Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Оппозициянын биригүү аракети


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда оппозициячыл маанайдагы бир катар саясатчылар, партиялар жана күчтөр биригүү тууралуу сүйлөшүп жатат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров кабарлады. Анын алдында айрым маалымат каражаттары Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков жана “Ата Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев үчөө президенттик шайлоодо бир талапкер чыгаруу тууралуу кеңешип жатканын жазып чыккан эле.

Бирок саясий элита алмашпай жатканын сындап, мындай биригүүлөрдөн коомчулуктун көңүлү калды дегендер да бар.

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Ушул тушта оппозициячыл күчтөр биригүү кандай форматта болот, ким аларды жетектейт, кандай ураан менен чыгабыз деген маселелерди тактап жатышат. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров мындай биригүүгө бийликтин азыркы иш-аракеттери түрткү болуп жатат деп түшүндүрдү:

- Кыргызстанда кайдыгер эмес кишилердин баары биригип жатабыз. Бүгүнкү маскаралыкка, өзүмбилемдикке, кыргыз каада-салтына, маданиятына, тарыхына кайдыгер карабаган кишилердин баарын тең эле оппозиция деп койсо болот. Кудай буюрса, бир топ кишилер биригели деп аракет жасап жатабыз. Бул сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү жүрүшүнө же болбосо тездешине бүгүнкү бийликтин ар бир жасаган туура эмес, копол, олдоксон, сабатсыз мамилелери түрткү болуп жатат. Өзүңөр көрүп жатасыңар, мамлекет башчысы эмнелерди гана сүйлөбөй жатат. Биздин элибиз, мамлекетибиз эч качан мынчалык күлкү болуп көргөн эмес.

Бул биригүүнүн башкы максаты келерки жылдагы президенттик шайлоо экени белгилүү. “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Нурлан Шакиев муну кадыресе көрүнүш деп атады:

- Мындай биригүү абдан керек. Бул абдан маанилүү нерсе. Дегеле ажырашууга караганда биригүү жакшы, колдоого алаарлык нерсе. Азыркы бийликтин мөөнөтү бүтүп бара жатпайбы. Ошонун алдында көз караштары, ой-тилектери, максаттары, программалары бир саясатчылардын биригүүсү мыйзам ченемдүү нерсе. Мунун баары келерки президенттик шайлоого карата болуп жатат да. Президенттик так оюнчуктай болуп, 70-80 адам президент болом деп чыкпай саясий күчтөр биригип, татыктуу деген бир-эки адамды чыгарса, эл танганга да жакшы болот. Бирок кооз сөздөрүнө эмес, кылган ишине жараша тандалышы керек.

Эл Акаевдин, Бакиевдин кадрларын, же азыркы ашмалтайы чыккан бийликтин кадрларын эмес, жаңы саясий көз караштагы, өлкөнү каатчылыктан чыгара ала турган адамдарды ээрчиши мүмкүн.
Төлөгөн Келдибаев

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев мындай биригүүлөрдү колдой турганын айтты жана баары мыйзамдын алкагында болушу керектигине токтолду:

- Оппозиция бийликке сын айтып турушу керек. Анын табияты ушундай. Бийлик аны талдап, туурасын туурадай кабыл алып, туура эмесин туура эмес деп айтышы керек. Мындан трагедия жасоонун кажети жок. Башка күчтөрдүн бириккени жакшы эле көрүнүш. Мына бүгүн башталган жеригиликтүү кеңештерге шайлоолорго деле катышып, бириккенин көрсөтүшсө болмок. Биз мындай биригүүлөрдөн коркпошубуз, чочулабашыбыз керек. Эгер шайлоого катышып, ийгиликке жетишип утуп алышса, мен кол чаап эле кубаттап берем. Бирок баары мыйзам чегинде болушу керек. Болбосо жаз келсе, күз келсе эле чогула калып, курултай өткөрүп, бийликти алмаштыра коебуз дегендерге каршымын. Биз эми андай замандан өткөнбүз да. Аксакалдар, улуу муундун өкүлдөрү кийинки муунга туура саясий маданиятты көрсөтсө жакшы болмок.

Анткен менен жаңы түзүлүп жаткан оппозициячыл күчкө үмүт арта бербегендер деле арбын. Талдоочу Төлөгөн Келдибаев коомчулук бир канча жылдан бери алмашпай келаткан саясий элитадан тажады деген пикирде:

- Карап көрсөк ошолордун көпчүлүгү мурда кайсы бир саясий кадамдары менен, ар кандай күлкүлүү иштери менен оозго алынып калган, эл ирээнжип калган. Булардын биригип саясий күчкө айланышы кыйын. Эл Акаевдин, Бакиевдин кадрларын же азыркы бийликтин кадрларын эмес, жаңы саясий көз караштагы, өлкөнү каатчылыктан чыгара ала турган, элди артынан ээрчите турган адамдарды ээрчиши мүмкүн. Кечээ эле Атамбаевди мактап, ал алардын сөзүн укпай койсо Икрам Илмияновго кайрылып, ал да сөз укпай койсо, биз бирикпесек болбойт экен деп, өзүнчө күч топтойлу десе, анда жаңылышат. Эми аларды эл деле ээрчибейт. Ошондуктан мурунку бийликтин командасында жүргөндөр ар кандай коррупциялык айла-амал менен топтогон байлыктарын сактап калгысы келсе тобоо кылып, саясатка аралашпай эле жөн эле жүрүшү керек.

Кыргызстандын эгемен тарыхында бир канча саясий биригүүлөр, күчтөр орун алган. Мурунку бийликтин тушунда президенттик шайлоодо бир талапкер чыгаруу да аракети деле болгон.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG