Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

“Газпромдун” кепилдиги сыноодо


14-апрелде “Өзбектрансгаз” түштүккө көгүлтүр от берүүнү токтоткон.
14-апрелде “Өзбектрансгаз” түштүккө көгүлтүр от берүүнү токтоткон.

Өзбекстан Кыргызстандын түштүк аймагына он беш күндөн бери газды бууп салышынын себебин түшүндүрбөй жатат.

Бул тууралуу өкмөттүн өткөн жылкы ишмердиги боюнча отчет берүү учурунда премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Парламент депутаттары “Кыргызгазды” сатып алган орусиялык “Газпромдун” кепилдиги кайда калды деген суроону кабыргасынан койду. Ошол эле кезде эл өкүлдөрү Бажы биримдигине кирүүнүн шарттары жана мөөнөтү боюнча өкмөттөн ачык-айкын маалымат берүүнү талап кылышты.

Келишимдин кепилдиги

Өкмөттүн өткөн жылдагы отчетун угууга чогулган парламенттеги башкаруучу көпчүлүк Өзбекстандан келчү газдын токтошунун чыныгы себебине кызыкты. 2014-жылдан тарта Кыргызстанды газ менен камсыздоону орусиялык “Газпром” компаниясы алган. “Кыргызгазды” сатып алган “Газпромдун” көгүлтүр отту үзгүлтүккө учуратпоо боюнча кепилдиги гана деген маселе көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Бөдөш Мамырова келишим түзүүдө мына ушундай күтүүсүз жагдайлар эске алынбаганын сынга алды:

- “Кыргызгазды” орусиялык “Газпромго” сатып жатканда ушул жагдайды эмнеге эске алган эмесиңер? Келишимди талкуулап жатканда “газ эми эч качан өчпөйт, мурдагыдан кыйла арзан болот” деп айтпадыңыз беле. Буга Орусия кепилдик берет дедиңиз эле. Кана ошол кепилдик?

Бөдөш Мамырова.
Бөдөш Мамырова.
14-апрелде “Өзбектрансгаз” Кыргызстандын түштүк аймагына көгүлтүр от берүүнү токтоткон. Андан туура төрт күн мурун “Кыргызгазды” орусиялык “Газпромго” биротоло өткөрүп берүү боюнча парламент бекиткен келишимге кол коюлган. Газдын өчүрүлүшү буга чейин келишимдин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу болушу мүмкүн деген жоромол айтылган. Бирок Кыргызстандын өкмөтү жылдын аягына чейин ал келишим күчүн жоготпойт деп эсептейт. Керек болсо “Кыргызгаз” буга чейин 2014-жыл үчүн алдын ала төлөм жүргүзгөнү маалым болду. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев газдын өчүрүлүшүнүн себебин сураган кайрылууга Ташкент жооп бербей жатканын айтты:

- Биздин газ боюнча Өзбекстанга карызыбыз жок. Келишим 2014-жылдын аягына чейин каралган. Бирок Өзбекстан эскертпестен туруп, бир тараптуу шартта газ берүүнү токтотуп салган. Анын себебин сурап кайрылсак, ушул күнгө чейин жооп бербей жатышат. Бул боюнча биз “Газпромго” да кайрылдык. Учурда анын жетекчиси Миллер мырза бул ишке өзү аралашып, маселени териштирип жатат.

Буга чейин президент Атамбаев "Кыргызстанга “Кыргызгаз” эмес, үзгүлтүксүз берилчү газ керек" деп билдирген. Бул маселеден кийин өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 2013-жылдагы өкмөттүн ишмердиги боюнча отчет берүүгө өттү. Өткөн жылы “Датка” көмөк чордону жана 250 чакырымдык электр берүү линиясы ишке берилгенин мисалга алды. Ошондой эле Бишкек-Ош альтернативалуу жолу жана Жогорку Нарын каскады сыяктуу ири долбоорлор башталганы айтылды. Жоомарт Оторбаев 2013-жылдын көрсөткүчтөрүн мындан төрт жыл мурунку абал менен салыштырды:

- 2013-жылы өлкөдө 22 жаңы ишкана ачылды. Орточо пенсиянын өлчөмү 4526 сомго жогорулады. Эмгек акынын орточосу 11 миң 426 сомду түздү. Былтыр 43 мектептин курулушу бүттү. Фермерлерге 3 миллиард сом жеңилдетилген насыя, биринчи жолу дыйкандарга миңден ашуун даана айыл чарба техникасы берилди.

Бажы биримдигине киргени калдыкпы?

Ошол эле кезде депутаттар өлкөнүн экономикалык абалы анын Бажы биримдигине киришинин шарттары менен байланыштуу экенин айтышты. “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташполот Балтабаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн шарты жана мөөнөтү сырттан таңууланбаган жагдайда болушу керек деп эскертти:

Ташполот Балтабаев.
Ташполот Балтабаев.
- Мына биз Бажы биримдигине киргенге даярданып жатабыз. Жакында Кыргызстан 29-апрелде Бажы биримдигине кирүүгө кол коёт экен деп окуп калдым. Ага кирүүнүн шарттарын камтыган документти парламентке качан алып келесиңер? Жогорку Нарын каскады боюнча долбоорго байланыштуу келишим сыяктуу кол коюлгандан кийин бизге алып келип жүрбөгүлө. Биз бул маанилүү маселени талкуулап туруп анан силерге уруксат беришибиз зарыл.

Экономика министри Темир Сариев өлкө экономикалык каатчылыктан чыгыш үчүн Бажы биримдигине кирүүдөн башка жол жок деп билдирди:

- “Дордойдо” иштеген соодагер-ишкерлер Бажы биримдигине кирүүнү тездеткиле деп жатышат. Болбосо алар ишканалардын бардыгы жакында токтоп калат дешти. Чек ара жабык болуп, алар мында тигилген товарларын сыртка чыгара албай жатышат. Ошондуктан биз бул оор маселени Бажы биримдигинин алкагында гана чече алабыз.

Парламенттеги башкаруучу коалиция өкмөттүн өткөн жылдагы ишмердиги боюнча отчетун кабыл алды. Ошол эле учурда анын бул жылкы артыкчылыктуу багыттарын палатада талкуулоо жагы сунушталды.

XS
SM
MD
LG