Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Отунбаева: Бектурдун эмгеги чоң эле...


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 20-февралда абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчы Бектур Асанов менен жолугуп, ал-абалын сурап чыкты.

Роза Отунбаева Бектур Асановдун саламаттыгы, оппозициячыларга карата сот чечимдери тууралуу “Азаттык” радиосуна маек курду.

“Азаттык”: "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен 2016-жылдан бери камакта отурган саясатчы Бектур Асановдун абалынан кабар алып чыктыңыз. Анын алгач "кургак ачкачылык" кармап, акыркы күндөрү суу иче баштаганы айтылды эле. Ушул тапта ден соолугу кандай болуп калыптыр?

Роза Отунбаева: Бектур Асанов өзү жакшы көрүнгөн менен ден соолугу начар эле. Мен барганда мага “тамак ичпегенибизге 22 күн болду” деп айтты. Өзү духу бекем, “мен бекеммин” дегендей түр көрсөттү. Бирок мен тааныган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров сыяктуу жигиттердин саламаттыгы начарлап келатканы жүрөктү оорутту.

Абакта ачкачылык акциясын кармап жаткандар: Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров.
Абакта ачкачылык акциясын кармап жаткандар: Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров.

Биздин демократия жолубузда Бектур Асановдун ролу өзгөчө жогору. Бектур Акаевдин заманында жаш депутат болчу. Кийин 2004-2005-жылы оппозициялык кыймылдын ичинде аны менен бирге иштешип калдык. Эсимде, 2005-жылы 5-мартта Жалал-Абад облустук администрациясынын жанында Өмүрбек Текебаев, Дооронбек Садырбаев болуп барганбыз. Ошол жерде Бектур миңдеген адамдарды башкарып туруптур. Жалал-Абад анда ошол кездеги бийликке каршы чыккан эле.

Бектур Асанов 2010-жылы Жалал-Абадга губернатор болбодубу. Бакиевдин уясынан оппозициянын көз карашын кубаттаган Бектурдан башка эч ким табылбады да. Эсибизде бар, көчөдөгү ар кандай адамдардан таяк жеп, ошентип Жалал-Абадды бекем кармап берген. Абдан оор мезгилде ошол жерде иштеди эле. Бектурдун демократияга кошкон салымын өтө жогору баалайм. Азыркы бийликте отургандардын бирөө да Бектурдун эмгегине тете боло албайт.

"Азаттык": Быйыл 7-февралда Бишкек шаардык соту "бийликти басып алуу аракети" менен айыпталган Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылдан, Эрнест Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Жараяндардын жабык өтүшү туура болдубу?

Роза Отунбаева: Бишкек шаардык соту буларсыз эле чечим чыгарып коюптур. Мындай мыйзамсыздык биздин 26 жылдык тарыхыбызда болгон эмес. Бизди кашайтып отурган азыркы соттордун ишмердүүлүгү. Сот системасы чирип калганын какшап айтып келатабыз. Азыр алар Ак үйдүн бир бөлүгү болуп калганын ар бир адам түшүнөт. Кыргызстан Орто Азиядагы эң демократиялуу өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат дегенге биз ушул күндөрү уттуруп жатабыз. Өтө уттуруп жатабыз.

Мына, жаныбыздагы Өзбекстанды карап койгула. Кечээ күнү эле силер берген программада Бухарада өзбек президенти Шавкат Мирзиёев эмне деген сөздөрдү айтпады? "Бир эле УКМКга берген ыйгарым укуктар, өкмөттөн тартып алган укуктар өлкөгө карата чыккынчылык" дебедиби. Мынча ыйгарым укукту аларга ким берди, ким ошолорго погон такты? Алар болсо элдин, ишкерлердин сазайын колуна карматып аткан экен. Ушунун баарын жаныбыздагы Мирзиёев айтып жатат. Алар террорчулукка, "Хизб-ут-Тахрир" уюмуна мүчө деп камалган миңдеген кишилерди түрмөдөн чыгарып жаткан кезде биз журналисттерди камап, сотко берип жатабыз. Бектур Асановдой келечектүү саясатчыларды камап отурабыз. Ошончолук күнөөсү болсо сотторду эмнеге ачык өткөрүшпөйт? Биз да күнөөсү эмнеде экенин угалы. Жабык сот болбошу керек. Коомго тиешелүү маселелердин баары ачык сотто каралышы керек деген бекем оюм бар.

"Азаттык": Сиздин баамыңызда, мындай көрүнүштөрдүн аягы кандай болушу мүмкүн?

Роза Отунбаева: Дагы бир жолу айтып кетерим, биз жакында Өзбекстандан артта кала тургандайбыз. Ушул жол менен кете берсек, автократия деген өнүгүп-өсүп, биротоло бышып, бизди курутат окшойт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG