Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Парламент абактагы абалды талкуулады


Кыргызстандын түрмөлөрүндө 9 күндөн бери уланып жаткан ачкачылык акциясы өлкөдөгү негизги маселе бойдон калууда.

25-январда түштөн кийин Жогорку Кеңеш Жаза аткаруу кызматындагы абалды талкууга алып, ал кооптуу чекке жеткенин айтышты. Түрмө жетекчилери болсо абактагылардын саясий жана кылмыштуу талаптарын аткарууга негиз жоктугун айтышууда.

Ачкачылык кармап, оозун төөнөгөндөр

25-январга карата түрмөлөрдө ачкачылык кармагандардын саны 6680 адамды түздү. Ал эми тамактан баш тарткандыгын тастыктап, оозун төөнөп алгандардын саны бул күнгө карата 1365 адамга жетти. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова:

- Ачкачылыкты 6680 адам кармап жатат. Ал эми оозун тигип алгандардын саны 1365 адамга жетти. Төрт абакта гана кармаган жок, калганынын баарында эле ачкачылык кармап жатышат.

Жаза аткаруу мекемеси №1 тергөө абагындагы бир камерадагылар ачкачылыкты токтотуп, тамактана баштаганын кошумчалады.

Укук коргоочулар, парламент депутаттары түрмөлөрдөгү абалды коркунучтуу чекке жетти деп баалап жатышат. 25-январда бул маселени талкууга алган депутаттар ачкачылыкты тезинен токтотуу маселесин көтөрүштү. “Республика” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов:

- Бардыгынын ата-энеси, бала-чакасы бар. Алар үйлөрүндө тынчсызданып жатышат. "Атам тирүү келеби, мөөнөтүн өтөп балам келеби" деп күтүп жатышат. Бул азыр Кыргызстандагы чоң трагедия болууда. Ушул абал 5 мүнөттө, же 1 сатта токтойбу, бизге айтышсын.

Абактагылардын талаптары

25-январда түшкө чейин №1 тергөө абагын кыдырып чыккан акыйкатчы Турсунбек Акун абактагылардын талаптарын ачыктады. Акундун айтымында, абактагылар Жаза аткаруу кызматы бир тараптуу жана жалган маалымат берип жатат деп нааразы болушууда.

- Ачкачылык кармап жаткандар аны далилдеш үчүн оозун тигип алышты. Алар "Байзаковдун сөзүн төгүндөйбүз" деп, “абактагылар туугандары алып келген тамактарды жеп жатат” деп айтканына нааразы болушууда. "Байзаков мындай маалыматтарды берип, жалган айтпаш керек, ошондо биз ачкачылыкты токтотобуз" деп жатышат.

Акыйкатчынын билдиришинче, абактагылар 16-январда Бишкектеги №1 тергөө абагында болгон окуянын калыс иликтенишин, уруп-сабоолордун мындан кийин кайталанбашын талап кылышкан. Жаза аткаруу кызматына караштуу абактардын биринде жазасын өтөп жаткан Султан аттуу мындай дейт:

- №1 тергөө абагында кызматкерлер тарабынан кандай тартипсиздик болгонун өзүңөр көрдүңөр. Ошол жерде ким күнөөлүү болсо, ага чара көрүшсүн. Бизге башка эч нерсенин кереги жок.

"Азаттык": Мисалы, кандай учурда ачкачылыкты токтотот элеңер?

- №1 тергөө абагындагы окуяда бир адам каза болду. Ошого күнөөлүү жоопко тартылса, ачкачылыктын баары токтойт. Анткени дайыма уруп-согуп, жазаланбай көнүп калышкан.

"Азаттык": Ал эми тамак-аш, кийим кече жана башка маселелер боюнча нааразычылыктар барбы?

- Жок, башка нерселер боюнча сөз кылган жокпуз. Болгону кызматкерлер тарабынан болгон тартипсиздикти токтотушсун.

Генералдар Байзаковду колдоп чыкты

Ушул эле күнү күч түзүмдөрүнүн генералдары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун жасап аткан иштерин колдоого чакырып, абактардагы көрүнүш криминал менен мамлекеттин тиреши катары сыпатташты. Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев бул күрөштө Байзаковду колдоого чакырды.

- Президент, өкмөт баш болуп, "коррупцияны жойобуз, криминал жана кылмыштуулук менен күрөшөбүз" деп жатат. Ошол күрөштү бүгүн биринчи Байзаков баштады. Бирок ал көпчүлүккө жакпай, бут тосуп жатышат.

№1 тергөө абагындагы өзгөчө камера (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
№1 тергөө абагындагы өзгөчө камера (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Ал эми Жаза аткаруу кызматынын жетекчилери абактагылар буга чейин ачык болуп, 16-январда жабылган айрым камераларды кайрадан ачууну талап кылып жатышкандыгын, бирок криминалдык топтор менен кызматташуу болбой тургандыгын так кесе билдиришти.

№1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбековдун айтымында, абактардагы кырдаалды жөнөкөй жарандар эмес, кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери курчутууда.

- Булар "№1 тергөө абагындагы бир эле камераны ачып бергиле, биздин төбөлдөр ары-бери кенен басып жүрсүн" деп талап кылышууда. Эгерде мен бүгүн бир камераны ачып койсом, бир аптадан кийин экинчи камера ачылып, бир айдан кийин мурдагыдай эле көрүнүш кайталанат. Бирок биз буга жол бербейбиз, бир да камера ачылбайт. Мен ал жерде жетекчи болуп турганда бир да камера ачылбайт жана бир да адамга криминалдар үстөмдүк кылбайт. Мунун баарын токтоттук.

Ушул эле күнү өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун буйругу менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын орун басарлары Нурлан Орозалиев менен Калыбек Качкыналиев кызматтарынан бошотулду.

Ал эми Куанышбек Кенебаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Калмурат Байтолоев төраганын орун басары, Эсенбек Жумакадыров төраганын дагы бир орун басары, мекеменин алдындагы Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвоирлөө боюнча департаментинин жетекчиси болуп дайындалды.

XS
SM
MD
LG