Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Жергиликтүү бийлик: түз шайлоонун түйшүгү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мэрди, айыл өкмөт башчысын түз шайлоо демилгеси көтөрүлүп жатат.

Ушундай жобо камтылган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоору Бишкекте 21-майда талкууланды.

Азыркы мыйзамга ылайык, мэр менен айыл өкмөт башчыны жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлайт жана бул ызы-чуу менен коштолуп, шайлоо үзгүлтүккө учураган кездер болгон.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн бир жылдык бюджети 85 миллиондой сомду түзөт жана өлкөдөгү бай айылдардын катарына кирет. Ошондон улам айыл өкмөт башчынын ордун самап, көксөгөндөр арбын. Бул айылдык кеңештин төрагасы Нышанбай Жакыев "жергиликтүү депутаттар бул кызматка татыктуу адамды шайлады" деп ишендирди:

Бизде эл деле түшүнүп калды, уруу-уруу, сай-сай деп бөлүнүү болбойт.

- Шайлоого байланыштуу абал ушул боюнча эле калышы керек. Биз мурдагы жылы декабрда калыс адамды алып келип, айыл өкмөт башчы кылып шайлаганбыз. Кудай кааласа иш жакшы болду, 2018-жылдын планы деле жакшы. Бизде эл деле түшүнүп калды, уруу-уруу, сай-сай деп бөлүнүү болбойт. Себеби иш жүрбөсө эл деле муну жөн койбойт. Биз айыл өкмөт башчы менен кошо квартал сайын элге отчет беребиз. Депутаттар баарын көзөмөлдөйт, кийин биз депутаттык мөөнөтүбүз бүткөндө деле эл менен жашайбыз.

Бишкек шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев мэрлерди түз шайлоону түпкүлүгүндө колдой турганын айтты, бирок ага убакыт, шарт керек экенин билдирди:

Алмаз Кененбаев.
Алмаз Кененбаев.

- Биз келечекте ушул жолго барышыбыз керек. Өнүккөн шаарларда түз шайлоо болот. Азыр болсо биз ага даярбызбы же даяр эмеспизби деген маселе бар. Мен негизи "мэрди шаардыктар шайласын" дегенди колдойм. Бирок бул келечекте боло турган нерсе. Көп мыйзамдар бар, аларды өзгөртүш керек.

Бишкекте 21-майда мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартибин өзгөртүү жоболорун камтыган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Долбоор былтыр парламентте биринчи окуудан өткөн. Анын демилгечиси, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоевдин пикиринде, айыл өкмөт башчылары, мэрлер түз шайланса аларга көбүрөөк ишеним артылат:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Эгемен Кыргызстандын тарыхында 2001 жана 2005-жылы түз шайлоо болгон. Азыр айыл өкмөт башчысына талапкерлер айылдарды кыдырбайт, депутаттарды сатып алуу, криминал аралашкан жолдор менен эле шайланып жатат. Эгер түз шайлоо болсо талапкерлер айыл-айылды эле эмес, көчөмө-көчө кыдырып, кадимкидей үгүт жүргүзөт. Эл да анын кандай сөзү бар экенин, эмне жумуш кыларын байкайт. Ошондо гана сапаттуу жетекчи тандалмак. Ачык-айкындуулукка да жакшы болмок. Анан ошол жетекчинин мандаты күчтүү болмок. Мына, Жогорку Кеңештин 120 депутаты шайлаган премьер-министрдин мандаты күчтүүбү же эл шайлаган президенттикиби? Конституция боюнча экөөнүн деңгээли тең эле. Бирок түз шайланганы үчүн президенттин мандаты күчтүүлүк кылып жатат. Ошондуктан биз айыл өкмөт башчыларын, мэрлерди түз шайлоого өтүшүбүз керек.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова мэр менен айыл өкмөт башчыларын депутаттар шайлашына жарандык коом башынан эле каршы чыкканын белгиледи:

Биз, жарандык коом, "муниципалитетте партиялардын кандай кызыкчылыгы бар, мунун кереги жок, муниципалитет бузулат" деп каршы чыкканбыз.

- 2010-жылдан кийин кодекс өзгөрүп жатканда талаш-тартыш болгон. "Өз алдынча башкаруу деңгээлинде партиялар болушу керекпи же жокпу?" деген маселе көтөрүлгөн. Биз, жарандык коом, "муниципалитетте партиялардын кандай кызыкчылыгы бар, мунун кереги жок, муниципалитет бузулат" деп каршы чыкканбыз. Бирок ошондо Өмүрбек Текебаев макул болбой, мыйзамды парламенттен өткөрүп жиберген. Азыр мына, баарыбыз көрүп жатабыз, партиялар айыл өкмөттөрүн, шаарларды ээлеп алып, алар шайлаган мэр, айыл өкмөт жергиликтүү тургундарды укпай, кайсы бир партияга баш ийип, ошолордун көзүн эле карап калды.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген жагдайлар эске алынышы керек экенин айтты:

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

- Бул сунушту биз кылдаттык менен карап чыгышыбыз керек. Себеби коңшу мамлекеттер менен чектешкен айылдар бар. Ал жерде бир улуттун өкүлдөрү басымдуулук кылган айылдар да бар. Бул улуттук коопсуздукка шек келтирүү мүмкүнчүлүгүн да жаратат. Ошондуктан кандайдыр чектөөлөрдү, эрежелерди киргизүү менен айыл өкмөттөрүн, шаарлардын мэрлерин түз шайлоого өтүү тууралуу сунушту колдойт элем. Мына, Бишкек шаарынын соңку үч мэри кандай шайланганын баарыбыз эле билебиз. Алар шаардыктардын же шаардык кеңештин каалоосу, колдоосу эмес, болгону бир адамдын жакын досу, ишенимдүү адамы болгону үчүн гана борбор шаарды башкарып калышкан. Ошондуктан жок дегенде Бишкек менен Ош шаарында, дагы бир катар чоң шаарларда мэрди түз шайлоого өтүш керек.

Анткен менен мэрди, айыл өкмө башчыларын түз шайлоого каршы чыккандар да арбын. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан мындай шайлоону башынан өткөргөнүн, ал уруу-урууга, айыл-айылга бөлүнүүгө алып келгенин эстеди:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Көчө-көчө, айыл-айыл болуп эки-үчкө бөлүнгөн, ынтымакка доо кеткен деле жагдайлар болгон. Азыркы жагдай биринчи кезекте айылдын бөлүнүп-жарылышына бөгөт коет. Экинчиден шайлоо маданияты, шайлоо жоопкерчилиги да ушул жол аркылуу калыптанат. Анткени айылдыктар айылдык кеңешти шайлап жатканда да жети өлчөп бир кесиши керек. "Булар биздин атыбыздан айыл өкмөт башчыны шайлайт, аны көзөмөлдөйт" деп, эл өкүлү институтун бекемдеш керек. Жарандарыбыздын да, шайланып аткан адамдардын да шайлоого болгон жоопкерчилиги күчөшү керек. Жүрбөй жаткан иш болсо эле анын баарын системадан көрүп, "түз шайласак эле оңолобуз, сотторду, мэрлерди, милицияны түз шайлайлы" деп чыгышат. Мунун баары популизм, биз ал тажрыйбаны башыбыздан өткөргөнбүз. Андан да оозубуз күйгөн.

Кыргызстанда азыр 430дөн ашуун айыл өкмөтү жана 31 шаар бар. Кыргыз өкмөтү айыл өкмөттөрдүн 80 пайызы дотацияда отурарын кабарлаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG