндүрмө талап кылышмакчы:

- Биз бул маселени талкуулап жатабыз. Эгер БШК эч кандай түшүндүрмө бербей, эске албай койсо, анда сотко кайрылабыз. БШК, бийлик жана башка органдар таза шайлоо өткөрүү тууралуу элдин ишеничинен чыгып калбашы керек. Бул улана берсе, эл түңүлөт. Бардык нерсеге даяр болууга аракет кылып жатабыз биз. Азыр айтылган сөзгө эч ким ишенбейт, жасалып жаткан ишке ишенет. Биз да ошого жараша баа беребиз.
Шайлоо акыйкатсыздык менен административдик басымдын алдында өткөнүн белгилеген экс-мэр Мелис Мырзакматов добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбастыгын 15-январь күнү эле борбордук аянтка чогулган элдин алдында билдирген.http://www.azattyk.org/media/video/25247849.html
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG