Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

Муфтият мындан ары жума күндөрү иштебейт


Борбордук мечиттеги жума намаз, 2010-жылдын 24-июлу.
Борбордук мечиттеги жума намаз, 2010-жылдын 24-июлу.

Кыргызстандын дин башкармалыгынын жаңы чечимине ылайык, муфтият кызматкерлери жаңы жылдан тарта жума күндөрү иштебейт.

Муфтияттын жүйөөсү боюнча, бул күнү молдолор жума намазды сапаттуу өткөрүүгө, ислам жол-жоболорун терең түшүндүрүүгө даярданат. Бир катар талдоочулар муфтияттын мындай кадамы мамлекеттин мыйзамдуу иш ыргагына, окуу жараянына тескери таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн айтууда.

"Казанчынын өз эркиби?"

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Чубак ажы Жалилов уламалар кеңешинин мындай чечиминин себебин чечмелеп берди. Анын айтымында, жума намазына жыгылган мусулмандар арасында үгүт-насаат иштерин сапаттуу жүргүзүү иретинде ушул кадамга барышкан. Муфтияттын токтомуна ылайык, жума күндөгү иш күнү ишембиге которулду.

Муфтий Чубак ажы Жалилов

- Өлкөбүздө ушундай кыйын кырдаал болгондо хутба астындагы маселелер так, даана, илимий негизде айтылууга кажет эле, адамдарды биримдикке, ынтымакка үндөгөнгө. Имамдар да эл алдына чыкканда жоопкерчилигин сезип, кайсы бир деңгээлде туура даярданып, билбеген маселелерин билгендерден жогорку деңгээлдеги уламалардан сурап даярдануу үчүн ушундай чечимге келдик. Түштүктө, башка көпчүлүк жерде көптөгөн жагымсыз окуялар болуп кетти. Себеби динди туура эмес түшүнгөндүктөн. Диндин классикалык көркөм-дөөлөттөрүн түшүнбөстөн ар кандай жерден диндин атын жамынган агымдардын сөзүн уккан окуялар болуп кетти. Ошондуктан бул да молдолордун иш-чарасын күчөтүп жаткан аракетибиз.

Муфтияттын токтомун момун мусулмандар кубаттоо менен кабыл алып жатканы айтылууда. Юрист, укуктук маселелер боюнча талдоочу Данияр Нарынбаев диний уюмдар мамлекеттен тышкары болгондуктан, өздөрүнө ылайык чечимдерди кабыл алууга укуктуу.

Данияр Нарынбаев

- Алардын өздөрүнүн укугу бар. Бирок ошол эле учурда динге баш ийген адамдар мамлекеттик кызматта болсо аны чечиш керек. Себеби дин – мамлекеттик башкарууга аралашпайт. Бул ачык Конституцияда жазылып турат, ошол эле учурда биз динди сыйлайбыз. Биз дин менен тил табышып иштегенге умтулуп, максат кылышыбыз керек.

Ош мамлекеттик университттин окутуучусу, этнограф Абдымитал Мырзакметов бул чечимдин аркасы менен муфтият өз таасирин күчөтүүдө деп эсептейт.

- Ушул нерсе бийликтин кабыл алышына жараша болот. Акыркы кезде ушул маселени күчөтүп жатат. Эгер ошондой болсо биз жаңы жылды деле тоспой эле мусулман жыл эсеби боюнча жашайлы.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар жума намызына баруу үчүн эки саат тыныгуу алууну суранышкан. Ошол себептүү парламенттин кеңейтилген жыйынын жума эмес, аптанын башка күнүнө жылдыруу демилгесин айрым депутаттар көтөрүүдө. Азыркы регламент боюнча Жогорку Кеңештин отуруму бейшемби жана жума күндөрү болушу керек.

Жума намаз шылтообу?

Талдочу Аскарбек Мамбеталиев момун мусулмандар биз да шарият жолуна түшөбүз деп, жума күнү ишке чыкпай коюшу ыктымалдыгын белгилейт. Аскар мырзанын пикиринде, бул айрыкча мамлекеттин мыйзамдуу иш ыргагына терс таасир этиши ыктымал.

Аскарбек Мамбеталиев

- Бул эми мусулмандардын ыйык күнү да. Аны болбойт деп айткан туура эмес го. Бирок бизде экинчи маселе бар. Кээде студенттер жума намазга барам деп уруксат сурап калат. Жооп бербей койсоң таарынат, жаман көрөт. Ушундай кээде жолтоо болуп калат экен, шылтоо кылышат. Мен студенттерге "намазга барсаң сенин, анан Кудайдын иши, аны таңуулаба, унчукпай бара бер. Мен сени жок деп жазып коём. Барбасаң окушуң керек" дейм. Бизде деле ушундай маселе болуп атат. Мындан коом, мамлекет жабыр тартып калышы ыктымал.

Ал ортодо Чубак ажы Жалилов келечекте муфтияттын карамагындагы бардык мекемелерге ушундай тартип киргизилиши ыктымалдыгын белгилейт. Бирок ал күндөрү жооптуу адам муфтиятта отурат. Азырынча бул Бишкек шаарында, муфтияттын өзүндө колдонулат. Расмий бийлик муфтияттын бул кадамына өз турумун билдире элек.

XS
SM
MD
LG