Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулду (видео)


Парламент
Парламент

Парламенттин депутаттары өлкөдөгү саясий кризисти талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогулушту.

Чукул жыйынга катышуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков да келди. Парламенттин алдында сүйлөп жатып президент Жээнбеков Алмазбек Атамбаев эми суракка кылмышка шектүү катары чакырыла турганын айтты:

- Кечээкиге чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат.

Мамлекет башчысы өлкөдө мыйзамдуулукту, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чаралар аткарыларын, ыкчам чара көрүлөрүн кошумчалады.

Жээнбеков: Бардык саясий күчтөр чогуу бололу
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:01 0:00

Кезексиз сессияда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Орозбек Опумбаев маалымат берди. Ал Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы Жазык кодексинин негизинде жүргүзүлгөнүн айтты:

- Атайын кызматтын кызматкерлери аскердик эмес курал менен операция жүргүзүштү. Атамбаевдин тарапташтары куралдуу каршылык көрсөтүштү. Бул мыйзамсыз. Атамбаев тараптан снайпер аркылуу ок атуу болду. Бул куралдан биздин алты кызматкер жабыркады. Барымтадагы кызматкерлерди шылдыңдашты. Атамбаевдин өкүлдөрү, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков менен сүйлөшүп, балдарды бошотууга убада берилген.

Опумбаев атууга уруксат бербегени үчүн өкүнүп жатканын айтты. Маалыматка караганда атайын операция учурунда 40 курал, 15 тапанча, эки миңдей ок-дары тартылып алынган.

Ошондой эле Орозбек Опумбаев Кой-Таштагы окуялардан кийин кызматтан кетүү ниетин президент Сооронбай Жээнбековго билдиргенин айтты. Депутат Мирлан Жээнчороевдин суроосуна жооп берип жатып буларды билдирди:

- Мен Коопсуздук кеңешинин жыйынында Сооронбай Жээнбековго кызматтан кетүү ниетимди билдирди. Чындыгында бул жерде менин да күнөөм бар. 3,5 миң кызматкердин бардыгын алып чыкканда мындай болбойт беле?.

Опумбаевдин бул айткандарын депутат туура эмес көрүп: «Бардык айылды жок кылат белеңер?» деп сурады. Опумбаев аскерлер куралсыз болгонун, алар коопсуздукту камсыз кылышарын кошумчалады.

Эл өкүлдөрү Кой-Таштагы окуядан кийин бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кызматтан кетиши керектигин айтып чыгышты. Бул маселени "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, депутат Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев көтөрдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Опумбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында алган жараатынан улам ооруканада каза болгон атайын бөлүктүн 47 жаштагы кызматкери Үсөнбек Ниязбековдун артында жубайы жана төрт баласы калганын айтты.

Сессия Кой-Таштагы абалды талкуулаш үчүн чогулган. Бирок депутаттардын талабы менен Солтон-Сары маселеси да каралды.

Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта кечке жуук башталган. Бирок мурдагы президент дале Кой-Таштагы үйүндө экени кабарланып жатат.

Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны түнкү саат 00:55ке карата 36 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын 15и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында ок атуудан улам жаракат алгандары жана мээси чайкалгандары бар.

Мунун алдында Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын операция маалында атайын даярдыктагы бөлүктүн бир кызматкери каза болгонун билдирген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

Кой-Таштагы операциянын хронологиясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:50 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG