Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Шайлоо: капчыктуулар кармашы


Бишкектин бийлигин колго алуу үчүн шаардык кеңештин шайлоосуна катышууга 23 саясий партия катталды.

Жалпысынан 45 мандаттан турган депутаттык орундун ар бирине 39 талапкер туура келүүдө.

Саясат таануучулар партиялардын тизмесин жеке ишкердик кызыкчылыктагы кландык жана урук-туугандык катыштагы талапкерлер толуктаганын айтып, анын түпкүлүгү кызыкчылыктардын кагылышына алып келиши мүмкүн деп кооптонушууда.

Кокодон алган кызыкчылык

Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, жалпысынан шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн 23 саясий партия катталып, тизмедеги талапкерлердин саны эки миңге чукулдап барды.

Саясат таануучулар партиялар борбор калаанын бийлигин колго алуу үчүн өздөрүнүн катарын кандай жол менен болсо да күчтөндүрүүгө өтүп алышканын байкашкан. Мында айрыкча саясий күчтөрдүн өзөгүн кландык кызыкчылыкка негизделип, ири капиталга ээ болгон ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү түзөөрү белгиленүүдө.

Саясат таануучу Марс Сариев бул көрүнүштү партиялык курулуш начар өнүккөн өлкөдөгү кландык кызыкчылыктын үстөмдүгү катары мүнөздөдү:

- Негизги саясий күчтөрдүн өзөгүн карасак, алардын кландык кызыкчылыктар менен куралганы айкын болуп атпайбы. Жердешчилик, уруучулук жана тууганчылык байланыштардын негизинде куралган ишкер чөйрө партиялардын тизмелерине кирип, бүгүн алар үчүн бийликти алууга, же аны сактап калууга кызмат кылганы турат. Мурун бийликти мамлекет башчылары узурпациялап келсе, эми ал ролду партия башчылары өздөрүнө алып алышты.

Шаардык кеңештин шайлоосуна талапкерлердин 75 пайызын буга чейин бир нече чакырылышта иштеген депутаттар түзөт. Баш калаадагы негизги каржы агымы катары саналган “Дордой” жана “Аламүдүн” базарларына ээлик кылган ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү Социал-демократтар партиясынын тизмесинен орун алышты. Буга чейин ал атактуу династиянын бир нече өкүлү учурунда “Алга, Кыргызстан” жана “Ак жол” партияларынын катарында Бишкек шаардык кеңешине жана парламентке бир нече курдай депутат болушкан.

Экономист Эмил Үмөталиев шаардык кеңештин шайлоосуна эки түрдүү типтеги ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү баратканына токтолду:

- Жолдогу айдоочулардын арасынан шылуундары карама-каршы багытка чыга калып, алдыга озуп чыккысы келгендер бар эмеспи, ишкердикте да мына ошол сыяктуу бийликтин күчү менен ишкердигин кеңейтүүгө маш адамдар улам-улам бийликке умтулуп жатышат. Алар мурдагы эски адаты боюнча эле элдин казынасын бөлүштүрүүгө катышкысы келип, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн дагы да туйтунгусу келет. Экинчиден, ак эмгеги менен ишкердик кылып, бирок бир катар мыйзамсыздыктарга кабылган ишкер чөйрөнүн алдыңкы өкүлдөрү өздөрүнүн мыйзамдуу талаптарын саясий жана укуктук негизде коргогону баратат.

Тутумдашкан туугандар

Бул жолку жергиликтүү шайлоодо үй-бүлөлүк кызыкчылыктар да четте калган жок. Көпчүлүк партиялардын тизмелеринде өлкөгө аты белгилүү адамдардын ишкердикке аралашкан туугандары киргизилген.

“Республиканын” тизмесине парламент депутаты Исхак Пирматовдун карындашы Асел Пирматова менен мурдагы баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу Кубанычбек Конгантиев кирсе, “Ата Мекендин” тизмесинде коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Болот Жанузаковдун иниси Канат Жанузаков жүрөт. Ошондой эле маркум Рысбек Акматбаевдин аталаш тууганы Муратбек Акматбаев да аталган партияны тандаган.

"Ар-намыс" партиясынын жетекчиси Феликс Кулов өмүрлүк жубайы 39 жаштагы Фатима Абдрасулованы тизмеге алтынчы болуп киргизгенге макул болду. Бирок Феликс Кулов муну жөн гана саясий жүрүш катары сыпаттады:

- Биз партияга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн гана анын талапкердигин тизмеге киргиздик. Бул ушундай бир тактика. Анткени Куловдун аялы талапкерлигин койду десе, жолугушууга келгендер анын акылы барбы деп, партиянын алдында кандай эмгеги бар экендиги боюнча суроолорун беришет. Менин жубайым болжол менен он жылдан ашуун убакыттан бери биздин партиянын мүчөсү. Анын мен түрмөдө отурганда партиянын атынан шайлоолорду уюштурууга кол кабыш кылган эмгеги бар. Саясий кеңеш ошондуктан анын талапкердигин койууну сунуштады. Мен "ал тизмеге талапкердигин киргизет, бирок ал өткөн учурда да депутат болбойт" деген шарт койдум. Ошондуктан шаардык кеңешке барган учурда да ал өзүнүн ордун кийинки турган талапкерге өз каалоосу менен бошотуп бере турган болду. Бирок шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышып берет.

Үй-бүлөлүк, туугандык жана кландык кызыкчылыктар менен куралган шаардык кеңеш кандай болоорун Кыргызстандын соңку тарыхы унута элек дешет талдоочулар.

XS
SM
MD
LG