Түзүлгөнүнө 25 жылга чукулдаган, эл арасында алгач ОМОН, андан кийин СОБР деген ат менен таанымал атайын отряддын бир топ кызматкерлери мындай биригүүдөн улам ишсиз калганын айтып чыкты.
Министрлик болсо бири-бирин кайталаган түзүмдөр жоюлуп, кыскартуу болуп жатканын бышыктады.
Адистер жетекчилик эң ириде иш билги, бир канча жылдан бери атайын даярдыктан өткөн кадрларды сактап калышы керектигин айтууда.
Милициянын Ыкчам чара көрүү атайын отрядынын атын атабоону өтүнгөн кызматкери “Шумкар” атайын багыттагы бөлүккө бириккенден бери ондогон кесиптештери менен ишсиз отурганын “Азаттыкка” айтып берди. Ал атайын операцияларга катышууга, опурталдуу кылмышкерлерди кармоого даярданган, бир канча жылдан бери машыгуудан өткөн кызматкерлер азыр көчөдө кортеж өткөн жолду кайтарып калганына нааразы:
- Бизди атайын багыттагы бөлүккө кошуп койду. Алар көчөнүн боюнда, чоңдордун кортежи өтчү жолду кайтарып жөн эле турушат. Бизди кыскартып, арабыздан тандап алып эки жакка чачыратып, "кааласаңар иштегиле, иштебесеңер койгула" деп коюшту, жумушубуздун баш-аягы жок. Беш жүз баланын төрт жүзүн нөөмөт милициясына кошуп салышты. Ал жакка кошулганда офицерлер курамы кыскарып жатат. Азыр жумушубуз жок, эч нерсе кыла албай эле отурабыз. Бизди түздөн-түз Ички иштер министрлигине каратып койгон. ИИМдин каягына барарыбызды билбейбиз. Ар кимиси ар кайсы жакка түртүп эле эч ким жооп бербей жатат. “Шумкар” дегендер ошол көчөдө тургандар. Биз мурун ОМОН эмес белек.
ОМОН деген ат менен таанымал өзгөчө багыттагы милициянын отряды 2006-жылы Ыкчам чара көрүү атайын отряды, башкача айтканда СОБР болуп түзүлгөн эле. Аскерлештирилген бул бөлүк милициянын бардык аймактык башкармалыктарында болгон.
Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов оптималдаштыруу жараянына ылайык бул отряд “Шумкар” менен бириккенин жана офицерлер курамы кыскарып жатканын “Азаттыкка” бышыктады:
- Эми мындан ары атайын полк бирөө эле болот. Атайын отряд анын ичинде болот. Эгер чукул кырдаал жаралып калса эки командир болбой, бир эле командир болуп бирөө эле башкарып, ошол эле жоопкерчиликти алгандай кылып эки структураны коштук. Офицердик курам көбүрөөк экен, ошону кыскартып жатабыз. Алар эле эмес, ИИМдин борбордук аппаратында 200гө чукул адам кыскарып жатат. Негизи бардык кызматтар кыскарып жатат.
ИИМ “Шумкар” деп аталган атайын даярдыктагы бөлүктү мындан эки жыл мурун түзгөн. Негизги себеби катары аталган министрликтин алдындагы ички аскерлердин Генералдык штабга өтүшү аталган. Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү милиция нааразылык акцияларды күч менен басууга камынып жатат деп чочулашкан.
Мелис Турганбаев ички иштер министри болуп турганда “Шумкарга” өзгөчө көңүл бурган, атайын жайлар курулган. Атайын багыттагы бул бөлүк бардык аймактарга бөлүштүрүлүп жайгаштырып жаткан. Быйыл жыл башында бөлүктүн эки жылдыгы белгиленгенде өзгөчө көңүл буруу уланарын айткан болчу:
- Атайын полктун кызматкерлери коомдук тартипти сактоо боюнча бардык тапшырмаларды так жана сапаттуу аткара алды. Биз аларга бардык шарттарды түзүп бердик жана көңүл буруу уланат. Борбордук аппараттын имараты Кыргызстандагы эң мыкты базалардын бири болуп саналат. Биз бул полк үчүн Ош менен Балыкчы шаарына имарат салып бердик, кызматкерлерге батир бердик. Баткенде да мыкты заманбап имарат ишке берилет.
Тасмада: Милициянын "шумкарлары"
Анткен менен милицияда каруу-билеги жоон кызматкерлерден турган өзүнчө атайын отряд керек деп эсептегендер көп. Эксперт Кайрат Осмоналиевдин баамында, оптималдаштыруу учурунда эң ириде иш билги кадрларды сактап калуу керек:
- Мындай отряддар сөзсүз керек. ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш, Кылмыш-иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери опурталдуу кылмышкерлерди кармоого барганда инструкция боюнча СОБР кошо коштоп барат жана сөзсүз пайдаланылат. Негизи булар убактысынын 99 пайызын даярдыкка, машыгууга жумшашы керек. Коргоо кеңешинин жыйынында СОБР өңдүү атайын багыттагы отряддардын ишин талдап чыгып, сунуш даярдоо боюнча тапшырма берилген. Бирок татаал машыгуулардан өткөн, мыкты керектүү адистерди жоготуп албашыбыз керек.
Мындай максаттагы бөлүктөр ИИМден сырткары УКМК менен Башкы штабда да бар.
Былтыр күзүндө Бишкектен абактан качкан адамдарды кармоо операциясында ИИМдин Ыкчам чара көрүү атайын отрядынын бир кызматкери окко учкан эле.