Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Илмияновдун иши «илгерилебей» койду


Икрамжан Илмиянов кармалгандан кийин. 20-октябрь, 2018-жыл.
Икрамжан Илмиянов кармалгандан кийин. 20-октябрь, 2018-жыл.

Мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жеке айдоочусунан президенттик аппараттын жетекчи орун басарлыгына чейин жеткен кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун кылмыш иши улам жылып отуруп, 4-сентябрга дайындалды.

Мурдагы бийликтин «көмүскө кардиналы» атыккан Икрамжан Илмияновдун иштери терең иликтенбей жатканы саясий чөйрөдө ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратууда. Айрым серепчилер бул жагдай Атамбаев режиминин маңызын жашырууга жана бийликтеги тымызын «икрамчылыктын» улантылышына өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Улам артка жылган сот жараяны

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, учурда камакта отурган Икрамжан Илмияновдун кылмыш ишин кароо боюнча сот жараяны эсеби боюнча үчүнчү ирет кийинкиге жылдырылды.

Ага бул жолу да күбө менен жабырлануучунун сотко келбей калганы себеп болгон. Бул тууралуу Икрамжан Илмияновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдирди.

Жакында Бишкектин Свердлов райондук сотунда бул кылмыш ишин соттук териштирүүнү улантуу 4-сентябрга дайындалды.

Саясатчы Эмилбек Каптагаев Икрамжан Илмияновдун иштери толук тергелип, анын өткөн алты жыл аралыгында топтогон байлыгынын жагдайлары кылдат изилдениши керек экенин белгиледи:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

«Эгерде «азыр тазаланабыз, коррупцияга каршы күрөш жүргүзөбүз» десек, ошол иштин натыйжасы болуш үчүн бардык кылмыш иштери терең иликтенип, толук тергелип, тергөөнүн жыйынтыгы коомчулукка ачык жарыяланып турууга тийиш. Анан дагы коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштеринин соттук кароосу ачык-айкын жүрүшү керек. Кылмыш иштеринде кандайдыр бир туңгуюк жагдайлар болуп, сот иштери улам жылса, анда бул күмөн ойлорду пайда кылып, жалпы бийликтин беделине көлөкө түшүрөт. Ошондуктан кылмыш иштери боюнча коомчулукка ачык жана так маалыматтар берилип турушу зарыл».

«Икрамжан Илмиянов «Дизел комплект» деген жеке компаниядан 150 миң доллар акча алган деген негизде жетекчилигинин арызынан улам алдамчылык боюнча шектүү деп табылган. Ал 2018-жылы 20-октябрда Москвадан кармалып, Бишкекке жеткирилип, камакка алынган.

Из калтырбаган «икрамчылык феномени»

Атамбаевдин бийлигинин тушунда кадр саясаты, кен байлыктар жана сот иштери сыяктуу маанилүү маселелер «шоопур» деген лакап аты бар адам аркылуу чечилип келгени айтылып жүргөн.

Бирок саясат талдоочу Эмилбек Жороев Атамбаевдин жакын чөйрөсүндөгү Илмиянов сыяктуу «көмүскө кардиналдардын» ишмердигине саясий жана укуктук баа берүү кечеңдеп жатканын айтты:

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

«Мурдагы бийликтеги бир нече адамдын ысымдары өзүнчө эле «феномен» катары коомчулукта таанылып калган. Ошол эле Илмиянов, Арабаев, Сегизбаев, Жолдубаева сыяктуу адамдардын ишмердиги боюнча толгон-токой суроолор алар бийликте турган кезде эле бар болчу. Бул жерде ошол адамдардын иштери азыр унутта калып бараткандай. Албетте, алардын айрымдары менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөр же тергөөнүн мыйзам чегиндеги кызматташуусу жүрүп жатышы мүмкүн. Бирок канткен күндө да Атамбаевдин бийлигинин маани-маңызын ачып бериш үчүн Илмиянов сыяктуу адамдардын ошол кездеги бийликтеги орду жана ролу аныкталып, такталып, алардын өзгөчө «феномени» тууралуу талкуу болушу зарыл. Мамлекетти башкарууда ошондой кишилер кандайча жең ичинен чечим кабыл алуу «борборлоруна» айланып калганы бизге сабак болууга тийиш. Бул жерде аларга бир эле укуктук баа берүүдөн мурда саясий жактан баа берилиши да маанилүү. Анткени ошондой көмүскө чечим кабыл алууга таасир эткен «феномендер» жаңы бийликте да кайталанбашы үчүн андай көрүнүштөрдү түп-тамырынан бери четке какчу коомдук пикир калыптанышы абзел».

Караанын карматпаган күбөлөр

Мурдагы мамлекет башчы Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов айыпталып жаткан буга чейинки сот жараянына бирде иштин күбөлөрү келбей калса, башкасында кылмышка шектүүлөрдүн адвокаттары ага чейин дайындалган сотко келбей калып, сот жараяндары үзгүлтүккө учурап келген.

Быйыл 27-августка дайындалган сот жараянында да кылмыш иши боюнча шектүү катары өтүп жаткан Бишкек шаардык салык башкармалыгынын кызматкери Руслан Шакировдун адвокаты келбей калып, сот кийинкиге жылып кетти.

Тергөө материалдары боюнча «Дизел комплектке» салык жашырганы үчүн 2016-жылы кылмыш иши козголуп, аталган компания 2017-жылы Илмияновдун жакын адамына «демөөрчүлүк иретинде» 150 миң доллар бергени жарыяланган. Бул иш боюнча шектүү катары өтүп жаткан Бишкек шаардык салык башкармалыгынын кызматкери Руслан Шакиров ал иштин жагдайы тууралуу айтып берүүдөн баш тартты:

Менин ага эч кандай тиешем жок.

«Менин ага эч кандай тиешем жок. Мен аны тааныбайм. Бул иштин жагдайлары боюнча бардык суроолорго адвокат жооп берет. Ошондуктан бардык ишти адвокаттан сураш керек. Мен эч нерсе билбейм».

«Өз нугунда бараткан сот иши»

Тергөөнүн жыйынтыгы менен Икрамжан Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») боюнча кылмышка шектүү болуп жатканы тууралуу маалымат берилген. Ошол эле кезде тергөө бул иш боюнча анын бөгөт коюлган мүлкүнүн толук тизмесин жарыялай элек.

Икрамжан Илмияновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев соттук териштирүү өз нугу менен баратканын белгилеп, кийинки сот жыйынында күбөлөр көрсөтмө бере баштай турганын билдирди:

Кубанычбек Ташбалтаев.
Кубанычбек Ташбалтаев.

«Келе жаткан шаршемби күнү эрте менен бул иш боюнча соттук териштирүү кайрадан башталат. Ал соттук кароодо бардык күбөлөр суралып, көрсөтмө беришет. Буга чейин прокурор мамлекеттик айыптоочу катары тергөөнүн айыптоо корутундусун эле окуган. Тергөө мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте, өз нугунда эле жүрүп жатат. Менин коргоомдогу адам бул иш боюнча күнөөсүн мойнуна албайт. Буга байланыштуу биз анын күнөөсүздүгүн ырастаган өз далилдерибизди соттун жүрүшүндө келтиребиз. Ошондуктан азырынча соттун жүрүшү боюнча бир нерсе дегенге эрте».

«Шоопур» деген каймана ат менен таанылган, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында кармалып, Башкы прокуратура ага андан мурда 28-сентябрда эле кылмыш иши ачылганын жарыялаган. Быйыл жазда анын бул кылмыш иши сотко өткөрүлгөнү кабарланган. Ошондон бери аны абакта кармоо мөөнөтү бир нече жолу узартылып, анын ишин соттук териштирүү улам артка жылып отурду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG