Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Шайлоо: "Жүзүңдү аччы, Гүлчөтай"


Борбордук шайлоо комиссиянын мурдагы төрайымы Клара Кабилова
Борбордук шайлоо комиссиянын мурдагы төрайымы Клара Кабилова

Шайлоого аттанган партиялардын тизмесинде аты-жөнү коомчулукка тааныш эмес, ал тууралуу бир дагы маалымат жок адамдар көп. Мындай адамдар аты-жөнүн өзгөрткөндөр болуп чыгууда.

Аттуу-баштуу эле партиялардагы талапкерлердин арасында кайсы бир чуулгандуу окуяга, кылмыш топторго байланыштуу аты айтылган, бирок ысымын өзгөртүп алгандар бар экени белгилүү болууда.

“Ата Мекен” партиясынын тизмесинде 17-орунда турган Гүлнара Самат-Клара аттуу табышмактуу айым Борбордук шайлоо комиссиянын мурдагы төрайымы Клара Кабилова экени маалым болду. К. Кабилова 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешке шайлоо маалында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев аны коркутканын, өзүнүн өмүрүнө, үй-бүлөсүнө коркунуч келгенин ачык айтып, өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондо коомчулукка анын аты дүңгүрөгөн. “Ата Мекен” партиясынын жол башчысы Өмүрбек Текебаев Кабилованын тизмеге кошулган жагдайын, аты-жөнүн өзгөрткөн себебин “Азаттыкка” мындайча айтып берди:

- Клара Кабилова өз өмүрүн тобокелге салгандан коркуп, видео билдирүү жасап, Кыргызстандан чыгып кеткен. Мына ошол видеону мага тапшырып кеткен. Мен оппозициялык кыймылдын атынан ошол билдирүүнү коомчулукка жарыялагам. Ошол кезде Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов, Алмамбет Шыкмаматов болуп Бакиевдердин кылган иштерин ачып беришин өтүнүп, Кабиловага Москвага чейин барып келгенбиз. Бакиевдер ошол кезде өзүнүн оппоненттерине кол сала баштаган. Ушундан улам аты-жөнүн өзгөрткөн болушу керек. Клара Кабилова менен 2008-2009-жылдардан бери Бириккен оппозиция байланышып турганбыз.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Текебаев “Ата Мекен” партиясы четтеги мигранттардын 30га жакын уюму менен кызматташып жатканын, Кабилова тизмедеги мигранттардын беш өкүлүнүн бири экенин кошумчалады.

Кабилова Орусияга качып кеткенден кийин 2010-жылы бийлик алмашканга чейин такыр үн каткан эмес. Июнь коогасынан кийин орусиялык басылмалардын биринде маек куруп, Убактылуу өкмөттү жана анын референдум өткөрүү тууралуу демилгесин кескин сынга алган жайы бар. Атүгүл Кыргызстан саясий каатчылыктын сормо сазында калат деп болжолдоп ийген.

“Ата Мекен” партиясынын тизмесиндеги 52-орунда турган Калыбек Эстуйбасов мурунку баш прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Салянов экен. Ал быйыл жазында табышмактуу жагдайда киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаевага байланыштуу аты аталып, кылмыш иште көрсөтмө бергендердин арасында болгон. “Ата Мекендин” лидери Текебаев фамилиясын Эстуйбасов деп өзгөртүп алган Калыбек Салянова боюнча төмөнкүчө түшүндүрмө берди:

- Салянов эмне үчүн фамилиясын өзгөрткөнүн билбейм. Бирок 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо Салянов биздин партиядан шайлоого катышкан. Бирок жетишерлик добуш албаганына байланыштуу депутат болбой калган. Мына ошол себептен шайлоочулар менен байланышы бар, округу бар, тажрыйбасы бар. Добуш алып келип берет деген ниет менен биздин партияга кошулду.

“Ата Мекен” партиясынын тизмесинде 4-болуп мурунку баш прокурор өзү Аида Салянова турат.

Аты-жөнү коомчулукка бейтааныш, фамилиясын өзгөрткөн талапкерлер Социал-демократтар партиясында да бар. Партиянын тизмесинде 57-орундагы Дилмурат Акпаралиевдин баштапкы фамилиясы Дооронов болчу. Ал 2011-жылы уюшма кылмыш топтун анабашы катары камакка алынган жана кримчөйрөдө “Дики” деген каймана ат менен белгилүү. Милиция аны Жалал-Абаддагы Ала-Бука жана Чаткан райондорун тескеген, кримчөйрөнүн тили менен айтканда, “положенец” экенин жарыялаган. Бирок кандайдыр бир себептер менен камактан бошоп, Ала-Бука райондук кеңешке депутат болуп шайланган жана төрагалык кызматка чейин жеткен. Андан мурдараак Дилмурат Акпаралиев “зордуктоо” жана “карактоо” боюнча да айыпталып, эки ирет соттолуп чыккан.

КСДП курултайда
КСДП курултайда

Социал-демократтар партиясынын штаб башчысы Данияр Аттокуров күмөндүү иштер менен аты чыккан, бирок фамилиясын өзгөртүп алган адамдын кантип тизмеге кошулган себебин ачыктаган жок. Бирок бул тууралуу маалымат кийин берилерин убада кылды:

- Биз маалыматтарды кийин беребиз. Азыр биз баарын тактап туруп БШКга каттоого беребиз. Азыр маалыматтарды биздин маалымат кызмат даярдап жатат.

"Өнүгүү" партиясынан да аты-жөнүн өзгөртүп тизмеге киргендерди жолуктурууга болот. Тизмеде 17-орунда турган, уюшма кылмыш топторго байланыштуу аты аталган Тазабек Икрамовдун мурдагы фамилиясы Стамкулов экени белгилүү.

“Республика – Ата Журт” партиясындагы коомчулукка белгисиз ысымдар тууралуу аталган партиянын өкүлү Нурлан Шакиев түшүндүрмө берди жана аты-жөнүн өзгөрткөндөр жок деп ишендирди:

- Бизде аты-жөнүн өзгөрткөн аттуу-баштуу адамдар жок. Экинчиден, мисалы бизде тизмеде 2-орунга Алтын Кылычбаев деген жигитти койдук. Азыр көбү эле ошол Кылычбаев деген ким болуп кетти экен деп сурап жатат. Кээде коомчулук өтө кызык. Мурдагы адамдар болсо да "жалаң эле өң-тааныштар келди" дейт, жаңыларды койсок “ой, булар кимдер” дейт. Биз ошондуктан аты жаңы чыгып келаткан жаштарды коштук.

Кыргызстанда жарандар эч тоскоолдуксуз эле аты-жөнүн өзгөртө алат. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов ысымы өзгөрсө, маселен ошол адамдын соттолгондугу же кайсы бир күмөндүү иштерге кириптер болгону тууралуу маалымат чыкпай калышы ыктымалдыгын тастыктады:

- Биз текшергенде аты-жөнү өзгөртүлгөн болсо ошондой маалымат чыкпай калышы мүмкүн. Анан калса Кыргызстанда аты-жөнү окшош кишилер абдан көп. Ошондуктан шек туудурган жагдайлар болсо кайра кайталап текшертип койсо болот. Биз компьютерге салып текшеребиз да, эгер ал жерде жок деп чыкса, жок деп беребиз.

Шайлоого карата ондон ашуун партиялар курултайларга чогулушту. Бардык партиялар такталган тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына 25-августка чейин тапшырышы керек. БШК болсо тийиштүү текшерүүнү жана каттоону 4-сентябрь, үгүт иштери расмий башталганга чейин бүтүрүшү зарыл.

XS
SM
MD
LG