Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:03

Кыргыз өкмөт башчысы менен Жогорку Кеңеш депутатынын жыйындагы орой сөздөрү коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.

Жетекчинин кол алдындагыларды зекип турушу илгертен келаткан көрүнүшпү же буйрукчул совет заманынын ыкмасыбы? Азыркы мамлекеттик чиновниктердин жүрүм-турумунун моралдык, мыйзамдык жоопкерчилиги кандай болушу керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна коомдук ишмер Кемел Ашыралиев жана элчи Эрик Асаналиев катышты.

“Азаттык”: Кемел аба, кыргыз өкмөт башчысы бир агенттиктин жетекчисинин даярданбай келгендигин жүйө кылып, жыйындан кууп чыкканын кандай бааладыңыз? Кадр тарбиялоонун ыкмасыбы же кадимки боло жүрчү эске албай кое турган көрүнүшпү?

Кемел Ашыралиев: Өкмөт башчысы өзүнүн кол алдындагы кызматкерлерден, жетекчилерден өзүнө тагылган милдеттерди кандай аткарып жатканын көзөмөлдөп, тартипти кармап турушу табигый нерсе. Эми ошолордун баарынын өз ыкмалары бар.

Өкмөт башчы ишке тың болсо, иштин көзүн билсе, чиновник өкмөттүн жыйналышына келгенге чейин эле даярданып келет. Өкмөт башчысы номенклатурадагы бардык жетекчилердин кандай жөндөмү барын көзүнөн билип турушу керек. Тааныбаган адамдай болуп, “сен эмне үчүн даярданбай келдиң, чыгып кет” дегени одоно болуп калды. Болуптур, ал жыйындан чыгып кетти. Бирок эмне өзгөрдү? Маселе чечилген жок, өзү ыңгайсыз абалда калды. Анын “чык” деп кууп отурбай эле, иштей албаса жумуштан бошотуп коюш керек болчу.

“Азаттык”: Жетекчинин ушундай катуу, орой ыкмасы совет заманынан келатат окшойт?

Кемел Ашыралиев: Азыркы өкмөт башчыбыз совет заманын көрүп, ал учурдагы мамлекеттик кызматтарга аралашып калган жигит. Обкомдун же райкомдун биринчи секретары кандай ыкмада иштегенин көрүп калган да. Ооба, союздун убагында ушундай туура эмес иштер болчу. Эгерде жетекчинин көзү кыйшык болсо “бир көзүңдү экинчисине теңейм” деп мазактачу. Ошондо дагы “залдан чыгып кет” деген учурлар болгон.

Бирок биз азыр башка заманда жашап жатабыз да. Биз демократия курабыз деген өлкөбүз. Ошондуктан “чык” деген окуялар жат көрүнүп жатат.

Биз азыр Кытайдын, Американын, Орусиянын, Казакстандын жетекчилери кандай башкарып, кандай сүйлөп жатканын көрүп турабыз. Союздун учурунда биз жабык өлкө болчубуз, өзүнчө бир башкаруу ыкмасы бар болчу. Хрущев деген БУУнун трибунасын койгулап сүйлөп койду эле, кийинки жетекчилер парткомдун катчысына чейин аны туурап калышкан. Азыр биз башкача, маданияттуу болушубуз керек.

“Азаттык”: Эрик мырза, өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты министрди зекип, омуроологон, кемсинткен сөздөр менен атырылды. Дегеле өкмөт мүчөлөрүн парламент депутаттары баса калган фактылар аз эмес, чектен чыккан эл өкүлдөрүнүн моралдык, мыйзамдык жоопкерчилигин ким сурайт деген суроо жаралат...

Эрик Асаналиев: Биз азыр социалдык тармактар аркылуу бул убакка чейин угуп-укпаган, билип-билбеген нерселерди даана, ачык күбө болуп жатабыз. Көрүп алып ар кимибиз өз жыйынтыгыбызды чыгарып жатабыз.

Илгертен бери эле кыргызда улуулардын алдында кандай сүйлөө керек, ата-эненин алдында өзүн кандай алып жүрүү керек, ким менен теңата сүйлөшүү керек - мунун баары бар эле. Жоро-жолдошун же ата-энең менен болгондо кандай сөздөрдү колдоноруң маанилүү болчу.

Биздин айрым депутаттар кечээ кайсы кызматта жүргөнүн же кайсы тармак боюнча адис экендигин билбейсиң. Жогорку Кеңешке келгенден кийин эле өкмөттүн көзүн чукуп, бардык тармактар боюнча акыл айтат. Ар бир тармак боюнча 30-40 жыл иштеген адистер парламенттин залында отурат, алардан сурап коеюнчу деген ниети жок. Бул деген одоночулук, тарбиясыздыкты көргөзгөн нерсе.

Мамлекеттик чиновниктердин жүрүш-турушун тактай турган, сурай турган “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Дипломаттык кызмат жөнүндө” мыйзамдар бар, аларда баары жазылып турат.

“Азаттык”: Кыргыз элчилери, мамлекеттик кызматкер катары биздин өлкөнүн жүзү эмеспи. Өткөндө бир кыргыз элчиси башка өлкөнүн желегинин алдында сүйлөшүү жүргүзүп жаткан сүрөтү көп талкуу жараткан. Бул эмне байкабай кала турган майда нерсеби же элчинин ар бир кадамы маанилүүбү?

Эрик Асаналиев: Элдин, мамлекеттин атынан президент жана элчи гана сүйлөй алат. Элчи чет өлкөдө сенин мамлекетиңди таанытып жүргөндөн кийин күнү-түнү баскан турганың, сүйлөгөн сөзүңдү ичиңден өткөрүп туруш керек. Ар бир өлкөнүн протоколу болот, конок тосуу өзгөчөлүгү болот, баарын өздөштүрүү керек.

Бир мисалы айтайын, илгери Роза Отунбаева тышкы иштер министри болуп турганда Иранга иш сапары менен барат экен деп кабар келди. Ирандын протокол кызматы “аялдар жоолуксуз келбеши керек, этек- жеңи узун көйнөк кийиш керек” деп айтышты. Биз баарыбыз “ал жакка кантип барар экен” деп күтүп калдык. Анан эле министрибиз Иранга элечек кийип барды, бир жагынан алардын салтын сыйлады, экинчиден, кыргыздын аялдары кандай кийинерин көргөзгөн. Ошол эле элечек менен БУУнун жыйынына барып сүйлөдү. Ошону менен биз улуттук өзгөчөлүгүбүздү көргөзүп жатабыз.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерде угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG