Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:41

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Максат Кунакунов 10 жылга эркинен ажыратылды.

Ал 2015-жылы жайында камакка алынган жана “террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген жана карактоо" өңдүү айыптар тагылган.

Кунакуновдун ишин тергөө да, соту да баштан аяк жабык өттү. Укук коргоочулар ал атайын кызматтын тергөө абагында аёосуз кыйноого туш болгонун да айтып чыгышты. Улуттук коопсуздук боюнча комитет мындай дооматтарды негизсиз деп билдирген.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Максат Кунакунов жана анын өнөктөштөрү делген сегиз адам боюнча 27-январда өкүм чыгарды. Ага ылайык, Кунакунов 10 жылга эркинен ажыратылганы белгилүү болду. Калган сегиз киши болсо 17 жылдан 28 жылга чейин кесилди. Мамлекеттик айыптоочулар Кунакуновду 30 жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлкүн конфискациялоону сурап жаткан эле.

УКМКдагы кыйноо: Кунакуновдун арызы

“Бийликти күч менен алууга даярданган” деген айып менен соттолуп жатышкан Максат Кунакунов жана Алтынбек Жумагазиев атайын кызматтын тергөө абагында кыйноого дуушар болушканын айтып, акыйкатчыга даттанышты.

Сот органдары менен атайын кызмат бул иш боюнча комментарий берүүдөн баш тартып келет. Буга чейин Кунакуновдун туугандары анын абалы боюнча “Кылым шамы” укук коргоо уюмуна арызданган. Аталган бейөкмөт уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова тергөө иштери жана сот жараяны бир катары мыйзам бузуулар менен коштолду деп эсептейт:

- Анын адвокаттарына дагы чектөөлөр коюлуп, тууган-уругу менен кабарлашып, маалымат алууга мүмкүнчүлүгү болбой отурган. Экинчиден, бул аябай чоң кыйноого кабылган. Ошол кыйноого кабылганы тууралуу кабарлоого да мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Туугандарынын айтымында, анын баш коргоо чарасын кароо боюнча сотко алып келгенде анын мойнуна темир каргы байлап, колу-бутуна кишен салып алып келген. Менин 15 жылдык укук коргоо иш тажрыйбамда айыпталган адамдын мойнуна чейин каргы, кишен салып алып келген учур болгон эмес. Туугандары анын ошондой абалын көргөндөн кийин аябай чочуп-коркуп, бири-бири менен сүйлөшпөй калган абалда да болушкан экен.

Акыйкатчынын абак жайларына көзөмөл жүргүзгөн адистер тобу Максат Кунакунов жана Алтынбек Жумагазиев менен жолугушуп, даттануусун уккан. Кубат Оторбаев эки соттолуучу буга чейин дагы кыйноолор тууралуу арыз менен кайрылганын айткан.

- Биздин кызматкерлер сүйлөшкөн учурда Кунакунов “мени кармаган кезде тамагыма жана ичкен суума бир нерсе кошту окшойт, ошондон кийин өзүмдү жаман сездим” деп айткан. Ал эми Жумагазиев ага карата оор кыйноолор болгонун билдирген. 2016-жылдын апрель айында мен УКМКнын тергөө абагына кирген учурда дагы мага Максат Кунакунов жолугушууну суранып, ага карата кыйноолор болгонун айткан болчу. Биз анда Башкы прокуратурага кайрылып, ал Аскер прокуратурасына тапшырып, аягында ал иликтөөнүн жыйынтыгында “кылмыштын курамы болбогонуна байланыштуу” иш токтотулганын билдирген.

УКМК акыйкатчынын мындай маанидеги билдирүүсүн чындыкка коошпогон маалымат катары жокко чыгарган.

Былтыр күзүндө бир катар маалымат каражаттар Максат Кунакуновдун сотто сүйлөгөн сөзү деген аудиожазууну жарыялаган. Анда мурунку депутат күнөөлөрү далилденбегенин айтып, дооматтардын баарын четке каккан, атайын уюштурулган жалаа катары сыпаттаган. Анын өнөктөштөрү деген адамдарды тергөө абагында биринчи жолу көргөнүн, ага каршы көрсөтмө берди деген адам күмөндүү экенин билдирген.

Акыйкатчы баштаган укук коргоочулар Максат Кунакунов тергөө абагында кыйноого кабылганын, акыл-эсти маң кылуучу каражаттар берилип жатканын айтып чыгышкан. УКМК мындай айыптоо негизсиз деп билдирген.

Максат Кунакуновдун санаалашы, Оштогу жарандык активист Сонунбек Жунусбаевдин пикиринде, экс-депутат саясий куугунтуктун курмандыгы болду:

- Анын ушундай иштерди уюштура турган, демөөрчү боло турган деле каражаты жок болчу. Ал Атамбаевдин режимине каршы күрөшүп жатып эле ошол иштердин курмандыгы болду окшойт. Анткени оюн ачык айтып чыккан жаштардын бири болчу да. Региондорду кыдырып жүргөн. Азыр эми саясий атаандаштарын террорчу, же дагы башка аттарга жабыштырып эле камап жатат.

Жогорку Кенештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты, Эл аралык иштер жана коопсуздук комитетинин мүчөсү Анвар Артыков бийликтин куугунтугу деген дооматты четке какты:

- Азыр эми бир нерсе болсо эле уурусу да, башкасы да мени куугунтуктап жатат деп чыга келишет. Эми бул иш тергелди, терроризм тууралуу сөз болуп жатат. Террорчуларды каржылаган, мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып тагылып жатат. Ал “Жаштар өкмөтү” дегенди түзгөнү менен, ошол иши үчүн куугунтуктагандай мамлекетке ошондой эле чоң коркунуч келтирди беле? Андан катуу сүйлөгөндөр деле эч нерсе болбой эле жүрбөйбү. Бирөөгө мыйзам буздуң десе эле мени куугунтуктап жатат деп айтып чыккан бизде салт сыяктуу эле болуп калды. Кунакуновдун саясий ишмердүүлүгү үчүн куугунтукталып жатканына мен чынында ишенбейм.

Максат Кунакунов 2007-2010-жылдары ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ага чейин, 2005-жылы “Либералдуу-прогрессивдүү” жаштар партиясын түптөгөн.

2010-жылы бийлик күч менен алмашкандан кийин эки-үч жылдай дээрлик көмүскөдө жүргөн. Кунакунов саясатка 2014-жылдан тарта активдүү аралаша баштаган. Ошол жылы “Жаштар өкмөтү” деген кыймыл түзүп, региондорду кыдырып, Бишкекте куруптай өткөргөнгө да жетишкен. Анда бийликти кескин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган:

- Кайсы гана бийлик болбосун биздин оозубузду тыя алган эмес. Азыркы бийлик да андай кыла албайт. Биз жер-жерлерди кыдырабыз. Канчалык тоскоолдук жасалса да биз баары бир алдыга жылабыз. “Жаштар өкмөтү”, "Жаңы муун" 20 жылдан бери келаткан саясатчыларды биз жок кылабыз. Бирөө оппозиция, бирөө позиция болот, кайра орун алмашат, биз ушундай көрүнүштөн тажадык. Биз жаштар биригип туруп Кыргызстанды баары бир оңдойбуз.

Максат Кунакунов 2015-жылы 20-июлда "Манас" аба майданында чет өлкөгө кеткени жатканда камакка алынган. Экс-депутатка андан төрт күн мурда Бишкекте атайын операция менен жок кылынган террорчулар менен байланышы болгон жана аларды каржылаган, курал-жарак менен камсыздаган, аларды банктарды жана айрым адамдарды карактоого шыкактаган деген айып тагылган.

Атайын операцияда төрт адам өлтүрүлүп, дагы жетөө колго түшкөн. Арасында ошол топтун ана башы делген казак жараны Жанбулат Амиров, кримчөйрөдө “Тоха” деген каймана ат менен таанымал Тариел Жумагулов болгон.

Абайла, адалсынган террорчу (Ыңгайсыз суроолор, 27-июнь, 2016)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG